Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 594
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартибин жана квалификациялуу юридикалык жардамды алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 23-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
2-тиркеме
Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастаган документтердин ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Доогерлер, жоопкерлер, шектелгендер, айыпталуучулар, соттолуучулар, соттолгондор, акталгандар, жабыркагандар, жашы жете элек күбөлөр үчүн:
- адамдын доогер, жоопкер, шектелген, айыпталуучу, соттолуучу, соттолгон, акталган, жабыркаган, жашы жете элек күбө катары аныкталганы жөнүндө жазыктык куугунтуктоо органдарынын же сот органынын чечиминин көчүрмөсү;
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү - жашы жете элек күбөлөр үчүн;
- Бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү, аталган декларация жок болгон учурда, акыркы он эки айдын ичинде жасаган төлөмдөрү жөнүндөгү салык органдарынан документтин көчүрмөсү;
- акыркы он эки айдын ичинде жасаган төлөмдөрү жөнүндө социалдык фонддун органдарынан маалымкат;
- эгерде арыз берүүчү/алуучу пенсия менен камсыздалууга укугу жок болсо социалдык коргоо органдарынан маалымкат.
2. Кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендер үчүн:
1) кармалган учурларда:
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- кармоо токтомунун көчүрмөсү;
2) шектелгендиги тууралуу кабарлоо учурларында:
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- шектенгендиги тууралуу кабарламанын көчүрмөсү.
3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кылмыш жана (же) жоруктарды жасады деп айыпталгандар үчүн:
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- айыптоочу актынын көчүрмөсү.
5. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн:
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- майыптыгынын тобун аныктоо жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун көчүрмөсү.
7. Психикалык оору менен жабыркаган адамдар үчүн:
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- медициналык корутундунун көчүрмөсү.
8. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ага теңдештирилген адамдар үчүн:
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун, майыбынын же аларга теңдештирилген адамдын күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
9. Көрсөтүлүүчү жардам алардын кызыкчылыгында болгон жашы жете электерге, көрсөтүлүүчү жардам жашы жете элек балдарынын кызыкчылыгында болгон ата энелерге (камкорчуларга, көзөмөлчүлөргө):
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- камкорчулар/көзөмөлчүлөр үчүн - жашы жете элек балага камкорчу/көзөмөлчү кылып дайындоо жөнүндө сот органдарынын чечиминин көчүрмөсү.
10. Жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелер үчүн:
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- жашы жете элек баланы атасыз тарбиялап жаткандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ата-энелик укуктан ажыратылгандыгы тууралуу сот органдарынын чечими ж.б.).
11. Жашы жете элек баланы/балдарды энесиз тарбиялап жаткан адамдар үчүн - балдардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын камсыз кылууга байланыштуу маселелер боюнча:
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- жашы жете элек баланы энесиз тарбиялап жаткандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ата-энелик укуктан ажыратылгандыгы тууралуу сот органдарынын чечими ж.б.).
12. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткандар үчүн:
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- аскер бөлүгүндөгү жеке курамдын тизмесине каттап жазуу жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсү.
13. Мамлекеттик үй-интернаттарында жашаган карылар үчүн:
- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;
- мамлекеттик үй-интернаттарында жашагандыгын ырастаган маалымкат.