Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы N 252 токтомуна) |
Мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын (мындан ары - маалыматтык база) түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, материалдык зыяндын ордун толтуруунун негиздерин аныктайт.
2. Маалыматтык базаны түзүүнүн жана колдонуунун максаты болуп мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары - кызматчылар) жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана жалпылоо саналат.
3. Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде электрондук форматта маалымат базасын түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Маалыматтык базанын түзүмүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү тартиби
5. Мамлекеттик органдар (мындан ары - маморгандар), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды (бар болсо) кагаз жана электрондук түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырат:
- кызматчылардын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында үчүнчү жактарга материалдык зыян келтирген кызматчылар жөнүндө, мында зыяндын орду ошол маморган же ЖӨБО тарабынан толтурулган учурда;
- кызматчылардын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында келтирилген жана ошол маморган же ЖӨБО тарабынан орду толтурулган материалдык зыяндын суммасы жөнүндө;
- укукка каршы аракеттерди түздөн-түз жасаган адамга карата кайтарым талаптарды (регресс) коюу жөнүндө маалыматтар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүүнүн форматы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар маморгандар же ЖӨБО тарабынан берилбесе же өз убагында берилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул тууралуу жогору турган маморганга же ЖӨБОго маалымдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды алгандан кийин 10 күндүн ичинде аларды маалыматтык базага киргизет, бул маалыматтар 3 жыл бою сакталууга тийиш.
Эгерде маморган же ЖӨБО зыяндын суммасын толтурса жана кызматчы тарабынан ошол маморганга же ЖӨБОго бул сумма төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алса, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн маалыматты алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде кызматчы жөнүндө маалыматты маалыматтык базадан чыгарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жана жеке жактардын суроо-талабы боюнча маалыматтык базада камтылган, аларды кызыктырган маалыматтарды кагаз түрүндө берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)