Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги XXVΙ (жыйырма алтынчы) сессиясы

2024-жылдын 15-январы № 173/XXVΙ-28

2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө

(Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 08-февралы №182/XXVΙΙ-28 токтомунун редакциясына ылайык)

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдык бюджетинин аткарылышы жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн бюджетин жана 2025-2026-жылдардын божомол бюджеттик кирешени бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесине ылайык кезектеги маселе боюнча айылдык Кенештин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Байтемирова билдирет:

2023-жылдын бюджеттик эсеп счетунан калган калдык 3284,5 сомду түздү, атайын эсеп счетунан калган калдык 7,2 мин сомду түздү. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн бюджеттин долбоорунун киреше бөлүгү 21277,7 миң сом, анын ичинде бюджеттик эсеп кирешеси 11145,1 мин сомду түздү, атайын эсеп кирешеси 20,0 миң сом, теңдөөчү грант 10112,6 миң сомду түзөт.

 

 Айыл өкмөтүнүн аппараты

8809,5

 Коомдук тартип

89,0

 Жайыт комитети

257,0

 ТЖКЧ (ЖКХ)

5890,5

 Маданият

2728,7

 Китепкана

1314,0

 Клуб

1414,7

 Социалдык коргоо

375,0

 Билимберүү

3108,0

 Анын ичинен:

 

 Тендөөчү грант

10112,6

 Өздүк киреше

11145,1

 Атайын эсеп боюнча

20,0

 Баардыгы

21277,7

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн калкынын саны 6004 адамды түзөт.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесинин негизинде 2024-жылдын бюджетинин долбоорун карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бардык бөлүмдөрү боюнча түзүлгөн бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү 21277,7 миңсом, чыгаша бөлүгү 21277,7 миң сомго бекитилсин;

2. 2023-жылдын бюджетинин аткарылышы 26443,0 миң сомго бекитилсин;

3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесинин негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 150,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин;

4. “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө” 2021-жылдын 06-октябрындагы № 125 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 451 “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык бирдиги төмөнкү курамда түзүлсүн: башчы 1 (бир), жооптуу катчы 1 (бир), финансы бөлүмүнүн башчысы (бир), башкы адис-3 (үч) (бухгалтер-кассир, юрист, социалдык суроолор боюнча адиси), жетектөөчү адис -2 (эки) (киреше боюнча адис, мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис), адис-2 (эки) (жер жана турак-жай,муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаал боюнча адис, экономист-статист), ВУС 2 (эки) бирдик (1765 аскерге милдеттүүлөрдүн санын эске алганда), айыл башчы 4 (төрт) бирдик, айдоочу 1 (бир), секретарь 1 (бир) бирдиктери бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгынын негизинде тийиштүү айлык акылары жана төлөмдөрү төлөнүп берилсин;

5. “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктусуна ылайык айылдык кенешинин жооптуу катчысы 1 (бир) бирдиги бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 Жарлыгынын негизинде тийиштүү айлык акылары жана төлөмдөрү төлөнүп берилсин;

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомунун негизинде маданият тармагындагы китепканалар бөлүмү боюнча 2024-жылга карата 4 (төрт) штаттык бирдиги бекитилсин жана айлык акылары төлөнүп берилсин. (Алмалуу айылында китепкана башчысы 1 бирдик, Тогуз-Булак айылында китепкана башчысы 1 бирдик, Үч-Эмчек айылында китепкана башчысы 1 бирдик, Карагай-Булак айылында китепкана башчысы 1 бирдик) жана от калоочу 2 (эки) штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 01-августундагы №433 токтомунун негизинде бекитилсин. От калоо мезгилинде ай сайын 6 ай (алты ай) 7040 сом өлчөмүндө айлык акысы төлөнүп берилсин;

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомунун негизинде маданият тармагындагы клуб бөлүмү боюнча 2024-жылга карата 3 штаттык бирдиги бекитилсин жана айлык акылары төлөнүп берилсин. (Алмалуу айылында клуб башчысы 1 бирдик, Тогуз-Булак айылында клуб башчысы 1 бирдик, Карагай-Булак айылында клуб башчысы 1 бирдик) жана клуб бөлүмүнө спорттук инструктор 1 (бир) штаттык бирдиги бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 01-августундагы № 433 токтомунун негизинде айлык акылары (он эки айлык акысы) төлөнүп берилсин;

8. Социалдык тармакта иштеген кенже техникалык тейлөөчү жумушчулардын кызмат орундарынын айлык акыларынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 01-августундагы №433 токтомунун негизинде ЖКУ бөлүмүнүн штаттык бирдиктери төмөндөгүдөй бекитилсин:

 

сантехник адиси

электрик адиси

Аксакалдар сотунун төрагасына

шыпырып тазалоочу(уборщица)

кароолчу администр-к мекемеге (дворник)

Архивариус

Кароолчу Жогорку-Ичке-Суу а. спорт залына

2 бирдик 0,5 коюмдан

1 бирдик 1 коюм

1бирдик 1 коюм

1бирдик 1 коюм

1бирдик 1 коюм

1 бирдик 1 коюм

1 бирдик 0,5 ставка

 

Аксакалдар сотунун төрагасы 1 бирдиги бекитилсин жана ай сайын 1700 сом өлчөмүндө (12 ай) айлык акы төлөнүп берилсин;

9. 2023-жылдан калган бюджеттик эсеп боюнча калдык 3284,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана төмөндөгүдөй сарпталсын:

·         10,5 (он) мин сом айыл өкмөтүнүн кассасынын калдыгы болуп эсептелсин;

·         А.Мурзалиев мектебине интерактивдик панелин сатып алууга 200,0 мин сом каралсын 3 кварталга;

·         Алмалуу айылынын Түлөбердиев көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 1235,0 мин сом 2 кварталга каралсын;

·         А.Тологоновдун сунушу боюнча 200,0 мин сом акча каражаты жашылдандырууга көчөттөрдү сатып алууга 2 кварталга каралсын;

·         Айыл өкмөт имаратынын ичин оңдоого 500,0 мин сом акча каражаты 1 кварталга каралсын;

·         Калган 1139,0 мин сом акча каражаты бала бакчага керектүү эмеректерин жана материалдарын, керектелүүчүү каражаттарын сатып алууга 1 кварталга каралсын;

10. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин 2022-жылдын 13-январынын № 4 буйругунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасынын бир жолку төлөмү 10,3 мин сомго жана соц. фондго төлөмү 1,8 мин сомго бекитилсин;

11. Аймактык тескөөчүлөргө айына 100л.*70сомдон 12 айга 1200л. жалпысынан 84,0 мин сом акча каражаты каралсын;

12. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасына айына 300л.*70сомдон 12 айга 3600л. жалпысынан 252,0 мин сом акча каражаты каралсын;

13. Жергиликтүү бюджеттин 2025-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 21155,0 миң сомго, анын ичинен тендөөчү грант 10112,6 мин сомго, 2026-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 21999,0 миң сомго, анын ичинен тендөөчү грант 10112,6 мин сомго бекитилсин;

14. Бул токтомдун аткарылышы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Ж.Бейшекеев