Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-октябры № 643
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26, 34-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү тартибинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде электрондук форматта маалымат базасын түзөт.";
- 4-9-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү "түзүмдүк бөлүм" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Реестрди түзүү жана жүргүзүү мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 5, 6, 8, 11, 12, 15 жана 16-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү "түзүмдүк бөлүм" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |