ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 «2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция14.10.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 14-октябры № 618

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Бажы жол-жоболорун башкаруу жана санариптештирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышында жана 1-пунктта "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясында:

- аталышында "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-главанын биринчи абзацында "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-главанын 3.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Концепцияда коюлган максаттарга жетүү жана көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөндө саналган багыттар, ошондой эле 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары Иш-чаралар планы) каралган.";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

- аталышында "2022-2024-жылдарга" деген сөздөр "2022-2025-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пункттун 5-пунктчасында "2023-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пункттун 10-пунктчасында:

биринчи сапта "2023-жылдын" деген сөздөр "2024-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

экинчи сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

Бажы органдарынын ресурстарын пландоо жана башкаруу үчүн БАМС "ERP systems" модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү:

 

Бюджеттин чегинде

Электрондук түрдө иш кагаздарын жүргүзүү камсыздалды

МБК

- э-"Кадрлар" модулу;

2025-жылдын 30-октябрына чейин

- "э-Документ" модулу

2025-жылдын 30-октябрына чейин

";

бешинчи сапта "2024-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;

алтынчы сапта "2024-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-апрелине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

жетинчи сапта "2024-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2025-жылдын 30-октябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

сегизинчи сапта "2024-жылдын 1-январына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

онунчу сапта "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 31-августуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;

он бешинчи сапта "2024-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2025-жылдын 1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;

он алтынчы сапта "2024-жылдын 1-июнуна" деген сөздөр "2025-жылдын 31-августуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;

он жетинчи сапта "2025-жылдын 31-июнуна" деген сөздөр "2025-жылдын 31-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

он сегизинчи сапта "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункттун 13-пунктчасынын экинчи сабында "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 81 (3635) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров