КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 165-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 31-октябры № 694-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 42 тескемесин ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 25 тиркемесинин 31-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 112-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген товарлардын чыккан жери жөнүндө сертификаты бар өнөр жай товарларынын тизмесинде:
- "Тамак аш азыктары" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 318-1, 318-2-пункттар менен толукталсын:
"
318-1 | Бууга бышырылган эт консервалары | 10.11.11 | 1602 50 950 1 |
318-2 | Өсүмдүктөрдүн негизиндеги эт консервалары | 10.11.11 | 1602 50 950 9 |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |