КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 29-октябры № 684-т
Салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөттөрүн келишимдерде көрсөтүлгөн кепилдик милдеттенмелеринин мөөнөттөрү менен шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 539-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул тескеме менен белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттердин курулушу жана жабдылышы аяктагандан кийин 12 ай өткөнгө чейин колдонулат.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |