ПорядокКүчүндө

Мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 токтомуна)

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы N 252 токтомуна)

Мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын (мындан ары - маалыматтык база) түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, материалдык зыяндын ордун толтуруунун негиздерин аныктайт.

2. Маалыматтык базаны түзүүнүн жана колдонуунун максаты болуп мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары - кызматчылар) жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана жалпылоо саналат.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат маселелерин тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - түзүмдүк бөлүм) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде электрондук форматта маалыматтык базаны түзөт.

4. Маалыматтык базанын түзүмүн түзүмдүк бөлүм аныктайт.

2. Мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү тартиби

5. Мамлекеттик органдар (мындан ары - маморгандар), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды (бар болсо) кагаз жана электрондук түрдө түзүмдүк бөлүмгө тапшырат:

- кызматчылардын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында үчүнчү жактарга материалдык зыян келтирген кызматчылар жөнүндө, мында зыяндын орду ошол маморган же ЖӨБО тарабынан толтурулган учурда;

- кызматчылардын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында келтирилген жана ошол маморган же ЖӨБО тарабынан орду толтурулган материалдык зыяндын суммасы жөнүндө;

- укукка каршы аракеттерди түздөн-түз жасаган адамга карата кайтарым талаптарды (регресс) коюу жөнүндө маалыматтар.

6. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүүнүн форматы түзүмдүк бөлүм менен аныкталат.

7. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар маморгандар же ЖӨБО тарабынан берилбесе же өз убагында берилбесе, түзүмдүк бөлүм бул тууралуу жогору турган маморганга же ЖӨБОго маалымдайт.

8. Түзүмдүк бөлүм ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды алгандан кийин 10 күндүн ичинде аларды маалыматтык базага киргизет, бул маалыматтар 3 жыл бою сакталууга тийиш.

Эгерде маморган же ЖӨБО зыяндын суммасын толтурса жана кызматчы тарабынан ошол маморганга же ЖӨБОго бул сумма төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты түзүмдүк бөлүм алса, анда түзүмдүк бөлүм көрсөтүлгөн маалыматты алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде кызматчы жөнүндө маалыматты маалыматтык базадан чыгарат.

9. Түзүмдүк бөлүм юридикалык жана жеке жактардын суроо-талабы боюнча маалыматтык базада камтылган, аларды кызыктырган маалыматтарды кагаз түрүндө берет.