Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 15-октябры № 642-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
1. 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 642-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Ушул Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы миграция чөйрөсүндөгү негизги маселелерди жөнгө салууга жана өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга, атап айтканда, статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Азербайжан Республикасында болушуна байланыштуу келип чыккан маселелер боюнча оперативдүү өз ара аракеттенүү үчүн шарттарды түзүүгө, эмгек мигранттарынын (Кыргыз Республикасынын жарандарынын) маселелери боюнча маалымат алмашууну тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен 2024-жылдын 17-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети менен 2024-жылдын 18-апрелинде макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 178-т тескемеси менен жактырылган.