Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 7/2
«Сары-Колот айыл аймагындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй –бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” аттуу ПЖ №54 Жарлыгына ылайык Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн “айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” аттуу типтүү Жобосу бекитилсин.
2. Жогорудагы типтүү Жобого ылайык иш алып баруу Сары-Колот айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (К.Абдырахманов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Колот айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Молдоев |