Загрузка документа…
| Сары-Колот айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 6/9 токтому менен бекитилген |
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин
натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу Топ жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу Топ жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Сары-Колот айылдык аймагындагы Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу Топтун (мындан ары – Топ) ишинин максаттарын, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, аны түзүү тартибин, ошондой эле Топтун ишин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.
5. Топ Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу туруктуу иштеген коомдук координациялык кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
6. Өз ишинде Топ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жергиликтүү жамааттын Уставын, ошондой эле ушул Жобону колдонмо кылып алат.
2. Топтун максаты
2.1. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу процессин камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү жана Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу Топтун максаты болуп эсептелет.
3. Топтун функциялары
3.1. Топнын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планынын долбоорун (мындан ары – План) жана ар бир артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү жана башкаруучулук маселе боюнча Аракеттер планын иштеп чыгуу, зарыл болгон учурда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
2) Зарыл болгон учурда Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планын ишке ашыруу процессинде көйгөйлүү маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн Топтун отурумун ыкчам тартипте өткөрүү.
3) Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестринин долбоорун, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (айыл өкмөтүнө) көмөктөшүү.
4) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүнө тиешелүү жергиликтүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча коомдук талкууларды өткөрүүгө көмөктөшүү.
5) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планын иштеп чыгуу процессине бардык кызыкдар тараптарды тартуу.
6) Өз ишинин жыйынтыктары тууралуу жергиликтүү жамаатка жылына бери дегенде эки жолу коомдук угууларда отчет тапшыруу.
7) Маалымат такталарына жана башка коомдук жайларга жайгаштыруу менен коомдук баалоо жана мониторинг үчүн милдеттүү болгон Топтун иши тууралуу маалымат берет.
4. Топтун ыйгарым укуктары
4.1. Топ:
1) өз отурумдарында кызмат көрсөтүүлөргө жана башкаруучулук маселелеринин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан демилгелер боюнча Топтун мүчөлөрүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ишкерлерди жана жергиликтүү жамааттын активисттерин угат;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, ишкерлерден жана жергиликтүү жамааттын активисттеринен Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон керектүү маалыматтарды суратып алат;
3) зарыл болгон учурда тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, тышкы эксперттерди жана башка кызыкдар жактарды Топтун ишине тартат;
4) кызмат көрсөтүүлөр жана башкаруучулук маселелеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштамаларды берет;
5) биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу менен өз ара аракеттенүү;
6) муниципалдык түзүлүштөрдүн кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү оң тажрыйбасын үйрөнүүнү уюштурат.
5. Топтун курамы
5.1. Топтун курамы айыл өкмөт башчынын тескемеси менен бекитилет. Топтун курамына Топтун төрагасы, Топтун төрагасынын орун басары, Топтун катчысы жана Топтун мүчөлөрү кирет. Топтун курамы 7 кишиден кем болбошу керек.
5.2. Топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
3) айыл өкмөтүнүн башчысы/башчынын орун басары;
4) жооптуу катчы;
2) айылдык кеңештин депутаттары;
3) айыл өкмөт аппаратынын тийиштүү адистери;
4) бейөкмөт уюмдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү;
5) бизнес жамааттын өкүлдөрү;
6) жергиликтүү жамааттын активисттери.
5.3. Топтун курамы төм. камтышы керек:
1) бир жыныстын өкүлдөрүн – 30% кем эмес;
2) айылдык аймактын чегинде жашаган улуттук азычылыктын өкүлдөрүн, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды.
5.4. Топтун төрагасы:
1) Топтун ишин уюштурат;
2) Топтун отурумун чакырат жана өткөрөт;
3) Топтун отуруму өтчү күндү, убактысын жана ордун аныктайт;
4) Топтун отурумунун күн тартибин бекитет;
5) Топтун тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, коомдук бирикмелердин, бизнес жамааттын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
6) Топтун ишин коомго чагылдырууну уюштурат жана координациялайт;
7) Топтун отурумунун протоколдоруна кол коет.
5.5. Топтун төрагасынын орун басары Топтун төрагасы болбогон учурда анын тапшырмасы менен ордун ээлейт жана анын милдеттерин аткарат.
5.6. Топтун катчысы:
1) Топтун мүчөлөрүнө отурумга чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен кезектеги отурум өтчү күн, убактысы, орду жана күн тартиби тууралуу маалымат берет;
2) отурумга чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен күн тартибин, ошондой эле зарыл материалдарды жана күн тартибине кирген маселелерди чечүү долбоорлорун таратып берүүнү камсыздайт;
3) Топтун кезектеги отурумунун катышуучулары менен жумушка байланыштуу өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат жана Топтун жетекчиси менен отурумга чакырылган адамдардын тизмесин макулдашат;
4) маалымат такталарына жана башка коомдук жайларга жайгаштыруу үчүн Топтун иши жөнүндө ыкчам маалыматты даярдайт;
5) отурумдардын протоколдорун, Топту жүргүзүү маселелери боюнча башка документтерди жана материалдарды тариздеп, Топтун мүчөлөрүнө жиберет;
6) Топтун отурумунда жазылган протоколдорду жана башка документтерди үч жыл бою сактайт. Мөөнөтү аяктагандан кийин айыл өкмөтүнүн архивине өткөрүп берет.
5.7. Жумушчу топтун мүчөлөрү:
1) Топтун отурумунун күн тартибин түзүү боюнча сунуштарды беришет;
2) күн тартибинде каралчу маселелер боюнча материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;
3) Топтун отурумдарына катышуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын адистеринин жана тышкы эксперттердин талапкерлигин сунушташат;
4) Топтун компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын, коомдук бирикмелердин, бизнес жамааттардын өкүлдөрүнүн кайрылууларын карашат;
5) маселелерди талкуулоодо жана добуш берүүдө тең укуктарга ээ;
6) Топтун отурумдарына катышууга милдеттүү жана өз ыйгарым укуктарын башка адамдарга берүүгө укугу жок;
7) Топтун мүчөсү кезектеги отурумга катышпаган учурда каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу түрүндө берүүгө укуктуу.
6. Топтун курамын өзгөртүү
5.8. Топтун курамын өзгөртүү тууралуу чечим Топтун отурумунда Топ мүчөлөрүнүн жалпы санынан бери дегенде жарымы катышкан учурда кабыл алынат.
5.9. Мүчөлүктөн чыгарылууга тийиш болгон Топтун ыктымал мүчөлөрүнүн тизмесин аныктайт, бул тизмени талкуулайт жана ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө добуш берет.
5.10. Топтун курамына кошулушу керек болгон Топтун ыктымал мүчөлөрүнүн тизмесин аныктайт, бул тизмени талкуулайт жана ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө добуш берет.
5.11. Топтун курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу чечим Топтун отурумунун протоколу менен таризделет, ага Топтун Төрагасы жана Катчысы кол коюшат.
5.12. Топтун курамын өзгөртүү тууралуу Топтун отурумунун протоколу айыл өкмөтүнө берилет, анын негизинде айыл өкмөт башчы Топтун курамын өзгөртүү жөнүндө чечим чыгарат.
7. Топтун отурумдарын өткөрүү жана чечим кабыл алуу тартиби
7.1. Топтун отуруму зарылчылыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
7.2. Топтун отурумдары ачык жана айкын өтөт.
7.3. Топтун отурумуна анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет.
7.4. Топтун чечимдери отурумга катышкан Топ мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.5. Эгерде Топтун мүчөсү чечимге макул болбосо, анда ал өзгөчө пикирин жазуу түрүндө баяндап берет жана аны отурум өткөн күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен Топтун катчысына жиберет. Топ мүчөсүнүн өзгөчө пикири отурумдун протоколуна тиркелет.
7.6. Добуштар теңме-тең болгон учурда Топтун отурумда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
7.7. Топтун отурумдарында кабыл алынган чечимдер протоколдор менен таризделет, аларга Топтун отурумунда төрагалык кылуучу жана Топтун катчысы кол коюшат.
7.8. Топтун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоону айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.
7.9. Топ биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрүн/төрагасын өзүнүн жыйналыштарына кварталына бир жолудан кем эмес чакырат.
8. Корутунду бөлүм
8.1. Ушул Жобо аны бекиткен учурдан баштап күчүнө кирет жана аны жокко чыгарганга чейин, өзгөртүп же алмаштырганга чейин күчүндө болот.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |