Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 9-сентябры № 539-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 684-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин талаптарын, Кыргыз Республикасынын Мипистрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө" жана 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомдорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын имараттарын куруу жана жабдуу долбоорлорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмектери бекитилсин;
- Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 301/1 дарегинде жайгашкан имарат боюнча 1-тиркемеге ылайык;
- Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 1 дарегинде жайгашкан имарат (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) боюнча 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул тескеменин тиркемелеринде көрсөтүлгөн уюмдарга ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди куруу жана жабдуу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жана сатууга кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ушул тескеме менен белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттердин курулушу жана жабдылышы аяктагандан кийин 12 ай өткөнгө чейин колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 684-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 566-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |