Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2022-жылдын 28-апрели № 6/9
Кызмат көрсөтүү боюнча жоболорду бекитүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын USAIDдин “Ийгиликтүү аймак-2” долбоорунун алкагында иштелип чыгарылган Жоболорду бекитип берүү сунушун карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү Жобо бекитилсин жана ушул жобонун 1.2.- жана 1.3.-бөлүмдөрүнүн талаптарына ылайык топту түзүү боюнча иш аракеттер айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2.Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натый- жалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндөгү Жобо бекитилсин жана ушул жобонун 5-бөлүгүнүн 2-, 3- жана 4-бөлүмчөлөрүнүн талааптарына ылайык Жумушчу комиссиянын курамын түзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин жана ущул жобонун 6- жана 7-бөлүмдөрүнүн талаптарына ылайык конкурстук комиссиянын курамын түзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Түзүлгөн комиссиялардын мүчөлөрүнө өздөрүнүн ишмердүлүгүн жүргүзүүдө жогоруда көрсөтүлгөн жоболордун талаптарын жана шарттарын толук сактоо менен ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылышсын.
5.USAIDдин “Ийгиликтүү аймак-2” долбоорунун алкагында Сары-Колот айылдык аймагында артыкчылыктуу кызматтардын тизмесин аныктоо жана тандалып алынган артыкчылыктуу кызматтардын ишин жакшыртуу максатында төмөндөгүдөй курамда консультативдик кеңеш түзүлсүн:
- Молдоев Нургазы– айылдык кеңештин төрагасы, кеңештин төрагасы,
- Акматова Апизакан – айылдык кеңештин катчысы, кеңештин катчысы,
- Какиева Таттыбүбү - айылдык кеңештин депутаты, кеңештин мүчөсү,
- Осмонов Максатбек - айылдык кеңештин депутаты, кеңештин мүчөсү,
- Абабакиров Токтомуш – айылдык кеңештин депутаты, кеңештин мүчөсү,
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |