Загрузка документа…
| Сары-Колот айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы VII кезексиз сессиясынын № 7 /2 токтому менен бекитилтен |
Сары-Колот айыл аймагындагы үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-
адаттарын, ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ
1. Типтүү жобо
2. Жалпы жоболор
3. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнѳ киргизүүнүн тартиби
4. Үй-бүлѳлүк салтанаттарды ѳткѳрүүнүн тартиби
5. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнүн тартиби
Үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнүн иретке келтирүүчү, кѳзѳмѳлдѳѳчү комиссиялар жана кызмат адамдары
6 . Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1 Бул Жобо “КРда үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жѳнүндѳ” КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, Айыл ѳкмѳттүн жамааттык жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2 Жобонун максаты калктуу конкштарда коомдук ѳнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлѳлүк тарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарды тартипке келтирүү, үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүдѳ убаракерчиликке, ѳлүк ээсин мажбурлоого, ѳзүн кѳрсѳтүүгѳ умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербѳѳ ата салтына жат терс жѳрѳлгѳлѳрдүн күндѳлүк турмуштажайылышына бѳгѳт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнѳ киргизүүнүн тартиби
2.1 Айыл аймагында ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний жана айылдык депутаттардын ѳкүлдѳрүнѳн турган жумушчу тобу түзүлѳт.
2.2 Жобону бекитүү жѳнүндѳ жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте сайттарга жарыяланат.
3. Үй-бүлѳлүк салтанаттарды ѳткѳрүүнүн тартиби.
3.1 Үй-бүлѳлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннѳткѳ отургузуу , нике (үйлѳнүү) той, куда тосуу, маареке салтанаттары ж.б кирет.
3.2 Үй-бүлѳлүк салтанаттар тартип боюнча, киргизилген чектѳѳлѳрдү жана тыюларды бекем сактоо менен ѳткѳрүлѳт.
3.3 Үйлѳнүү той ѳз ыктыярлары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки “Банкеттик кече “ же конок тосуу менен “Салтту той” формасында ѳткѳрүлѳт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлѳнүү тоюнда ири бодо мал, жылкы союга уруксат берилет. Бирок, ашыкча сый дастаркондорду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет кѳтѳрүп келүүгѳ тыюу салынат.
3.4. Кудалашуудан баштап үйлѳнүү тойго байланышкан бардык иш-чараларда (каада салттарда) эки жаштын ата-энесинин ѳз ара макулдашуусу менен белгиленип ѳткѳрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди берүүгѳ тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энесине гана сый кийимдер, белектер берүүгѳ уруксат берилет.
3.5 Тойдон кийинки салттык отко киргизүү, кыз кѳрдү, тѳркѳлѳтүү, ж.б.у.с кечелер ѳз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлѳсү арасында 12 ден ашпаган адамдардын катышуусунда ѳткѳрүлѳт.
3.6 Кыз узатууда 10-15тен ашык түрдүү кийим кече, күйѳѳ баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын күйѳѳ балага баалуу белектерди берүүгѳ тыюу салынат.
3.7 Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, күйѳѳ жолдоштор 10 дон ашпоосу керек.
3.8 Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына никени мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү салтанатында 3 тѳн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.
3.9 Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюга тыюу салынат.
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын ѳтѳрүүнүн тартиби
4.1 Маркумду эскерүү ырым-жырымдарды айылдарда эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектѳѳлѳрдү жана тыюларды бекем сактоо менен ѳткѳрүлѳт.
4.2 Маркум чыккан (азалуу) үйдѳ алгачкы үч күн ичинде эч кандай жандык союлбайт, келгендерге дастаркон жайылып, тамак – аш берилбейт.
4.3 Сѳѳк кою жана аза күтүү ырым-жырымына ири бодо мал, жылкы союга тыю салынат.
4.4 Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык, айттыгын белгилѳѳгѳ жана дастаркон салганга тыю салынат.
4.5 Сѳѳк коюда жана аза күтүүдѳ кийит кийгизүүгѳ (баш кийим, чепкен, кѳйнѳк ж.бу.с), маркум ѳткѳн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей кыркып жыртыш таратып берүү, майда-барат буюмдарды ( чыны, табак, самын, жип , чай ж.б.у.с ) таратуу тыю салынат жана кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы комиссиянын макулдугу менен чектелет.
4.6 Кабырдын үстүнѳ күмбѳз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыю салынат.
4.7 Аза күндѳрү бүткѳндѳн кийин сѳѳк чыккан үйдѳ атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга уруксат берилсин.
5. Үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнү иретке келтирүүчү, кѳзѳмѳлдѳѳчү жергиликтүү комиссиялар
5.1 Курамына айыл ѳкмѳттүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары, билим берүү, саламаттык сактоо, аялдар жана жаштар уюмдары, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын ѳкүлдѳрү кирет.
Кеңешинин катчысы: | А.Акматова |