Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-декабры № 20
Токтогул шаарынын мэриясына юристтин кызматын сатып алуу үчүн каражат бөлүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.12.2018-жылдагы № 594 токтому менен бекитилген “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартибинин 4,7,9,11-пункттарына ылайык, юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 15.12.2022-жылдагы № 01-17-743 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.
Туруктуу комиссиянын чечимин, башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 15.12.2022-жылдагы №01.-17-743 сунушу боюнча жогоруда аталган туруктуу комиссиясынын чечими колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. 2023-жылдын январь айынан иш баштоо зарылчылыгына байланыштуу, Токтогул шаардык мэриясына юристтин кызматы үчүн, 2022-жылдын аягына чейин конкурс берүүгө, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 420,0 миң сом акча каражаты жумшалсын.
3. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.С.Белеков |