Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы N 252 токтомуна) |
Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин (мындан ары - Реестр) түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо эрежелерин аныктайт.
2. Реестрди жүргүзүүнүн негизги максаты - мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды эсепке алууну уюштуруу болуп саналат. Реестрди түзүү иштеп жаткан мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары - кызматчылар) сыяктуу эле, терс негиздер боюнча бошотулган адамдар үчүн да превентивдүү мүнөзгө ээ.
2. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби
3. Реестрди түзүү жана жүргүзүү мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Реестр мамлекеттик жарандык кызматтан же муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдар тууралуу маалыматты киргизүү аркылуу түзүлөт.
5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кызматчылар ээлеген кызмат орундарынан терс негиздер боюнча бошотулган күндөн тартып жети күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирүү жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билдирүүнү алгандан кийин үч күндүк мөөнөттө терс негиздер боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулган адамдар жөнүндө маалыматты ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Реестрге киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Реестр кагаз түрүндө жана электрондук сактагычта (техникалык мүмкүнчүлүктөр бар болгон учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу) эки форматта түзүлөт.
8. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Реестрде камтылган маалыматтарды жети күндүк мөөнөттө берет. Реестрде камтылган маалыматтарды адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу электрондук форматта берүүгө жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, персоналды башкаруу кызматтарынын жооптуу адистери Реестрди түзүү жана жүргүзүү үчүн маалыматты өз убагында бербегендиги же анык эмес маалыматты бергендиги үчүн тартиптик жоопкерчилик тартышат.
3. Реестрде болуу мөөнөтү
10. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-7-пункттарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматын токтоткон адамдар тууралуу маалыматтар, эгерде ушул Тартипте башкача каралбаса, кызматчы ээлеген кызмат ордунан терс негиздер боюнча бошотуу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып 3 жыл аралыгында Реестрде камтылат.
11. Эгерде мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы белгиленген тартипте "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-7-пункттарында саналган негиздердин жоктугу жөнүндө чечимди кабыл алса, алар боюнча адам мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматын токтотсо, анда ал жөнүндө маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын билдирүүсүнө ылайык Реестрден алып салынат.
Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бул жөнүндө жети күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчыны ушул Тартипте көрсөтүлгөн негиздер боюнча бошотуу жөнүндө чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жети күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формада билдирүү жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган жазуу жүзүндөгү билдирүүнүн негизинде ишке ашырылат.
14. Реестрде маалыматтары камтылган адам каза болгон учурда ал жөнүндө маалыматтар тиешелүү документтерди тиркөө менен тийиштүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын билдирүүсүнө ылайык Реестрден алып салынат.
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адамды Реестрден чыгарган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кабарлайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартипке ылайык берилген билдирүүнү алгандан кийин бул адам жөнүндө маалыматты Реестрден алып салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы N 643 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибине 1-тиркеме |
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын терс негиздер боюнча бошотулгандыгы жөнүндө БИЛДИРҮҮ
№ | Аты-жөнү | Туулган жылы | Кызмат орду | Бошотуунун негизи | Буйруктун (тескеменин) чыккан күнү жана № | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибине 2-тиркеме |
Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын РЕЕСТРИ
№ | Аты-жөнү | Туулган жылы | Кызмат орду | Бошотуунун негизи | Буйруктун (тескеменин) чыккан күнү жана № | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибине 3-тиркеме |
Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды реестрден чыгаруу жөнүндө БИЛДИРҮҮ
№ | Аты-жөнү | Туулган жылы | Кызмат орду | Чыгаруунун негизи | Буйруктун (тескеменин), башка документтин чыккан күнү жана № | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|