Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-сентябрындагы № 178
Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жѳнүндѳ
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жѳнүндѳ” №284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарлардан делегаттарды шайлоо боюнча аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА ылайык маселени карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 2-ноябрына саат 11-00 гѳ чакырылсын
2. Чон-Сары-Ой айыл аймагынан жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык 50делегаттан турары белгиленсин
3. Чон-Сары-Ой айыл аймагынан жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы 9 адамдан бекитилсин (№1-тиркеме)
4. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрдан 20-октябрга чейин графикке ылайык ѳткѳрүлсүн (№2-тиркеме)
5.Чоң-Сары-Ой айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2022-жылдын 15-октябрынан 20-октябрына чейин белгиленсин (№3 тиркемеге ылайык).
6.Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2022-жылдын 5-ноябры деп белгиленсин ( № 4 тиркемеге ылайык).
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларга, жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
8. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
9. Токмом chon-sary-oy.gos.kg вебсайтында жарыяланган кийин күчүнѳ кирет
10. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Депутаттык иш,этика,мыйзамдуулук,укук коргоо,аскердик тарбия,спорт жана жаштар маселеси боюнча”туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |
Тиркеме №1 |
| БЕКИТИЛДИ Чон-Сары-Ой айылдык кенешинин Эл депутаттарынын Чон-Сары-Ой айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №178 токтому |
Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 9 адам болсун жана төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу тобунун ролу | Айылга жооптуу |
1 | Туйгунов Таалай Кубатович | Айылдык кеңештин төрагасы | Төрага | Баардык |
2 | Ормукова Гүлмира Орозобаевна | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | Катчы | Баардык |
3 | Сураналиева Алмагүл Калыбековна | Депутат | Мүчөсү | Бает |
4 | Осмонова Эркингүл Жаныбековна | Депутат | Мүчөсү | Сары-Ой |
5 | Асылбек уулу Адилет | Депутат | Мүчөсү | Чоң-Сары-Ой |
6 | Деркембаева Зина Абакировна | Аялдар Кеңеши | Мүчөсү | Чоң-Сары-Ой |
7 | Болот уулу Түлѳберди | Депутат | Мүчөсү | Ѳрнѳк |
8 | Жайлобаева Атыркүл Мудукеевна | Депутат | Мүчөсү | Чок-Тал |
9 | Саматова Дилдекан Асанбековна | АДК | Мүчөсү | Бает |
Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңештин жооптуу Катчысы |
|
Г.Ормукова |
Тиркеме №2 |
| БЕКИТИЛДИ Чон-Сары-Ой айылдык кенешинин Эл депутаттарынын Чон-Сары-Ой айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №178 токтому |
Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны жана квотасы
№ | Айылдардын (чөлкөмдүн) аталышы | Калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны | Гендердик баланс 30% (аял) |
1 | Бает |
1178
| 188,86 | 6 | 4-эркек, 2-аял |
2 | Сары-Ой |
1421
| 188,86 | 8 | 5-эркек, 3-аял |
3 | Чоң-Сары-Ой |
3421
| 188,86 | 18 | 12-эркек, 6-аял |
4 | Ѳрнѳк |
1350
| 188,86 | 8 | 6-эркек, 2-аял |
5 | Чок-Тал |
2073
| 188,86 | 10 | 7-эркек,3-аял
|
Жалпысы: | 9443 |
| 50 делегат | 34-эркек 16-аял | |
Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңештин жооптуу Катчысы |
|
Г.Ормукова |
Тиркеме № 3 |
| БЕКИТИЛДИ Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин Эл депутаттарынын Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №178 токтому |
2022-жылдын 15-октябрынан 22-октябрына чейин Чоң-Сары-Ой айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Бает | Бает орто мектеби | 15.10.2022ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
2 | Сары-Ой | Маданият үйү | 17.10.2022ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
3 | Чоң-Сары-Ой | Айыл өкмөтүнүн жыйындар залында. | 18.10.2022ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
4 | Ѳрнѳк | Маданият үйү | 19.10.2022ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
5 | Чок-Тал | Маданият үйү | 20.10.2022ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңештин жооптуу Катчысы |
| Г.Ормукова |
Тиркеме №4 |
| БЕКИТИЛДИ Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин Эл депутаттарынын Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы №178 токтому |
Чоң-Сары-Ой айыл аймагынан Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуучулар |
1 | Чоң-Сары-Ой | Маданият үйү | 05.11.2022ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңештин жооптуу Катчысы |
| Г.Ормукова |