Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 14-майындагы № 489-VIII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 2357-VII токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
комитеттеринин карамагындагы МАСЕЛЕЛЕР
1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет:
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук:
- Конституция (өзгөртүүлөр);
- административдик-аймактык түзүлүштүн негиздери;
- мамлекеттик символика;
- мамлекеттик тилди пайдалануунун укуктук негиздери;
- референдум;
- өзгөчө абал;
- согуш абалы;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары, аларды кабыл алуу жана расмий жарыялоо тартиби;
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;
- Элдик Курултайдын ишин уюштуруу жана анын тартиби;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин уюштуруу жана анын тартиби;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишин уюштуруу жана анын тартиби;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жана анын тартиби;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат;
- юстиция органдарынын иши;
- нотариат;
- мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам;
- адвокатура жана адвокаттык иш;
- коммерциялык эмес уюмдар;
- кесиптик бирликтерди түзүүнүн укуктук негиздери;
- саясий партиялар;
- мамлекеттик сыйлыктар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акылары жана ардак наамдары;
Прокуратура органдарынын тутуму жана ишинин уюштурулушу Мыйзамдуулукту камсыз кылуу:
- кылмыш-жаза иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо чараларын колдонууда мыйзамдарды сактоо;
- аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышы.
2. Адамдын жана жарандын укуктары боюнча мыйзамдардын конституциялык негиздери:
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулар;
- тынч чогулуштар;
- саясий репрессияларга кабылган адамдарды реабилитациялоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
- Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ишин уюштуруу жана анын тартиби;
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишин уюштуруу жана анын тартиби.
3. Сот-укуктук маселелер боюнча мыйзамдар:
- соттук тутум жана аны реформалоо;
- соттордун ишин жана уюштурууну жөнгө салуу;
- Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин ишин жөнгө салуу;
- кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар (сот өндүрүшү жагынан);
- жарандык мыйзамдар (негиздер);
- жарандык-процесстик мыйзамдар;
- административдик, административдик-процесстик мыйзамдар;
- укук бузуулар жөнүндө мыйзамдар (сот өндүрүшү жагынан);
- аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө мыйзамдар;
- мунапыс;
- сот адилеттигин ишке ашыруу жана соттук түзүлүш маселелери менен түз же кыйыр байланышкан мыйзамдар;
- соттук-эксперттик иш.
4. Депутаттык этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын этикасы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин маселелери:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын органдарынын ишин жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин контролдоо функциялары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби.
5. Отчетторду, баяндамаларды жана маалыматтарды угуу:
- Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Башкы прокурордун ар жылдык отчету;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасы;
- Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы жөнүндө Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык жана атайын баяндамалары;
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун анын иши жөнүндө ар жылдык баяндамалары жана өткөн жыл үчүн финансылык отчету;
- Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн айрым маселелер боюнча маалыматтарын угуу.
6. Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоо, бекитүү, дайындоого же кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү үчүн сунуш кылынган талапкерлерди алдын ала кароо:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, анын орун басарларынын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жана бошотуу;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун төрагаларын дайындоого жана бошотууга макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун судьяларын кызмат ордунан убактылуу четтетүү;
- Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана бошотуу;
- Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарларын шайлоо жана бошотуу;
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунун Координациялык кеңешинин курамына шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен талапкерлерди кароо, аларды мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу.
7. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруу мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору жана өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
8. Комитеттин карамагындагы маселелерге ылайык Жогорку Кенеш ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбооруна макулдук берүү, эл аралык келишимдерди (макулдашууларды) ратификациялоо жана денонсациялоо маселелерин кароо.
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
2. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Эл аралык мыйзамдар:
- эл аралык келишимдер;
- эл аралык келишимдерди ратификациялоо, аларга кошулуу жана бекитүү;
- эл аралык келишимдердин анык эместиги, күчүн убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу);
- Жогорку Кеңеш ратификациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлорун алдын-ала кароо;
- мамлекеттер аралык программалар;
- эл аралык коомдук укук;
- эл аралык жеке укук;
- эл аралык жана чет өлкөлүк укукту колдонуу.
2. Тышкы саясат, эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык байланыштар жөнүндө:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясы;
- дипломатиялык мамилелерди түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштарды киргизүү;
- чет мамлекеттер;
- чет мамлекеттерге ноталар, кайрылуулар;
- дипломатиялык кызмат;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (элчиликтери), Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлчүлүктөрү, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери (башкы консулдук, консулдук, вице-консулдук же консулдук агенттик);
- жарандык маселелери, чет өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандыгы бар этникалык кыргыздардын жана мекендештердин жарандыгына байланыштуу маселелер боюнча;
- эл аралык саясий кызматташтык;
- эл аралык экономикалык кызматташтык;
- эл аралык аскер-техникалык кызматташтык;
- эл аралык маданий-гуманитардык кызматташтык;
- эл аралык жана парламенттер аралык делегациялар;
- Кыргыз Республикасында эл аралык жана парламенттер аралык делегацияларды кабыл алуу;
- чек арага жакын жердеги кызматташтык;
- Кыргыз Республикасынын парламенттик делегацияларынын башка өлкөлөргө визиттери;
- эл аралык жана чет өлкөлүк, анын ичинде парламенттер аралык уюмдар (КМШПА, ЖККУПА, ОБСЕПА, ПАСЕ, ТүркПА ж.б.);
- эл аралык уюмдардагы мүчөлүк төгүмдөр;
- мамлекеттик протокол;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чет мамлекеттер менен кызматташтык боюнча достук топтору;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындоого макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилерин, Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлдөрүн жана Кыргыз Республикасынын башкы консулдарын дайындоого макулдук берүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык жана башка тышкы байланыштарын координациялоо;
- мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин аткарылышын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышынын маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын отчетторун угуу;
- эл аралык келишимдерди түзүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу.
3. Коргоо жөнүндө:
- коргоонун жалпы маселелери;
- коргоону башкаруу;
- Куралдуу Күчтөр. Аскердик түзүлүштөр. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн түзүмү;
- аскер кызматы;
- күжүрмөн даярдык;
- чек ара кызматы жана анын органдары;
- согуш мезгили, согуш абалы;
- мобилизациялык даярдык жана мобилизация;
- жарандык коргонуу;
- Куралдуу Күчтөрдүн жарандык персоналы;
- куралдар жана аскер техникасы;
- коргоо өнөр жайы;
- аскер илими;
- аскер кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо;
- өлкөнүн коргонуусун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, аскердик түзүлүштөрүн колдонуу тартиби;
- коргоо жана коопсуздук жаатындагы илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштер;
- аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо, жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо;
- аскердик прокуратура органдары жана жазаларды аткаруу кызматтары (аскердик кызмат өтөө маселелери боюнча);
- аскер кызматынын ардагерлеринин жана майыптарынын уюмдарынын иши;
- ЖККУ, ШКУ жана КМШга катышкан мамлекеттердин жамааттык коопсуздугу.
4. Улуттук коопсуздук жөнүндө:
- саясий, экономикалык, аскердик, диний, экологиялык, энергетикалык, санитардык-эпидемиологиялык жана коомдук коопсуздук;
- терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, террористтик кол салуулардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу;
- жашыруундуулук режими, мамлекеттик жана аскердик сыр;
- чалгындоо жана контрчалгындоо;
- коргоо өнөр жайынын объекттеринин, транспорттун, байланыштын, каржылык-кредиттик тутумдун жана башка маанилүү эл чарба объекттеринин коопсуздугу;
- темир жол жана аба транспортунда атайын ташуулардын коопсуздугу;
- массалык тартипсиздиктерди, улуттар аралык кагылышууларды жана маанилүү эл чарбалык жана аскердик объекттердеги өзгөчө окуялардын алдын алуу, аларга бөгөт коюу жана чектөө;
- калкты жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу;
- мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жогорку органдарын, ошондой эле кызмат адамдарын кайтаруу;
- Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, анын чек араларынын коопсуздугун камсыз кылуу;
- маалыматтык коопсуздук (мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматты коргоо, жеке маалыматтарды коргоо, адамдын маалыматтык-психологиялык коопсуздугу).
5. Миграция:
- чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын адамынын жана жаранынын конституциялык укуктарын коргоо, укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттин чегинен тышка чыгуусу жагынан тышкы миграция жана тышкы эмгек миграциясы;
- чет өлкөдөгү мекендештер жана алардын бирикмелери;
- чет өлкөдө жайгашкан этностук кыргыздар жана чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер.
6. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору жана өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету.
Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
3. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Айыл чарбасын жана агрардык-өнөр жай комплекстерин өнүктүрүү жөнүндө мыйзамдар:
- айылды социалдык өнүктүрүү
- айыл чарбасын башкаруу (органдардын тутуму, функциялары);
- азык-түлүк коопсуздугу;
- айыл чарбасындагы ишкердик иш;
- жамааттык чарба;
- дыйкан (фермердик) чарбалары;
- дыйкан (фермердик) чарбаларынын бирикмелери;
- жеке көмөкчү чарбалар;
- акционердик коомдор жана айыл чарбасындагы кооперация;
- агрардык-өнөр жай комплекстери, комбинаттар, кайра иштетүү өнөр жайы;
- айыл чарбасында ижара;
- өсүмдүк өстүрүү;
- дан чарбасы;
- багбанчылык;
- тоют чарбасы;
- жашылча өстүрүү;
- мал чарбачылыгы;
- бакчачылык
- айбанаттар чарбасы;
- канаттуулар чарбасы;
- балчылык;
- балык чарбасы;
- ветеринардык жана зоотехникалык чаралар;
- айыл чарбасындагы механизация жана агрономия;
- өсүмдүк өстүрүүдөгү жана мал чарбачылыгындагы карантиндик кызмат;
- айыл чарба продукциясын даярдоо жана сатуу;
- себүү, түшүм жыйноо жана башка айыл чарба жумуштары;
- айыл чарба өндүрүмүнө келишимдик жана сатып алуу баалары;
- кыйыштыруу (асылдандыруу), тажрыйба чарбалары;
- органикалык өндүрүш;
- асыл тукум мал чарбасы;
- агрардык илими;
- айыл чарба чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана макулдашуулар.
1-1. Мал чарбачылыгы жана асыл тукум иштери жөнүндө:
- жылкы чарбасы (анын ичинде сүт, эт-сүт жана эт, чарбалык жана спорттук);
- кой чарбасы (анын ичинде уяң жүндүү, жарым уяң жүндүү, жарым кылчык жүндүү, кылчык жүндүү, май куйруктуу, эт, эт-жүн, ошондой эле тон);
- эчки чарбасы (анын ичинде эт, мамык жана жүн);
- коён чарбасы (анын ичинде эт, иштетилбеген чылгый тери);
- мех чарбасы (анын ичинде мех, иштетилбеген чылгый тери);
- иттерди багуу (анын ичинде кызматтык, спорттук, аңчылык жана үй чарбасы);
- төө чарбасы (анын ичинде сүт жана эт, мамык, чарбалык);
- жибек чарбасы (анын ичинде тыт чарбасы);
- бодо мал чарбасы (анын ичинде сүт мал чарбасы, сүт-эт мал чарбасы жана эт мал чарбасы);
- асыл тукум мал чарбасы (анын ичинде асыл тукум малды тандоо, ылгоо, илимий изилдөөлөр, борборлор).
- чочко чарбасы (бекон, эт, майлуу жана жарым майлуу чочко чарбасы;
- кой чарбасы.
1-2. Канаттуулар чарбасы жөнүндө:
- канаттуулар чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү маселелер;
- канаттуулар чарбасы (эт, жумуртка, эт-жумуртка);
- канаттуулардын породаларын өстүрүү жана асылдандыруу;
- өнөр жай канаттуулар чарбасы;
- үй канаттуулар чарбасы;
- канаттуулар фабрикасынын шартында жумуртка өндүрүүнүн технологиялары;
- тоюттар жана даярдоо пункттарынын тармагын кармоо.
1-3. Аквакультура жана балык чарбасы жөнүндө мыйзамдар:
- балыктарды жасалма жол менен көбөйтүүнү жана багып чоңойтууну башкаруу;
- өнөр жайлык балык чарбасы;
- жасалма көлмө, көлмө, бассейнде балык өстүрүү чарбасы;
- калкты сапаттуу балык өндүрүмү менен камсыз кылуу;
- чакан жана орто балык уулоо чарбасын жана балык багып чоңойтуу чарбасын өнүктүрүү;
- жаңы сапаттуу балык чарба продуктулары;
- үйдө аквариум чарбачылыгы.
1-4. Ветеринария, диагностика, жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө мыйзамдар:
- ветеринария тутумундагы башкаруу органдары;
- ветеринария тутумунун органдарын каржылоо;
- жеке, приваттык жана коомдук ветеринария;
- ветеринардык мекемелер;
- дарылоо иши;
- ветеринардык диагностика жана алдын алуу;
- ветеринардык фармацевтика;
- ветеринардык биотехнология;
- эпидемиология, вирусология, паразитология, гельминтология ж.б.;
- мамлекеттик жана жеке ветеринардык клиникалар;
- ветеринардык палата жана практикалык ветеринардык дарыгерлердин ассоциациялары;
- ветеринардык-фитосанитардык жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (базарлар, чек аралар, эс алуу зоналары ж.б.).
1-5. Агроөндүрүштүк процесстери жана агротехнологиялар жана техника жөнүндө:
- агроинженерия жана агроэнергетика чөйрөсүндө объекттерди, комбинаттарды башкаруу, чийки заттарды кайра иштетүү жана ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы маселелер;
- техникалык тутумдарды өндүрүштүн жаңы шарттарында ишке киргизүүгө ыңгайлаштыруу жаатындагы маселелер;
- өндүрүштө үзгүлтүксүз иш процессин камсыз кылуу үчүн жабдуулардын жумушчу түйүндөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү жаатындагы башкаруу, машиналарды техникалык тейлөө;
- жаңы айгротехнологияларды жана техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү чөйрөсүндөгү маселелер;
- түзүлгөн өндүрүмдүн сапатын контролдоо, калдыктарын жок кылуу;
- айыл чарба машиналарын текшерүүнү башкаруу, жаңы машиналарды жана жабдууларды колдонуунун натыйжалуулугун жана максатка ылайыктуулугун аныктоо;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган өндүрүмдү өндүрүү, кайра иштетүү жана сактоо үчүн жабдуулар чөйрөсүндө башкаруу;
- айыл чарба өндүрүмүн ташуу маселелери;
- айыл чарба машиналарын жана жабдууларды лизингге берүү;
- бардык айыл чарба процесстерин жабдуу, энергия менен камсыздоо, суу менен камсыздоо жана газ менен камсыздоо;
- айыл чарба продукциясын алгачкы кайра иштетүү үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо технологиялык процесстин параметрлерине, өндүрүмдүн сапатына жана аткарылуучу жумуштарга өндүрүштүк контролду жүзөгө ашыруу;
- айыл чарба өндүрүмүн сактоо жана кайра иштетүү үчүн машиналардын жана жабдуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди уюштуруу жана контролдоо ;
- айыл чарба өндүрүмүн сактоонун жана кайра иштетүүнүн технологиялык процесстерин долбоорлоо жаатында башкаруу жана контролдоо;
- айыл чарба калдыктарын жок кылуу үчүн комплекстер.
2. Жер, айыл чарба жерлери жана жайыттар жөнүндө мыйзамдар:
- жерди пайдалануу жана коргоо жаатында башкаруу;
- агрардык-жер реформасы;
- айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду;
- мамлекеттик жер кадастры жана жер фондунун жерлеринин категориялары;
- жерге жайгаштыруу жана жерлерди мамлекеттик каттоо (электрондук);
- пайдалануунун бардык категорияларындагы жерлерди коргоо;
- жерди пайдаланууну мамлекеттик контролдоо;
- жайыттар жана башкаруу, жайыт ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- республиканын жер мыйзамдарын жакшыртуу.
3. Суу жөнүндө мыйзамдар:
3-1. Ирригация тармактары, сугат суу жана тамчылатып сугаруу жөнүндө:
- сугат суусу менен камсыз кылуу жана пайдалануу жаатындагы маселелер;
- мамлекеттер аралык, республикалык, ички чарбалык ирригациялык тармактар;
- ирригациялык фонд;
- дренаждык жана суу бөлүштүрүүчү тармактар;
- сугат суунун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламенттерди сактоо;
- сугат сууга уруксат берүү тутуму, ирригациялык тармактарды өткөрүү;
- сугат иштеринин сапаты жана өз убагында жүргүзүлүшү;
- калкты сугат суу менен жабдуу камсыз кылуу;
- сугат сууну анын максаттуу багытына ылайык пайдалануу;
- ирригациялык тармактар жана селди буруу;
- суу сактагычтар, плотиналар, каналдар, шлюздар, дамбалар;
- суу ресурстарына менчик жана башка укуктар, суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА);
- сууну пайдалануу, сууну пайдалануунун түрлөрү, ирригациялык жана гидрокурулмалар;
- суу ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу, суу кадастры;
- Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын, объекттерин жана курулуштарын мамлекеттер аралык пайдалануу;
- калктуу пункттарда сугат сууну каржылоого карата эл аралык келишимдер (ратификациялар);
- өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсык, суу менен жабдуу булактарында суунун булганышынын кооптуу деңгээлин табуу ж.б.) чарбалык сугат суу менен камсыздоо тутумдарын эксплуатациялоо жөнүндө чечимдердин стандарттарынын талаптарын контролдоо жана сактоо;
- сугат суулары жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын контролдоо.
3-2. Суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу жөнүндө:
- суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу;
- суу ресурстарын коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- булактар, дарыялар, көлдөр жана мөңгүлөр;
- суу сактагычтар, плотиндер, каналдар, шлюздар, дамбалар;
- сууну пайдалануу, сууну пайдалануу түрлөрү. Ирригациялык жана гидрокурулмалар;
- суу ресурстарын коргоо;
- ичүүчү суу менен жабдуу булактарын кайтаруу жана өндүрүштүк агынды сууларды агызып чыгаруунун тартиби;
- суу объектилерин эксплуатациялоо;
- суу ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу. Суу кадастры;
- сууну пайдалануу боюнча талаш-тартыштарды чечүү;
- Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын, курулуштарын жана объекттерин мамлекеттер аралык пайдалануу.
3-3. Ичүүчү суу жөнүндө:
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу;
- ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламенттердин сакталышы;
- суу менен камсыздоого уруксат берүү тутуму;
- ичүүчү сууну бөтөлкөлөргө куюунун, ташуунун сапаты, стандарттары жана эрежелери;
- калкты ичүүчү суу менен камсыздоо;
- ичүүчү сууну анын максаттуу багытына ылайык пайдалануу;
- суу менен камсыздоо тармактары, суу бөлүүштүрүү;
- калктуу конуштарда ичүүчү суу менен каржылоо бөлүгүндө эл аралык келишимдер (ратификациялар);
- чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын эксплуатациялоо жөнүндө чечимдердин стандарттарынын талаптарын контролдоо жана сактоо;
- ичүүчү суу жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын контролдоо.
3-4. Тазалоочу курулмалар жана суу агындылары жөнүндө:
- канализациялык тазалоочу курулмалардын жана суу агындыларынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент;
- канализациялык тазалоочу курулмалардын жана суу агындыларын камсыз кылуу жана пайдалануу жаатындагы башкаруу;
- канализациялык тазалоочу курулмалардын жана суу агындыларынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентти сактоо;
- канализациялык тазалоочу курулмаларга жана суу агындыларына уруксат берүү тутуму;
- канализациялык тазалоочу курулмалардын жана суу агындыларынын сапаты, стандарттары жана эрежелери;
- калктуу конуштардын канализациялык тазалоочу курулмалары жана суу агындылары;
- канализациялык тазалоочу курулмаларды жана суу агындыларын алардын максаттуу багытына ылайык пайдалануу;
- канализациялык тармактар, суу бөлүштүрүү;
- канализациялык тазалоочу курулмалардын тутумдарын жана суу агындыларын эксплуатациялоо жөнүндө чечимдердин стандарттарынын талаптарын контролдоо жана сактоо;
- канализациялык тазалоочу курулмалар жана суу агындылары жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын контролдоо.
3-5. Өнөр жайды суу менен камсыз кылуу:
- өнөр жайын чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо;
- өнөр жайын чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоону контролдоо;
- суу менен камсыздоо тутумдарын эксплуатациялоо жөнүндө чечимдердин стандарттарынын талаптарын контролдоо жана сактоо;
- өнөр жайлык максаттар үчүн сууну пайдалануу жөнүндө талаштарды чечүү;
- өнөр жайлык максаттар үчүн суу объекттерин эксплуатациялоо.
4. Айлана-чөйрөнү коргоо (экология) жөнүндө мыйзамдар:
4-1. Токойлорду коргоо, токой чарбасы жана аларды пайдалануу, жаңгак өстүрүү жөнүндө:
- азыркы жана келечек муундардын кызыкчылыгында биосферанын эң маанилүү компоненти катары токойлорду туура пайдаланууну жана сактоону уюштуруу;
- токойду пайдалануу (ижара) жана сактоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу;
- токой чарбалары;
- улуттук парктар жана коруктар;
- зоопарктар (геопарктар, дендропарктар, скайпарктар);
- жаңгак өстүрүү;
- жайыттар жана чабындылар;
- токой ресурстарын жана токой фондунун жерлерин туура пайдалануу;
- токойлорду рекреациялык жана башка атайын максаттарда пайдаланууну уюштуруу;
- токойдун коргоочулук жана биологиялык жөнгө салуучулук функцияларын сактоо;
- биосферанын эң маанилүү компоненти токой;
- өнөр жайлык жыгач даярдоону өнүктүрүү үчүн негизги сырьелук база токой;
- мал чарбачылыгын тоют менен камсыз кылууну кеңейтүү үчүн пайдаланылуучу токой фондунун ресурстары, чабындылар жана жайыттар;
- токойлорду өрттөн, зыянкечтерден жана илдеттерден натыйжалуу коргоо;
- токойлорду коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу;
- токойлорду коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- токойдун коргоо жана биорегулятордук функцияларын сактоо;
- токойду пайдалануу жана токойду пайдалануунун түрлөрү;
- токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо жана сактоо;
- токойлорду өрттөн, зыянкечтерден жана илдеттерден натыйжалуу коргоо;
- токой пайдалануудагы талаш-тартыштарды чечүү.
4-2. Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө:
- жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу жана контролдоо;
- жаныбарлар дүйнөсүнө менчик жана башка укуктар;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрү;
- аңчылык жана мергенчилик чарбасын жүргүзүү;
- лицензиялоо, тарифтер жана тарифтик маселелер;
- балык камдарын коргоо жана балык уулоону жана балык багып чоңойтууну жөнгө салуу;
- жаныбарларды мамлекеттик эсепке алуу;
- жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы талаштарды чечүү.
4-3. Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө:
- өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы башкаруу;
- өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине менчик жана башка укуктар;
- өсүмдүктөр дүйнөсүн пайдалануу жана анын түрлөрү;
- дары чөптөр;
- лицензиялар жана тарифтер;
- өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жаатындагы талаштарды чечүү.
4-4. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу жөнүндө:
- айлана-чөйрөнү коргоо органдары;
- курчап турган жаратылыш чөйрөсүн ченемдөө жана сапаты, жаратылышты пайдалануу субъекттеринин укуктары жана милдеттери;
- ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди куруу, пайдалануу учурундагы шаар куруу ишиндеги экологиялык талаптар;
- жаратылыш ресурстарын коргоо;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана объекттери;
- жаратылыш корук фонду (коруктар, корукчалар, улуттук парктар);
- табигый дарылоо ресурстары;
- курорттук жана рекреациялык жерлер;
- көмүлгөн радиоактивдүү калдыктарга экологиялык контроль;
- экологиялык мониторинг (экологиялык жана техникалык коопсуздук);
- экологиялык жана эпидемиологиялык коопсуздук;
- айлана-чөйрөнү коргоого мамлекеттик, коомдук жана өндүрүштүк контроль;
- мамлекеттик экологиялык экспертиза;
- курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө мониторинг жүргүзүү тутуму;
- жаратылыш чөйрөсүн коргоо механизмдери жана жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
4-5. Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө:
- атмосфераны булгануудан, радиациялык, жылуулук жана башка зыяндуу таасирлердин түрлөрүнөн коргоо;
- атмосфералык абанын абалына мониторинг жүргүзүү;
- атмосфералык абаны коргоону контролдоо;
- озон катмарын коргоо.
5. Регионалдык өнүктүрүү жөнүндө маселелер:
- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү жаатында;
- жергиликтүү жамааттарды ичүүчү суу менен камсыздоо жаатында;
- калктуу конуштарда канализациялык тазалоо курулмаларын жана суу агындыларын өнүктүрүү;
- калктуу конуштардагы ичүүчү сууну жана канализациялык тазалоочу курулмаларды жана суу агындыларын каржылоо боюнча эл аралык келишимдер (ратификациялар);
- калктуу конуштарды өнүктүрүү үчүн инвестициялар жана гранттар жаатында;
- мүлккө муниципалдык менчик;
- региондордо айыл чарбасын артыкчылыктуу өнүктүрүүнү эске алган жагымдуу инвестиция алып келүү боюнча шарттарды түзүү маселелери;
- мыйзамдардын тиешелүү ченемдеринин аткарылышын контролдоо;
- тиешелүү аймакты өнүктүрүү максатында эл аралык уюмдар менен кызматташуу жаатында;
- жер мыйзамдары жаатында региондорду өнүктүрүү;
- суу мыйзамдары жаатында региондорду өнүктүрүү;
- айыл чарба жаатында региондорду өнүктүрүү;
- жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты пайдаланууну коргоо жаатында региондорду өнүктүрүү;
- жер кадастры жагынан чек ара, бийик тоолуу, жетүүгө кыйын болгон, алыскы аймактардын маселелери.
6. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору жана өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету.
7. Эл аралык макулдашууларды ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө тиешелүү маселелерди кароо, ратификациялоо жана денонсациялоо боюнча эл аралык макулдашуулардын долбоорлоруна макулдук берүү..
8. Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
4. Социалдык саясат боюнча комитет:
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдар:
- мамлекеттик социалдык камсыздандырууну жана мамлекеттик социалдык камсыздоону уюштуруу жана башкаруу;
- камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтик саясаты;
- пенсиялык камсыздоо;
- пенсиялык камсыздоонун жалпы маселелери (аскер жана укук коргоо органдарынын кызматчыларынан тышкары);
- пенсияларды төлөө (пенсияларды төлөө каражаттары, төлөө тартиби ж.б.);
- пенсиялар:
- жаш курагы боюнча (эмгек пенсиялары);
- майыптыгы боюнча;
- баккан адамынан ажырагандыгы боюнча;
- жөлөк пулдар:
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөк пулдар;
- социалдык жөлөк пулдар;
- убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча;
- жумушсуздук боюнча;
- расымдык үрп адат кызматы (сөөк коюу);
- жеңилдиктер жана компенсациялар:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жеңилдиктер;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктер;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга жеңилдиктер жана компенсациялар;
- социалдык коргоого муктаж болгон жарандардын башка категорияларына жеңилдиктер;
- улгайган курактагы жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан тейлөө;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК). Майыптыкты аныктоо.
2. Үй-бүлө маселелери жөнүндө:
-медициналык жактан аталыкты аныктоо (ДНК);
-камкорчулук менен көзөмөлчүлүк жана “энеликти, аталыкты жана балалыкты коргоо”;
-улуттук жана эл аралык бала (кыз) асырап алуу;
-үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо (турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана алардын ата-энелерин аныктоо).
3. Эмгек маселелери жөнүндө
4. Иш менен камсыз кылуу жана миграция жаатындагы маселелер жөнүндө:
- калктын иш менен камсыз болуусу;
- жумушсуздар (статус, жөлөк пул, иш стажы);
- эмгек миграциясы (ички мигранттарды социалдык жана эмгек мамилелери бөлүгүндө коргоо);
- “кайрылмандарды” социалдык жактан колдоо.
5. Гендер маселелери жөнүндө:
- коомдук мамилелердин ар кандай чөйрөлөрүндөгү гендердик теңчиликтин негиздери;
- социалдык гендердик жөнгө салуу жөнүндө.
6. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык коргоо маселелери жөнүндө:
- үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча алдын алуу;
- социалдык, медициналык, психологиялык, агартуучулук, маалыматтык чаралар тутуму.
7. Коомдук саламаттык сактоо жана жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери жөнүндө:
- саламаттык сактоо тутумундагы уюмдар (менчигинин түрүнө карабастан);
- медициналык камсыздандыруу;
- оорунун оордук даражасын аныктоо бөлүгүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК);
- медициналык күбөлөндүрүү жана констатациялоо бөлүгүндөгү соттук медициналык экспертиза;
- санаториялык-курорттук дарылоо (эс алуу үйлөрү, санаториялар, эс алуу зоналары ж.б.) ден соолукту чыңдоо, реабилитациялоо жана калыбына келтирүүчү бөлүгүндө дарылоо;
- мамлекеттик жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн медициналык көчүрмө.
8. Билим берүү маселелери жөнүндө:
- мектепке чейинки билим берүү;
- мектепке чейинки даярдоо программасы;
- башталгыч жалпы билим берүү;
- негизги жалпы билим берүү;
- орто жалпы билим берүү;
- балдарга кошумча билим берүү;
- кесиптик башталгыч билим берүү;
- кесиптик орто билим берүү;
- кесиптик жогорку билим берүү;
- жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү;
- кесиптик кошумча билим берүү;
- чоңдор үчүн кошумча билим берүү.
9. Илим жөнүндө маселелер:
- Улуттук илимдер академиясы;
- Улуттук аттестациялык комиссия;
- илимий жана илимий-техникалык уюмдар;
- технологиялык парктар.
10. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселелери жөнүндө
11. Маданият жана көркөм өнөр маселелери жөнүндө:
- элдик көркөм кол өнөрчүлүк;
- көркөм адабият, кинематография, көркөм сүрөт өнөрү;
- китепкана фонду жана китепкана иши;
- басма иши;
- музей фонду;
- маданий-агартуу мекемелери;
- театралдык уюмдар;
- тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо жана пайдалануу.
12. Маалыматтык саясат маселелери жөнүндө:
- массалык маалыматты таратуу;
- маалымат чөйрөсүнүн субъекттери;
- басылма ЖМКлардын иши;
- теле-жана радио аркылуу берүү;
- социалдык жарнама;
- анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо.
13. Дин маселелери жөнүндө:
- диний уюмдар жана бирикмелер. Конфессиялар аралык мамилелер;
- жаштар арасында диний экстремизмге каршы алдын алуу боюнча.
14. Дене тарбия жана спорт маселелери жөнүндө:
- улуттук спорттун түрлөрү;
- олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдолимпиадалык кыймылдар.
15. Жаштар маселелери жөнүндө:
16. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруу мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору жана өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет.
Комитеттин карамагына кирген маселелерге ылайык Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлоруна макулдук берүү, эл аралык келишимдерди (макулдашууларды) ратификациялоо жана денонсациялоо маселелерин кароо.
Комитеттин карамагындагы маселелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн маалыматтарын угуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
5. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Отун-энергетикалык комплексиндеги иш, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты жөнүндө мыйзамдар:
- акционердик коомдор жөнүндө (комитеттин карамагындагы маселелер бөлүгүндө);
- чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө (комитеттин карамагындагы маселелер бөлүгүндө);
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (комитеттин карамагындагы маселелер бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө;
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө;
- тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (комитеттин карамагындагы маселелер бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө;
- техникалык жөнгө салуу.
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жөнүндө (комитеттин карамагындагы маселелер бөлүгүндө);
- энергетика жөнүндө;
- электр энергетикасы жөнүндө;
- энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө;
- энергияны үнөмдөө жөнүндө;
- жер казынасы жөнүндө;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө;
- парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө;
- жер казынасын пайдаланууда өндүрүмдү бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө;
- Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө;
- өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө;
- Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент;
- күрөө жөнүндө (жер казынасын пайдалануу укугуна күрөө жана лицензияларды өткөрүп берүү бөлүгүндө).
2. Өнөр жай чөйрөсүндө:
- өнөр жайды уюштуруунун жана башкаруунун жалпы маселелери;
- өнөр жай өндүрүшүндөгү инновациялык жана инвестициялык саясат;
- атаандаштыкка кудуреттүүлүк жана атаандаштык жаатындагы саясат;
- өнөр жайлык экология, өнөр жай калдыктары, кайра пайдалануучу чийки зат;
- өнөр жай тармактарындагы патенттер, стандартташтыруу, метрология;
- өнөр жайдагы монополияга каршы саясат;
- өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы экологиялык коопсуздуктун талаптары;
- калдыктар менен иштөө учурундагы талаптар;
- калдыктар менен иштөөнү нормалоо, мамлекеттик эсепке алуу жана экономикалык жөнгө салуу;
- калдыктарга менчик укугу жана алар менен болгон бүтүмдөр;
- металлургия жана химиялык-металлургия өнөр жайы;
- машина куруу;
- химия өнөр жайы;
- электрондук өнөр жай;
- тигүү өнөр жайы;
- текстиль жана трикотаж өнөр жайы;
- булгаары-бут кийим жана жүндүү тери өнөр жайы;
- курулуш материалдарын өндүрүү;
- эмеректерди өндүрүү;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган өндүрүмдү өндүрүү жана жүгүртүү.
3. Энергетика чөйрөсүндө:
- жылуулук- жана гидроэнергетика;
- мамлекеттик программалар;
- энергияны үнөмдөө;
- энергия ресурстарын натыйжалуу пайдалануу;
- энергетика өнөр жайы;
- отундун альтернативдүү түрлөрүн өнүктүрүү;
- энергетикадагы жана газ тармагындагы тарифтик саясат;
- энергетика тармагындагы инновациялык жана инвестициялык саясат;
- энергия ресурстарын экспорттоо, импорттоо;
- лицензиялоо иши;
- табигый монополиялар чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик контроль;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ишти камсыз кылуу жана анын принциптери;
-парник газдарынын эмиссияларын жана жутулуштарын эсепке алуу жана контролдоо.
4. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө:
- жер казынасын коргоонун жана пайдалануунун жалпы маселелери;
- жер казынасын пайдалануудагы инвестициялык жана инновациялык саясат;
- жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо;
- экология маселелери, тоо-кен өнөр жайынын калдыктары, кайра пайдалануучу чийки зат.
- жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары;
- жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү тартиби;
- жер казынасын пайдалануучулар;
- жер казынасын пайдалануучулардын милдеттери;
- жер казынасын пайдалануучулардын жана жер укугуна ээлик кылуучулардын мамилелери;
- жер казынасын пайдаланууну мамлекеттик жөнгө салуу;
- талаштарды чечүү жана жер казынасы жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик;
- өндүрүмдү бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуу;
- жер казынасын пайдаланууда өндүрүмдү бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар жана анын тараптары;
- жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууларды түзүү жана аткаруу;
- продукцияны бөлүштүрүү шарттарында жер казынасынын участкаларын пайдалануу;
- товардык продукцияга болгон инвестордун менчик укугу;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө коопсуздукту камсыз кылуу;
- калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын мамлекеттик эсепке алуу;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө жаатындагы юридикалык жактардын, жарандардын жана коомдук бирикмелердин укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;
- уран жана торий кендери чыккан жерлерди геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштери жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу
- жаратылыш ресурстарын пайдаланууда экологиялык коопсуздуктун талаптары.
5. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору жана өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
6. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдар:
- автомобиль транспорту:
автотранспорт ишканалары;
жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспорту;
транспорттун адистештирилген түрлөрү;
калкты транспорттук тейлөө (автобекеттер, автостанциялар жана автопавильондор);
автосервис;
жүк жана жүргүнчү темир жол станциялары, бекеттер, локомотивдик жана вагондук деполор;
транспорттогу тарифтер, жыйымдар жана жеңилдиктер;
- темир жол транспорту:
темир жолдорду жана кошулма жолдорду куруу;
- суу транспорту:
порттор, пристандар, причалдар, өткөөлдөр;
пароходчулук;
суу транспортунун коопсуздугу;
- аба транспорту:
аэродромдор, аэропорттор;
аба мейкиндиги;
аба кемелери;
жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн жана почтаны аба аркылуу ташуу;
аба кыймылын тейлөө;
авиация ишканалары;
авиациялык коопсуздук;
учуулардын коопсуздугу;
- автотранспорт каражаттарына, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, тракторлорго укуктарды каттоо, кайра каттоо;
- айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү;
- айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү:
жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу:
жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;
транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутууну (кайра окутууну) камсыз кылуучу автомектептердин ишин лицензиялоо.
2. Автомобиль жолдору чөйрөсүндө:
- автомобиль жолдорун, жол курулмаларын куруу, оңдоп-түзөө жана карап-күтүү;
- автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо;
- жол фонду;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;
- автомобиль жолдорун курууга жана реабилитациялоого инвестициялар.
3. Коммуникациялар чөйрөсүндө:
- электр жана почта байланышы;
- почта жана фельдъегер кызматы;
- санариптик теле көрсөтүүлөр жана радио берүүлөр;
- теле көрсөтүү жана радио уктуруу уюмдары;
- инженердик тармактардын, транспорттук курулмалардын жана коммуникациялардын тутуму;
- байланыштын спутниктик, интернеттик жана башка түрлөрү;
- маалыматтык технологиялар;
- электрондук башкаруу;
- санариптик мейкиндик, анын инфратүзүмү жана жөнгө салынышы;
- персоналдык мүнөздөгү маалыматтар;
- электрондук кол тамга;
- электрондук эсептөө машиналары жана маалымат базалары үчүн программалар;
- Жогорку технологиялар паркы;
- радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо.
4. Архитектура жана курулуш чөйрөсүндө:
- жарандык жана өнөр жайлык курулуш;
- курулушка инвестициялык долбоорлор;
- курулуш объекттерин пландаштыруу;
- имараттарды жана курулмаларды кайра пландаштыруу жана алардын багытталышын өзгөртүү;
- ченемдик документтер;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш;
- курулуш чөйрөсүндөгү техникалык жөнгө салуу;
- объекттерди реконструкциялоо жана капиталдык оңдоп-түзөө;
- шаар куруу жана архитектура;
- архитектура-курулуш көзөмөлү;
- баа коюу жана тарифтик саясат;
- шаар куруу программалары;
- калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу;
- социалдык жана маданий объекттерди куруу;
- курулушка уруксат берүүчү документтер;
- мамлекеттик жана жеке менчик экспертизалар;
- жеке турак жай имаратын куруу;
- имараттардын, курулмалардын жана калктуу конуштардын инженердик тармактары;
- бүткөн курулуш объекттерин эксплуатацияга киргизүү.
5. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө:
- кыймылсыз мүлктүн кадастры;
- кыймылсыз мүлктүн чектери;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү каттоо.
5-1. Архив фонду жана архив иши жөнүндө:
- архив иши жаатындагы мамлекеттик саясат;
- архив ишин мамлекеттик башкаруу;
- архив иши жаатындагы уюмдар жана мекемелер;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду.
6. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруу мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору жана өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету.
7. Комитеттин карамагындагы маселелерге ылайык Жогорку Кенеш ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбооруна макулдук берүү, эл аралык келишимдерди (макулдашууларды) ратификациялоо маселелерин кароо.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
7. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Экономикалык өнүгүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар:
- каралып жаткан мезгилдерге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу;
- экономика тармактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик, мамлекеттер аралык программалары жана концепциялары;
- макроэкономикалык саясат;
- финансалык ыкмаларды колдонуу менен экономикалык процесстерди жөнгө салуу жана стимулдаштыруу (чарбалык субъекттерди субсидиялоо, чарба жүргүзүүчү субъектерге бюджеттик каражаттарды берүү (гранттар, субсиядиялар, бюджеттик насыялар, инвестициялар, мамлекеттик кепилдиктер, мамлекеттик жана муниципалдык заказдар), илимий-техниканын жетишкендиктерин материалдык жактан кызыктыруу;
- инвестициялар, тышкы экономикалык иш жана соода маселелери:
мамлекеттик жана жеке инвестициялык долбоорлордун программалары;
тышкы жана ички инвестициялар;
инновациялык иш;
инвесторлорду жана инвестицияларды мамлекеттик колдоо;
комитеттин карамагындагы маселелерге ылайык Жогорку Кеңеш ратификациялоого же деносациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлоруна макулдук берүү, эл аралык келишимдер ратификациялоо жана денонсациялоо маселелери;
- тышкы жана ички соода;
- экспорттук контроль;
- атайын коргоо, демпингдик, антидемпингдик, компенсациялык чаралар;
- “жашыл” экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жана адаптациялоо;
- экономиканын байкалбаган (көмүскө) секторун азайтуу маселелери;
- мамлекеттик жана материалдык резерв;
- адал индрустияны өнүктүрүү.
2. Бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө мыйзамдар:
- бюджеттик жөнгө салуунун негизги принциптери;
- кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруу мезгилине бюджеттик саясаттын программасы;
- мамлекеттик жана республикалык бюджет жана жакынкы жылдарга болжолдоо;
- мамлекеттик органдардын чыгымдары;
- сот бийлигинин жана укук коргоо органдарынын чыгымдары;
- бюджеттин тартыштыгы, аны жабуунун ички жана тышкы булактары.
1) Бюджеттер аралык мамилелерди бюджеттик жөнгө салуу.
2) Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонддору.
3) Бюджеттик кредиттөө.
4) Резервдик жана бюджеттен тышкаркы фонддор.
5) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери.
6) Казыналык маселелери,
7) Бюджеттик классификация.
8) Мамлекеттик заказ.
9) Мамлекеттик сатып алуулар маселелери.
10) Республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет.
11) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчет.
12) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчет.
13) Эл аралык мамилелердеги финансылык саясат.
14) Мамлекеттик статистика.
15) Мамлекеттик карыз, тышкы жана ички каржылоонун булактары жөнүндө:
- мамлекеттик баалуу кагаздар;
- эл аралык кредиттик макулдашуулар жана бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды жана пайыздарды төлөөнү жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра түзүмдөштүрүү;
- Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуризациялоо.
3. Эсептөө палатасынын аудитин кошуп алганда, аудитордук иш жөнүндө мыйзамдар:
- аудитордук иш;
- ички аудит;
- көз карандысыз аудит.
4. Экономиканын тармактары боюнча мыйзамдар:
- турак жай экономикасы;
- туризмди өнүктүрүү маселелери;
- чакан жана орто бизнести өнүктүрүү маселелери;
- финансылык ижаранын (лизингдин) маселелери;
- эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү маселелери;
- кумар оюндары жана лотереялык иш;
- акционердик коомдор, ишканалар жана ишкердик иш жөнүндө мыйзамдар:
- ишкердиктин субъекттерин каттоо жана жоюу;
- ишкердик субъекттерин текшерүү маселелери;
- мамлекеттик жана жеке менчик. Концессия жана концессиялык ишканалар;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк;
- чарба жүргүзүү укугу. Ыкчам жана ишенимдүү башкаруу укугу;
- банкроттук;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу, менчиктештирүү жана улуттташтыруу маселелери;
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери;
- метрология, стандартташтыруу, сертификаттоо жана техникалык жөнгө салуу;
- өндүрүмдүн сапаты;
- баалуу кагаздар;
- кымбат баалуу металлдар жана таштар;
- лицензиялык саясат;
- корпоративдик башкаруу;
- монополияга каршы саясат, атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү;
- баа түзүү жана бухгалтердик эсепке алуу маселелери;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо.
5. Салыктар жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү;
Салык салуу маселелери:
- финансылык ижарага (лизинг);
- эркин экономикалык зоналарга;
- банкрот болгон учурда;
- жер казынасына;
- жогорку технологиялар паркы;
- технологиялык парктар;
- кайрымдуулук иши жана меценаттык;
- салыктык карыздын жана аны кайра түзүмдөштүрүүнүн маселелери;
- контролдук-кассалык машиналарды колдонуунун маселелери;
- товарларды маркалоо;
- букмекердик иш жана лотерея (салык салуунун өзгөчөлүктөрү);
- инвестициялар (салык салуунун өзгөчөлүгү);
- концессиялар жана концессиялык ишканалар (салык салуунун өзгөчөлүгү);
- экономикалык мунапыс маселелери;
- салыктык жана бажылык мыйзамдар чөйрөсүндөгү укук бузууларга жоопкерчилик, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилиги;
- салыктык жана бажылык милдеттенмелерге тийиштүү бөлүгүндө жарандык жана жарандык-процессуалдык мыйзамдар;
- салыктык маселелерди камтыган мамлекеттер аралык макулдашуулар (кош салык салуу жана кирешеге жана капиталга салыктарды төлөөдөн качууну четтетүү; товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды алуу принциптери.
6. Бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар:
- тышкы соода ишин тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу;
- бажылык төлөмдөр;
- ДСУнун жана ЕАЭБдин ченемдерин колдонуу;
- тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы;
- салыктык жана бажылык маселелерди камтыган мамлекеттер аралык макулдашуулар;
- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ордун которуу;
7. Банктык жана банктык эмес иш жөнүндө мыйзамдар:
- Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө маселелер;
- фонд биржасынын маселелери;
- күрөө;
- банктык аудит;
- баалуу кагаздар рыногонун маселелери;
- банктарды консервациялоо, жоюу жана кудуретсиздиги;
- кредиттик бирликтер жана микрофинансылык уюмдар;
- банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо;
- камсыздандыруу маселелери;
- кепилдик фонддор;
- ипотекалык кредиттөө;
- ломбарддардын иши;
- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери;
8. Комитет тарабынан каралуучу жылдык отчеттор:
- республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин жылдык отчёту;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын;
- Эсептөө палатасынын төрагасынын;
- республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышынын аудиттери жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасы;
- өзгөчө маанилүү же шашылыш маселелер боюнча Эсептөө палатасынын атайын отчеттору;
- Комитеттин карамагындагы маселелер боюнча мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын отчеттору;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдардын катышуусу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын каражаттарды пайдаланышынын натыйжалуулугунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчеттору жана мыйзамдарга ылайык аудит жөнүндө башка отчеттор.
9. Комитеттин башка ыйгарым укуктары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын талапкерлигин шайлоо үчүн кароо; мыйзамда каралган учурларда аны кызмат ордунан бошотуу;
- Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн талапкерлигин шайлоо үчүн кароо; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотуу;
- Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудитин жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудиторду дайындоо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тышкы аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмду бекитүү;
- “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө талапкерлерди шайлоону кароо;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмга макулдук берүү.
10. Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.
8. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет:
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген төмөнкүдөй маселелерди даярдоо жана алдын-ала кароо:
1. Укук коргоо органдарынын (ички иштер органдары; улуттук коопсуздук органдары (тергөө бөлүгүндө) кылмыштуулук менен күрөшүү, бөлүгүндөгү иши жөнүндө мыйзамдар; жазаларды аткаруу кызматы; бажы кызматы; финансылык чалгындоо кызматы; прокуратура органдары.
2. Коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү:
- кылмыш-жаза мыйзамдары;
- кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар (тергөө бөлүгүндө);
- жазык-аткаруу мыйзамдары;
- пробация органынын иши жөнүндө мыйзамдар;
- коомдук коопсуздук;
- жарандарды жана коомду кылмыштуу кол салуулардан коргоо;
- уюмдашкан, улуттар аралык кылмыштуулукка, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, экстремизмге жана контрабандага каршы күрөшүү;
- укук бузуулар жөнүндө мыйзамдар (укук тартиби боюнча блок);
- жол кыймылынын коопсуздугу;
- куралдарды жана ок-дарыларды, атайын каражаттарды жүгүртүүнү, сактоону, пайдаланууну жөнгө салуу;
- күзөт иши жөнүндө мыйзамдар;
- кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө мыйзамдар.
3. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө укук коргоо, фискалдык жана башка борбордук органдардын иши жөнүндө мыйзамдар:
- ички иштер органдары;
- улуттук коопсуздук органдары;
- прокуратура органдары;
- бажы кызматы;
- салык кызматы;
- финансылык чалгындоо кызматы;
- аудитордук иш:
- ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар.
4. Укук коргоо органдарынын кызматчыларын пенсиялык камсыздоо, жарандык персоналды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо.
5. Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдар:
- коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин укуктук регламенттөөнү камсыздоо;
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программалар;
- коррупцияны болтурбоо жаатында мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо;
- мамлекеттик, укук коргоо, фискалдык жана финансы-кредиттик түзүмдөрдө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу;
- коррупциялык механизмдердин болушу жагынан мыйзам долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык.
6. Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Башкы прокурордун жылдык отчетун, ошондой эле комитеттин карамагындагы маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтарын угуу.
7. Комитеттин карамагына кирген маселелерге ылайык Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга же денонсацияланууга тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу, эл аралык келишимдерди (макулдашууларды) ратификациялоо жана денонсациялоо маселелерин кароо.
8. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору жана өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету.
9. Жогорку Кеңештин чечими боюнча Комитеттин карамагына башка маселелер да киргизилиши мүмкүн.