ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 310 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция31.10.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 31-октябры ПЖ № 310

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имараттарынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу, алардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

- аталган мекемени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров