Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 656 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө ЖОБО
1-глава. Куткаруучулардын статусу
§ 1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо куткаруучулардын укуктук негизин, социалдык жактан коргоону, ошондой эле куткаруучуларды жана куткаруучу статусун алган жарандарды аттестациядан өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Куткаруучулардын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актылары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
§ 2. Куткаруучулар, ыктыярдуу куткаруучулар жана алардын статусу
3. Кыйроодон куткаруу кызматтарын жана кыйроодон куткаруучу кошуундарын түзүү, ошондой эле алардын күчтөрүн жана каражаттарын жетектөө кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4. Кыйроодон куткаруу иштерине издөө-куткаруу, тоодо куткаруу, газдан куткаруу, фонтанга каршы иштер, ошондой эле өрт өчүрүү менен байланышкан кыйроодон куткаруу иштери, өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин жоюу боюнча иштер кирет.
5. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруучу кошуундарынын куткаруучуларынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) адамдарды куткаруу жана аларга өз убагында жардам көрсөтүү;
2) өзгөчө кырдаалдар зонасына жөнөөгө жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кыйроодон куткаруу кызматтарын жүргүзүүгө дайыма даяр туруу;
3) тейлөөдөгү объектилерде же аймактарда жана акваторияларда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу.
6. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруучу кошуундарынын куткаруучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
1) тейлөөдөгү объекттер жана аймактар боюнча долбоорлорду жана чечимдерди ишке ашыруу үчүн болжолдонгон долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө катыша алат;
2) өзгөчө кырдаалдар зонасынан калкты жана айыл чарба жаныбарларын көчүрүп чыгаруу боюнча иш-чараларга катыша алат;
3) авариялык-куткаруу каражаттарын, тейлөөдөгү объекттер жана аймактар үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу пландарын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда башка объекттер жана аймактар үчүн өз ара аракеттенүү пландарын иштеп чыгууга катыша алат;
4) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында көзөмөл жүргүзө алат;
5) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндө технологиялык жана инженердик-техникалык талаптардын сакталышын контролдой алат;
6) өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатында маалыматтык пропаганда жүргүзө алат, калкты жана уюмдардын кызматкерлерин өзгөчө кырдаалдар шартында аракеттенүүсүн даярдоого катыша алат;
7) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдык ресурстар резервдерин түзүү, жайгаштыруу, номенклатуралык курамын жана көлөмүн аныктоо боюнча чечимдерди даярдоого катыша алат;
8) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык объектилерде өзгөчө кырдаалдарды жана өрттү эсепке алуу, жоюу үчүн тышкы өрткө каршы суу менен камсыз кылуу системаларына тоскоолдуксуз кире алат.
§ 3. Куткаруучулар
7. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон, жалпы орто (толук) билими жана жогорку билими бар жарандары жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндөн, дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдерди аткаруудан, куткаруучуларды даярдоонун программалары боюнча окуудан, кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүүгө жана врачка чейинки медициналык жардам берүү боюнча билимин аттестациялоодон кийин куткаруучу статусун алууга укуктуу.
8. Куткаруучулардын статусу - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жана мамлекет кепилдеген куткаруучулардын укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы.
Куткаруучулардын статусунун өзгөчөлүгү өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине катышуу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттер жана ага байланыштуу алардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген коркунуч менен аныкталат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандарына куткаруучунун статусу ыйгарылганда аттестациялык комиссия тарабынан жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен белгиленген үлгүдөгү күбөлүк, куткаруучунун китепчеси жана куткаруучунун аты-жөнү, канынын тобу жана каттоодон өткөн номери жазылган жетон берилет.
10. Куткаруучунун китепчеси куткаруучунун өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкандыгын эсепке алуу үчүн арналган. Куткаруучунун китепчеси жөнүндө жобо жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
11. Куткаруучулар үч жылда бир жолу аттестациядан өтүп турат, куткаруучуларды даярдоо программасы боюнча окутулат жана аларга тиешелүү квалификация ыйгарылат.
12. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын куткаруучуларын аттестациялоо үчүн тиешелүү органдын жетекчисинин буйругу менен 7 адамдан турган аттестациялык комиссия түзүлөт.
13. Тараптар менен макулдашуу боюнча келишим (контракт) түзүү жолу менен квалификациялык деңгээлге жана медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча жана жеке арызынын негизинде кызматка жарамдуу куткаруучулар менен комплекттөө ишке ашырылат.
14. Кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүүнүн натыйжалуулугу куткаруучулардын кесиптик билиминин, тажрыйбасынын жана көндүмдөрүнүн даражасынан жана ар тараптуу өнүккөндүгүнөн түздөн-түз көз каранды болот.
Куткаруучулардын кесиптик даярдыгынын деңгээли квалификациялык мүнөздөмөлөр менен шартталган адистиги боюнча иштеген жылдары, практикалык иш тажрыйбасына, өздөштүрүлгөн чектеш кесиптеринин санына жараша аныкталат.
15. Куткаруучуларга төмөнкүдөй квалификация ыйгарылат:
1) куткаруучу;
2) үчүнчү класстагы куткаруучу;
3) экинчи класстагы куткаруучу;
4) биринчи класстагы куткаруучу;
5) чебер куткаруучу;
6) эл аралык класстагы куткаруучу.
16. "Куткаруучу" квалификациясы куткаруучуларды кесиптик даярдоо программасы боюнча окуудан өткөн жана кыйроодон куткаруу иштеринин бир же бир нече түрүн жүргүзүү укугуна аттестацияланган жаранга ыйгарылат.
"Куткаруучу" квалификациясы аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан ыйгарылат.
17. "Үчүнчү класстагы куткаруучу" квалификациясы "куткаруучу" квалификациясына аттестацияланган күндөн тартып 3 жылдан кем эмес убакыт өткөн, аттестациянын жүрүшүндө ушул квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарга шайкештигин тастыктаган куткаруучуга ыйгарылат.
18. "Экинчи класстагы куткаруучу" квалификациясы "үчүнчү класстагы куткаруучу" квалификациясына аттестацияланган күндөн тартып 3 жылдан кем эмес убакыт өткөн, аттестациянын жүрүшүндө ушул квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарга шайкештигин тастыктаган куткаруучуга ыйгарылат.
19. "Биринчи класстагы куткаруучу" квалификациясы "экинчи класстагы куткаруучу" квалификациясына аттестацияланган күндөн тартып 3 жылдан кем эмес убакыт өткөн, аттестациянын жүрүшүндө ушул квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарга шайкештигин тастыктаган куткаруучуга ыйгарылат.
20. "Чебер куткаруучу" квалификациясы "биринчи класстагы куткаруучу" квалификациясына аттестацияланган күндөн тартып 3 жылдан кем эмес убакыт өткөн, аттестациянын жүрүшүндө ушул квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарга шайкештигин тастыктаган куткаруучуга ыйгарылат.
21. "Эл аралык класстагы куткаруучу" квалификациясы төмөнкү куткаруучуга ыйгарылат:
1) "чебер куткаруучу" квалификациясына аттестацияланган күндөн тартып 3 жылдан кем эмес убакыт өткөн;
2) аттестациянын жүрүшүндө ушул квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарга шайкештигин тастыктаган;
3) техникалык же медициналык жогорку билимге же эл аралык куткаруулар курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүккө ээ болгон;
4) эл аралык куткаруулар окутуусуна жана эл аралык куткаруу иштерине катышкан;
5) чет тилдердин бирин сүйлөө деңгээлинде билген.
"Эл аралык класстагы куткаруучу" квалификациясы үчүн үстөк акы "чебер куткаруучу" квалификациясынын үстөк акысынан ашпашы керек.
22. "Үчүнчү класстагы куткаруучу", "экинчи класстагы куткаруучу", "биринчи класстагы куткаруучу", "чебер куткаруучу" жана "эл аралык класстагы куткаруучу" квалификациясы аттестациялык комиссиянын сунушу боюнча жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен ыйгарылат.
23. Куткаруучуга кезектеги квалификацияны ыйгаруу үчүн милдеттүү шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) дене тарбиялык, атайын, медициналык жана психологиялык даярдыктын талаптарына ылайык келүү, кыйроодон куткаруу кызматтарынын (кошуундарынын) курамында иштөө көндүмдөрүнө ээ болуу;
2) аттестациялар ортосундагы мезгилде - белгиленген программалар боюнча окуу курсунан өтүү же билимин, тажрыйбасын жана көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө, кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жаңы технологияларын өздөштүрүүгө багытталган кошумча билим алуу;
3) аттестациянын жүрүшүндө кезектеги квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарды тастыктоо.
24. Куткаруучуга кезектеги квалификацияны ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда анын кыйроодон куткаруу иштерине катышуу тажрыйбасы, ал эми кыйроодон куткаруу кесиптик кызматынын (кошуундун) куткаруучусу үчүн - анын кесиптик кызматтык ишин баалоо жана кесиптик окутуунун натыйжалары эске алынат.
25. Аттестациянын жүрүшүндө мурда ыйгарылган квалификациясын тастыктабаган куткаруучуга аттестациялык комиссиянын сунушу боюнча жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен квалификациялык талаптарга ылайык кыйла төмөн квалификация ыйгарылат же квалификациясынан жана куткаруучу статусунан ажыратылат.
§ 4. Куткаруучулардын укуктары, милдеттери жана ишинин кепилдиги
26. Кыйроодон куткаруу кесиптик кызматтарынын (кошуундардын) куткаруучулары кезметте турганда кыйроодон куткаруу кызматтарын (кошуундарды) күтүүгө бөлүнгөн каражаттын эсебинен чыгымдарды төлөө менен тамак-аш менен камсыз болууга укуктуу.
27. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге тартылган куткаруучулар көрсөтүлгөн жумуштарды жүргүзүү жерине барууда транспорттун бардык түрүнө билеттерди кезексиз тартипте алууга укуктуу.
28. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүү учурунда куткаруучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өздөрүнүн милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон толук жана ишенимдүү маалыматтарга;
2) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн уюмдардын жана мекемелердин аймактарына жана өндүрүштүк объекттерге, жеке турак жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө;
3) кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү технологиясына ылайык экипировка жана жабдыктар менен камсыз болууга;
4) адамдарды куткаруу үчүн жана өтө зарыл болгон учурда менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө кырдаалдар зонасында жайгашкан уюмдардын байланыш каражаттарын, транспортун, мүлктөрүн жана башка материалдык каражаттарын колдонууга;
5) өзгөчө кырдаалдар зонасында жумуштарды жүргүзүүгө катышпаган бардык адамдарды коопсуз зонага кетирүүгө жана белгиленген коопсуздук чараларынын сакталышын талап кылууга.
29. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан куткаруучулар республиканын мамлекеттик медициналык мекемелеринин жана реабилитациялык борборлорунун базасында акысыз медициналык жана психологиялык реабилитациядан өтүүгө укуктуу.
30. Куткаруучу аскер кызматчылары аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдетилген пенсия менен камсыз болууга укуктуу.
31. Кыйроодон куткаруу кесиптик кызматтарынын жана ыктыярдуу кыйроодон куткаруучу кошуундарынын куткаруучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өздөрүнүн теориялык билимдерин жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө;
2) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө катышууга даяр болууга;
3) өздөрүнүн дене тарбиялык, атайын, медициналык, психологиялык даярдыгын өркүндөтүүгө;
4) өзгөчө кырдаалдарда аракет көрүү көндүмдөрүн, иштөө методдорун жекече болобу же кыйроодон куткаруучу кошуундардын курамында болобу өркүндөтүүгө;
5) кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү технологиясын так сактоого;
6) жабыр тарткандарды активдүү издөөгө, аларды куткаруу боюнча чараларды көрүүгө, аларга биринчи медициналык жардам жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;
7) куткаруучулар курамында иштеп жаткан кыйроодон куткаруу кызматтарынын (кошуундардын) жетекчилеринин буйруктарын, көрсөтмөлөрүн милдеттүү түрдө аткарууга.
32. Мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге тартылган куткаруучуларга алар кыйроодон куткаруу иштерин аткаруучу жерине барууга жана ал жумуштун жүрүшүндө көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде транспорттук жана башка зарыл болгон материалдык каражаттарды берүүгө милдеттүү.
33. Өзгөчө кырдаалдар зонасында алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүүдө курамында көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруучу куткаруучулар кыйроодон куткаруу кызматынын (кошуундардын) жетекчилерине гана баш ийет.
34. Мамлекеттик органдар, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын куткаруучусунун статусун ишке ашырууну камсыз кылат.
35. Эмгек келишими (контракт) менен жүктөлгөн милдеттерге кирбеген милдеттерди жана жумуштарды аткарууга куткаруучуну эч кимдин мажбурлоого укугу жок.
§ 5. Куткаруучунун ишин (кызматын), эс алуусун жана эмгегине акы төлөөнү уюштуруу
36. Кыйроодон куткаруу кесиптик кызматтарынын (кошуундардын) куткаруучуларынын күнүмдүк иштөө (кызмат өтөө) режими кыйроодон куткаруу кызматынын (кошуундун) жетекчиси бекиткен ички эмгек тартибинин эрежелери, кезмет графиги, машыгуулардын же атайын даярдыктардын башка иш-чараларынын расписаниеси менен аныкталат.
37. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүүдө куткаруучулардын иштөө режими жана жумуш күнүнүн узактыгы алардын өзгөчөлүгүн жана медициналык сунуштарды эсепке алуу менен өзгөртүлүшү мүмкүн жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун жетекчиси тарабынан белгиленет.
38. Кыйроодон куткаруу кесиптик кызматтарынын (кошуундардын) куткаруучуларына эмгек акысын төлөө эмгек келишимине (контрактка) ылайык жүргүзүлөт.
39. Өзгөчө кырдаалдар зонасындагы профилактикалык иштер жана тамактануу өзгөчө кырдаалдар зоналарындагы куткаруу иштерин жүргүзүүгө теңештирилет.
40. Куткаруучулар кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык квалификациясына жараша кызматтык маянасына акчалай үстөк алат.
41. Эмгек акы төлөө куткаруу кызматы карамагында болгон уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин эсебинен жүргүзүлөт.
42. Кыйроодон куткаруу кесиптик кызматтарынын (кошуундардын) куткаруучуларына өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкандыгы үчүн иштеген 24 саатына бир күн өргүү эсебинде бир жылдын ичинде узактыгы 7 суткадан ашпаган акы төлөнүүчү кошумча өргүү берилет.
43. Штаттан тышкаркы жана ыктыярдуу кыйроодон куткаруучу кошуундарынын куткаруучуларына, ошондой эле кыйроодон куткаруучу кошуундарынын курамына кирбеген куткаруучуларга кошумча өргүүнүн ордуна суткасына бир минималдуу эмгек акыдан кем эмес көлөмдө акчалай компенсация берилиши мүмкүн.
§ 6. Куткаруучулар болуп саналбаган жарандарды социалдык коргоо
44. Жарандык куткаруучулар кызматтык милдеттерин аткарууда майыптыкка алып келген мертинүү жана жаракат алган учурда социалдык коргоо Кыргыз Республикасында майыптарды социалдык коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
45. Өтө зарыл болгон учурда куткаруучу болуп саналбаган айрым жарандар, алардын макулдугу менен кыйроодон куткаруу иштерине тартылышы мүмкүн.
46. Куткаруучу болуп саналбаган жарандарды кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүүгө тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жетекчилери тарабынан кабыл алынат.
47. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге тартылган кыйроодон куткаруу кызматтарын, кыйроодон куткаруучу кошуундарын ташуу жана жайгаштыруу, материалдык-техникалык, финансылык, медициналык жана башка камсыз кылуу, ошондой эле куткаруучуларга, кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруучу кошуундарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жана аларга сыйлыктарды төлөө, кошумча акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү жана көрсөтүлгөн жумуштарды аткарууда жабыр тарткан куткаруучуларга убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча төлөм жүргүзүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу уюмдардын тейлөө боюнча келишимдерине ылайык же өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
48. Келишим боюнча уюмдардан келип түшкөн пайдаланылбаган каражаттар, кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруучу кошуундарынын карамагында калат.
49. Түзүлгөн кыйроодон куткаруучу кесиптик жана ыктыярдуу кошуундар, жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
2-глава. Ыктыярдуу куткаруучу кошуундар
§ 1. Ыктыярдуу куткаруучу кошуундардын түзүмү жана комплекттелиши
50. Ыктыярдуу куткаруучу кошуундары (ЫКК) - бул адамдарды куткаруучу тиешелүү түзүмдөрдүн базасында табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткандарга жардам берүү сыяктуу атуулдук жана гумандуу милдеттерди аткарууга өз салымын кошууну каалаган ыктыярчылардын бирикмеси тарабынан түзүлгөн отряддар.
51. ЫККнын жетекчилери командир, командирдин орун басары эсептелет.
52. ЫККнын жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн милдеттери органдардын, уюмдардын тиешелүү жетекчисинин чечими менен алардын тибине (профилине) жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат.
53. ЫККга каттоо органдын, уюмдун тиешелүү жетекчисинин буйругу менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда куткаруу иштерин аткаруу үчүн зарыл болгон даярдыгы бар жана ден соолугунун абалы жарактуу, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлөт.
Кабыл алуу ыктыярдуу негизде, контракт боюнча, жеке тартипте жүргүзүлөт.
54. ЫККга каттоо жөнүндө арыз берүүдө талапкер төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан белгиленген форма боюнча куткаруу иштерин жүргүзүүгө жарактуу экендиги жөнүндө медициналык корутундуну;
2) кесиптик квалификациялык документтерин.
55. Талапкер куткаруучуну (стажер) алгачкы окутуу тиешелүү отряддын базасында жумушка кабыл алынгандан кийинки 3 айдын ичинде жүргүзүлөт.
Окууну аяктоодо талапкерлер куткаруу иштерин жүргүзүүгө даярдык, медициналык даярдык, атайын жабдуулар, шаймандар, аспаптар жана атайын техника менен иштөөдө техникалык коопсуздук программалары боюнча экзамендерди жана зачетторду тапшырат.
§ 2. Кошуундардын ишин жана мүчөлөрүн атайын даярдоону уюштуруу
56. Кошуундардын тибине (профилине) жараша алардын мүчөлөрүн даярдоо үчүн атайын программалар иштелип чыгат. Программалар кызыкдар министрликтер, ведомстволор менен макулдашылат жана жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
57. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аттестацияны даярдоо жана өткөрүү үчүн окуу борборлорунун, мектептердин, кыйроодон куткаруучу кызматтардын ведомстволук клубдарынын, окуу жайларынын, башка мамлекеттик жана коомдук уюмдардын материалдык базасы жана окутуучу курамы белгиленген тартипте пайдаланылат.
58. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын түзүмдөрү куткаруучуларды жана кошуундарды даярдоо программаларын иштеп чыгууда, зарыл болгон окуу адабияттары, көрсөтмө куралдары, макеттер менен камсыз кылууда зарыл болгон илимий-методикалык жардамдарды көрсөтөт; ыктыярдуу куткаруучулар кошуундарынын алдынкы тажрыйбаларын жалпылайт.
59. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу мезгилинде күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну камсыз кылуу максатында жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын түзүмдөрү төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) өзгөчө кырдаалды жарыялоо жана жерине келүү тартибин;
2) транспорт каражаттарына жүктөө убактысын;
3) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин мүмкүн болгон көлөмүн жана түрлөрүн;
4) жабдыктарды, шаймандарды, аспаптарды, тамак-аш азыктарын алуу тартибин;
5) райондорду жана объекттерди көрсөтүү менен куткаруу иштерин аткарууга тапшырмаларды.
60. ЫККга бир объекттен экинчи объектке өз алдынча өтүүсүнө тыюу салынат.
61. Кырсык болгон районго келүү учурунда жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык органында кошуундун формулярын (паспортун) жана ыкчам журналын көрсөтүү менен каттоодон өтөт.
Ыкчам журналдын жана формулярдын формасы жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана бардык кошуундар үчүн бирдиктүү болуп саналат.
62. Кыйроодон куткаруу иштерин аткарууда ыкчам журналга жүргүзүлгөн иштердин түрү, жери, аларды өткөрүү убактысы жана жыйынтыгы жазылат.
Издөө-куткаруу иштерин аяктагандан кийин жазуулар жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы же ыйгарым укуктуу адам тарабынан күбөлөндүрүлөт.
63. Кошуундарды ташуу объекттеринде өзгөчө кырдаал орун алган уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин эсебинен жүргүзүлөт.
64. Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө зарыл болгон коопсуздук талаптары сакталышы керек.
§ 3. Издөө-куткаруу жумуштарын өткөрүүгө куткаруучу кошуундарын тартуу жана аларга акы төлөө тартиби
65. ЫКК техногендик жана табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда андан ары куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн акы төлөө менен ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери издөө куткаруу жумуштарына тартылат.
66. Ыктыярдуу куткаруучу кошуундардын мүчөлөрүнө акы төлөө төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
1) күзөткө тургандыгы жана адамдарды куткарууга катышкандыгы үчүн - суткасына минималдуу эмгек акынын 50%ына чейин;
2) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жойгондугу үчүн - суткасына минималдуу эмгек акынын 100%ына чейин.
67. Ыктыярдуу куткаруучу кошуундардын мүчөлөрүнө акы төлөө өзгөчө кырдаалдар болгон жана куткаруу жумуштары жүргүзүлгөн объекттердеги уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.
§ 4. Ыктыярдуу куткаруучу кошуундарынын мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жана сыйлоо чаралары
68. ЫККнын мүчөсүнүн өзгөчө кырдаалдар учурунда жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча милдеттерин аткарууга байланыштуу келип чыккан убактылуу эмгекке жарамсыздык учурунда ага эмгек стажына карабастан айлык акысынын 100% өлчөмүндө убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөнөт, ал эми ошол эле себеп менен туруктуу же узак убакытка эмгекке жарамдуулугун жоготкондо, ага эмгек жаракатынын же кесиптик оорунун натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготкон жумушчулар жана кызматчылар үчүн белгиленген өлчөмдөгү майыптыгы боюнча пенсия чектелет.
69. Жапа чеккендерди куткарууга активдүү катышкан ЫККнын мүчөлөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин жана коомдук уюмдардын жетекчилери тарабынан алардын компетенциясынын чектеринде төмөнкүдөй жолдор менен сыйланат:
1) алкыш жарыялоо;
2) белектерди, материалдык баалуулуктарды, акчалай сыйлыктарды, санаторияга, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга акысыз жолдомолорду берүү;
3) 3 күнгө чейинки мөөнөткө төлөнүп берилүүчү кошумча өргүүлөрдү берүү.
70. Табигый кырсыктардан, кыйроолордон жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө өзгөчө эмгеги жана бул учурда эрдикти жана баатырдыкты көрсөткөндүгү үчүн ЫККнын мүчөлөрү белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлөт.
§ 5. ЫККнын мүчөлөрүн материалдык-техникалык камсыз кылуу
71. ЫКК аларды түзүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен зарыл болгон жайлар, телефон байланышы, эмерек жана инвентарлар менен камсыз кылынат.
72. ЫККнын кызматтык жайларын күтүүгө, эмерек, инвентарларды, атайын адабияттарды, күбөлүк бланктарын, белгилерди сатып алууга чыгымдар, ошондой эле телефон, почта, транспорт жана башка чыгымдар бул ЫККны түзгөн уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3-глава. Кыйроодон куткаруу кызматтарын, кыйроодон куткаруучу кошуундарын, куткаруучуларды жана куткаруучу статусуна ээ болгон жарандарды аттестациялоо
§ 1. Аттестациялоо жөнүндө жалпы жоболор
73. Жаңы түзүлгөн кыйроодон куткаруу кызматтарына, кошуундарына (мындан ары - кыйроодон куткаруу бөлүмү) жана жарандарга карата баштапкы аттестациялоо жүргүзүлөт.
Иштеп жаткан кыйроодон куткаруу бөлүмүнө жана куткаруучуга карата мезгилдүүлүгү 3 жылда 1 жолу болгон мезгилдүү аттестациялоо жүргүзүлөт.
74. Кыйроодон куткаруу бөлүмдөрүн, куткаруучуларды жана жарандарды аттестациялоо Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан түзүлгөн аттестациялык комиссиялар зарыл болгон учурда аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен жүргүзөт.
75. Аттестациялык комиссиялардын ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери, аларды түзүү тартибине жана курамына, ошондой эле кыйроодон куткаруучу кошуундарын, куткаруучуларды жана жарандарды аттестациялоо маселелери боюнча алардын чечим кабыл алуу тартибине коюлуучу талаптар Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
§ 2. Кыйроодон куткаруу бөлүмдөрүнө аттестациялоо өткөрүүнүн тартиби
76. Жаңыдан түзүлгөн кыйроодон куткаруу бөлүмдөрү ушул Жобонун 6-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык өздүк курам менен толукталгандан жана кыйроодон куткаруу каражаттары менен жабдылгандан кийин баштапкы аттестациялоого жол берилет.
77. Кыйроодон куткаруу бөлүмүн аттестациялоодо коюлуучу милдеттүү талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн уюштуруу документтеринин болушу (устав (жобо), буйрук же түзүү жөнүндө башка документ);
2) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн белгиленген тартипте бекитилген курамынын жана түзүмүнүн ылайык келиши;
3) өздүк курамдын 75 пайыздан кем эмеси кыйроодон куткаруу бөлүмү аткаруу үчүн аттестацияланган кыйроодон куткаруу иштеринин түрлөрүн жүргүзүү укугуна аттестацияланган куткаруучулар менен комплекттелиши;
4) аттестациянын колдонуу мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөткө менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде бөлүмгө таандык болгон жана кыйроодон куткаруу иштеринин аткарылышын камсыз кылуучу кыйроодон куткаруу каражаттары менен жабдылышы;
5) кыйроодон куткаруу каражаттарын жайгаштырууну жана аларды жүргүзүү технологиясына ылайык кыйроодон куткаруу иштеринин билдирилген түрлөрүн аткарууга куткаруучуларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылуучу шарттардын болушу (Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган бекиткен ченемдерге ылайык), ал эми кесипкөй кыйроодон куткаруу бөлүмү үчүн, мындан тышкары - куткаруучулардын кезметти өтөөсүн камсыз кылуучу шарттардын болушу;
6) өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө дайыма даярдыгы.
78. Кыйроодон куткаруу бөлүмүнө баштапкы аттестациялоо өткөрүү үчүн аттестациялык комиссияга бөлүмдүн жетекчиси кол койгон кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна аттестациялоо жөнүндө электрондук түрдө арыз берилет, анда кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн толук (бар болсо) жана кыскартылган аталышы, юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасы жана юридикалык жактын жайгашкан жери, турган орду, жетекчинин жана ыкчам нөөмөтчүнүн телефону көрсөтүлөт.
79. Кыйроодон куткаруу бөлүмүнө баштапкы аттестациялоо жүргүзүү үчүн арызга электрондук форматта төмөнкүлөр тиркелет:
1) Кыргыз Республикасынын кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана куткаруучулардын статусу жаатындагы мыйзамдарына ылайык кыйроодон куткаруу иштеринин түрлөрүнүн тизмеси, аны жүргүзүү үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерине жараша кыйроодон куткаруу бөлүмү аттестацияланат;
2) уюштуруу документтеринин (уставдын (жобонун), буйруктун же аны түзүү жөнүндө башка документтин) көчүрмөлөрү;
3) кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн жоопкерчилик зонасынын картасы (карталары);
4) кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн санын белгилеген документтин көчүрмөлөрү;
5) өздүк курамдын комплекттелгендиги жөнүндө маалымкат;
6) кыйроодон куткаруу иштеринин билдирилген түрлөрүн эске алуу менен куткаруучулардын жана кыйроодон куткаруу кызматынын (кошуундун) башка кызматкерлеринин билими жана (же) квалификациясы жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
7) тиешелүү аттестациялык комиссиялардын реквизиттерин көрсөтүү менен аттестацияланган куткаруучулар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкат;
8) кыйроодон куткаруу иштеринин билдирилген түрлөрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон ыкчам автотранспорт жана кыйроодон куткаруу каражаттары менен жабдуунун табели жана ведомосту, алардын техникалык абалын эсепке алуу боюнча документтер, ошондой эле аттестациянын колдонуу мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөткө алардын менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык экендигин ырастаган документтер;
9) кыйроодон куткаруу бөлүмү жайгашкан имараттардын (курулуштардын) жана жайлардын бар экендиги, куткаруучуларды окутуу боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттардын бар экендиги, ошондой эле аттестацияга чейинки мезгилде кыйроодон куткаруу бөлүмү өткөргөн окутуулар жана машыгуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкат (кыйроодон куткаруу бөлүмү түзүлгөн күндөн тартып).
80. Кыйроодон куткаруу бөлүмүн аттестациялоонун жыйынтыгы менен аттестациялык комиссия төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) кыйроодон куткаруу иштеринин билдирилген түрлөрүн жүргүзүү укугуна аттестациялоо;
2) кыйроодон куткаруу иштеринин билдирилген түрлөрүнүн бирин же бир нечесин жүргүзүү укугуна аттестациялоо;
3) кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна аттестациялоодон баш тартуу.
81. Кыйроодон куткаруу бөлүмүн аттестациялоодон баш тартуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна аттестациялоо жөнүндө арызда жана (же) аттестация өткөрүү үчүн берилген документтерде анык эмес маалыматтардын болушу;
2) ушул Жобонун 88-пунктунда каралган милдеттүү талаптарга кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн шайкешсиздиги;
3) ушул Жобонун 89, 90-пункттарында каралган документтердин кайсы бири берилбесе.
82. Кыйроодон куткаруу бөлүмүнө, уюмдун өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын базасында түзүлгөн, аларга карата аттестациялык комиссия тарабынан кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна аттестациялоо жөнүндө оң чечим кабыл алынган анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна аттестациялоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары - аттестациялоо жөнүндө күбөлүк) берилет.
83. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүктүн бланкынын формасы жана сыпаттамасы Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
Аттестациялоо жөнүндө күбөлүктүн бланктарын даярдоо жана берүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аттестациялык комиссияларынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын аттестациялык комиссияларынын өтүнмөлөрү боюнча Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аттестациялоонун натыйжалары жөнүндө буйругуна ылайык жүзөгө ашырылат.
84. Кыйроодон куткаруучу кошуундарынын аталышы жана (же) жайгашкан жеринин дареги өзгөргөн учурда кыйроодон куткаруу бөлүмүн түзгөн уюмдун жетекчиси же кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн жетекчиси аттестациялык комиссияга жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү кайра тариздөө жөнүндө арыз берет.
Аттестациялык комиссия берилген маалыматтарды текшерет жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аттестациялоо жөнүндө жаңы күбөлүктү тариздөө тууралуу чечим кабыл алат.
85. Аттестациялоо жөнүндө жаңы күбөлүк аттестациялык комиссияга аттестациялоо жөнүндө күбөлүктү кайра тариздөө тууралуу арыз келип түшкөн күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен мурда берилгендин ордуна берилет.
Мында аттестациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү 3 жылды түзөт жана узартылбайт.
86. Аттестациялоо жөнүндө күбөлүк жоголгон учурда аттестациялык комиссия кыйроодон куткаруу кызматынын (кошуундун) жетекчисинин тиешелүү жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде арызды алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде дубликат берет, ал "дубликат" деген белги менен таризделет.
§ 3. Куткаруучуларды жана куткаруучу статусуна ээ болгон жарандарды аттестациядан өткөрүү тартиби
87. Куткаруучу статусун биринчи жолу алган жарандар медициналык кароодон (текшерүүдөн) өткөндөн жана куткаруучуларды кесиптик даярдоо программасы боюнча окугандан кийин 6 айдан кечиктирбестен баштапкы аттестациялоого киргизилет.
Кыйроодон куткаруу бөлүмдөрүнүн жүйөлүү себептер боюнча мезгилдүү аттестациядан (убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, аскердик кызмат, альтернативдик кызмат, иш-сапар) белгиленген мөөнөттө өтпөгөн куткаруучулары кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн жетекчисинин өтүнүч каты боюнча аттестацияга киргизилет.
Кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн курамына кирбеген жана көрсөтүлгөн себептер боюнча белгиленген мөөнөттө мезгилдүү аттестациядан өтпөгөн куткаруучулар аттестациялык комиссияга арызы боюнча аттестациядан өтүүгө жол берилет.
88. Куткаруучуларды жана жарандарды аттестациялоодо коюлуучу милдеттүү талаптар:
1) кыйроодон куткаруу жумуштарын аткарууга аларды жүргүзүүнүн технологиясын эске алуу менен жарактуулугу жагынан медициналык кароодон (текшерүүдөн) жана психиатриялык күбөлөндүрүүдөн өтүү;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдерди аткаруу;
3) куткаруучуларды даярдоо программасы боюнча окуудан өтүү.
89. Баштапкы аттестацияны өткөрүү үчүн куткаруучу статусун алган жаран аттестациялык комиссияга кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна аттестациялоо жөнүндө өзү кол койгон арызын берет.
Арызда жарандын аты, фамилиясы, атасынын аты, анын иштеген жери, жашаган дареги жана байланыш телефону, ошондой эле куткаруучу статусун алган аттестациялануучу жарандын кыйроодон куткаруу иштеринин жүргүзө турган түрлөрүнүн тизмеси көрсөтүлөт.
90. Кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн курамына кирген куткаруучу статусун алган жарандын арызы кыйроодон куткаруу бөлүмүн түзгөн уюмдун жетекчисинин же кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн жетекчисинин атынан коштомо кат менен электрондук түрдө жөнөтүлөт.
91. Жарандарды баштапкы аттестациядан өткөрүү үчүн арызга электрондук түрдө төмөнкүлөр тиркелет:
1) жарандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
2) билими жана (же) квалификациясы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
3) 3x4 сантиметр өлчөмүндөгү түстүү эки сүрөт;
4) медициналык кароонун (текшерүүнүн) жыйынтыгы боюнча маалымкат;
5) куткаруучулардын кесиптик даярдоо программасы боюнча окутуунун жыйынтыгы боюнча алган квалификациясы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
6) кыйроодон куткаруу иштеринин билдирилген түрлөрүнө жана аларды өткөрүү технологиясына ылайык кошумча адистиктерге ээ экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
7) спорттук разряддардын бар экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).
92. Куткаруучуну мезгилдүү же кезексиз аттестациядан өткөрүү үчүн тиешелүү арыз аттестациялоонун түрүн (мезгилдүү же кезексиз) жана билдирилген квалификациясын көрсөтүү аркылуу ушул Жобонун 100 жана 101-пункттарында каралган тартипте кошумча тиркөө менен берилет:
1) куткаруучунун өздүк күбөлүгү;
2) куткаруучунун аттестация аралык мезгилде кыйроодон куткаруу иштерине катышкандыгы жөнүндө белгилери бар китепчеси;
3) аттестация аралык мезгилде алган билими жана (же) квалификациясы жөнүндө документтер (бар болсо);
4) кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн жетекчиси же анын ордун алмаштыруучу адам кол койгон кызматтык мүнөздөмө (кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн курамына кирген куткаруучулар үчүн).
93. Куткаруучуну же жаранды аттестациядан өткөрүү үчүн берилген документтерди аттестациялык комиссия тарабынан кароонун мөөнөттөрү аттестациялык комиссияга кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна аттестациялоо жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 күндөн ашпоого тийиш.
94. Куткаруучуну же жаранды аттестациялоонун натыйжалары боюнча аттестациялык комиссия төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) куткаруучу статусун ыйгаруу же ырастоо, ошондой эле квалификацияны ыйгаруу, ырастоо же төмөндөтүү менен кыйроодон куткаруу иштеринин билдирилген түрлөрүн жүргүзүү укугуна аттестациялоо;
2) куткаруучу статусун ыйгаруу же ырастоо, ошондой эле квалификацияны ыйгаруу, ырастоо же төмөндөтүү менен кыйроодон куткаруу иштеринин билдирилген түрлөрүнүн бирин же бир нечесин жүргүзүү укугуна аттестациялоо;
3) кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна аттестациялоодон баш тартуу.
§ 4. Аттестация өткөрүү үчүн талаптар
95. Квалификацияларды ыйгаруу (ырастоо) үчүн куткаруучуларга коюлуучу дене тарбия даярдыгы боюнча талаптар ушул Жобонун тиркемесине ылайык аныкталат.
96. Кыйроодон куткаруу бөлүмдөрү бар аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар кыйроодон куткаруу бөлүмдөрүнүн куткаруучуларына коюлуучу кошумча талаптарды белгилей алат.
97. Куткаруучунун кийинки классификациясын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда анын кыйроодон куткаруу иштерине катышуу тажрыйбасы, ал эми кесиптик кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн куткаруучусу үчүн анын кесиптик кызматтык ишин баалоо жана кесиптик окутуунун натыйжалары эске алынат.
98. Аттестациялоонун жүрүшүндө мурда ыйгарылган квалификациясы ырасталбаган куткаруучуга аттестациялык комиссиянын чечими менен квалификациялык талаптарга ылайык квалификациялардан ажыратылганга чейин кыйла төмөн квалификация ыйгарылат.
99. Аттестациялык комиссия тарабынан куткаруучу статусун ыйгаруу жөнүндө жана аны кыйроодон куткаруу иштеринин бир же бир нече түрүн жүргүзүү укугуна аттестациялоо жөнүндө оң чечим кабыл алынган жаранга Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин буйругунун негизинде куткаруучунун өздүк күбөлүгү, китепчеси жана ага куткаруучунун аты-жөнү, канынын тобу жана каттоо номери жазылган жетон берилет.
100. Куткаруучунун китепчесинде ал жүргүзө турган аттестацияланган кыйроодон куткаруу иштеринин түрлөрү көрсөтүлөт.
Куткаруучунун өздүк күбөлүгүнүн жана куткаруучунун жетонунун бланкынын формасы жана сыпаттамасы, ошондой эле куткаруучунун китепчеси жөнүндө жобо Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
101. Куткаруучунун жетонун жана китепчесин, ошондой эле алардын дубликаттарын даярдоо кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн ишин камсыз кылууга арналган финансы каражаттарынын эсебинен, ал эми кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн курамына кирбеген куткаруучулар үчүн куткаруучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Куткаруучу ага берилген куткаруучунун өздүк күбөлүгүнүн, китепчесинин жана жетонунун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
§ 5. Аттестациялоонун натыйжаларын тариздөө
102. Аттестациялык комиссиянын чечими жыйналыштын протоколу түрүндө таризделет, ага комиссиянын төрагасы же анын милдеттерин аткаруучу адам, катчы жана жыйналышка катышкан аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү кол коёт.
Протоколдун негизинде аттестациялоонун натыйжалары жөнүндө тиешелүү буйрук чыгарылат.
103. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аттестациялоонун натыйжалары жөнүндө буйругунун көчүрмөсү 15 жумуш күндүн ичинде кыйроодон куткаруу бөлүмү, куткаруучу же куткаруучу статусун алган жаран тарабынан кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна аттестациялоо жөнүндө арыз берген уюмдун жетекчисине, ал эми куткаруучуну же куткаруучу статусун алган, кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн курамына кирбеген жаранды аттестациялоодо түздөн-түз куткаруучуга же жаранга жөнөтүлөт.
104. Кыйроодон куткаруу бөлүмүнүн жетекчиси, куткаруучу же куткаруучу статусуна ээ болгон жаран аттестациялоонун натыйжалары жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен макул болбогон учурда бул чечимге Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылуу тартиби жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
105. Ыйгарым укуктуу органдын аттестациялоонун натыйжалары жөнүндө буйругунан кийин аттестацияланган кыйроодон куткаруу бөлүмдөрү жана куткаруучулар жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу органдын маалыматтар базасына киргизилет.
106. Кыйроодон куткаруу бөлүмүн, куткаруучуну, жаранды аттестация жүргүзүү үчүн берилген документтер, аттестациялоо же аттестациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим менен аттестациялык комиссиянын жыйналышынын протоколу, ошондой эле башка документтер аттестациялык комиссия тарабынан түзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобого тиркеме |
Дене тарбия даярдыгы боюнча талаптар
Эркектер үчүн
№ | Көнүгүүлөрдүн аталышы | Баа | Медициналык-курактагы топтор | ||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | |||
25 жашка чейин | 26-30 жаш | 31-35 жаш | 36-40 жаш | 41-45 жаш | 46-50 жаш | 50 жаштан жогору | |||
1 | Турникте тартылуу (канча жолу) | Эң жакшы | 14 | 13 | 10 | 8 | 7 | 5 | 5 |
жакшы | 12 | 11 | 8 | 6 | 5 | 3 | 3 | ||
канааттандырарлык | 10 | 9 | 6 | 4 | 3 | 1 | 1 | ||
2 | Комплекстүү күч көнүгүүлөрү: 30 секунд тулку боюн бүгүү жана кайра жазуу, 30 секунд колго таянып жатып, колду бүгүү жана кайра жазуу (канча жолу) | Эң жакшы | 54 | 48 | 48 | 46 | 44 | 40 | 40 |
жакшы | 50 | 44 | 46 | 44 | 40 | 38 | 38 | ||
канааттандырарлык | 46 | 40 | 42 | 40 | 36 | 34 | 34 | ||
3 | 100 метрге чуркоо (секунд) | Эң жакшы | 14,0 | 14,2 | 14,8 | 15,4 | 15,5 | - | - |
жакшы | 14,4 | 14,6 | 15,4 | 16,0 | 16,2 | - | - | ||
канааттандырарлык | 15,2 | 15,6 | 16,2 | 16,8 | 17,0 | - | - | ||
4 | 1000 метрге чуркоо (мүнөт, секунд) | Эң жакшы | 3,20 | 3,25 | 3,45 | 3,55 | 4,05 | 5,05 | 5,15 |
жакшы | 3,30 | 3,35 | 3,55 | 4,05 | 5,05 | 5,35 | 5,45 | ||
канааттандырарлык | 4,00 | 4,05 | 4,35 | 4,45 | 5,45 | 5,55 | 6,15 | ||
5 | 3000 метрге чуркоо (мүнөт секунд) | Эң жакшы | 12,20 | 12,30 | 14,00 | 14,45 | 15,30 | 16,15 | 16,30 |
жакшы | 12,35 | 12,40 | 14,45 | 15,30 | 16,15 | 17,00 | 17,15 | ||
канааттандырарлык | 13,10 | 13,20 | 15,30 | 16,15 | 17,00 | 17,45 | 17,55 | ||
6 | 100 метрге спорттук формада сүзүү - эркин стилде (мүнөт, секунд) | Эң жакшы | 1,45 | 1,50 | 2,05 | 2,25 | 2,40 | 3,05 | 3,15 |
жакшы | 2,00 | 2,05 | 2,25 | 2,40 | 3,05 | 3,20 | 3,30 | ||
канааттандырарлык | 2,30 | 2,35 | 2,55 | 3,10 | 3,35 | 3,55 | 4,00 | ||
Аялдар үчүн
№ | Көнүгүүлөрдүн аталышы | Баа | Медициналык-курактагы топтор | |||
I | II | III | IV | |||
25 жашка чейин | 26-30 жаш | 31-35 жаш | 36-39 жаш | |||
1 | 100 метрге чуркоо (секунд) | Эң жакшы | 16,6 | 17,2 | - | - |
жакшы | 17,2 | 17,8 | - | - | ||
канааттандырарлык | 18,0 | 18,6 | - | - | ||
2 | Комплекстүү күч көнүгүүлөрү: 30 секунд тулку боюн бүгүү жана кайра жазуу, 30 секунд колго таянып жатып, колду бүгүү жана кайра жазуу (канча жолу) | Эң жакшы | 34 | 30 | 26 | 22 |
жакшы | 30 | 26 | 22 | 18 | ||
канааттандырарлык | 26 | 22 | 18 | 14 | ||
3 | 1000 метрге чуркоо (секунд) | Эң жакшы | 4,00 | 4,20 | 4,20 | 5,00 |
жакшы | 4,15 | 4,40 | 4,40 | 5,20 | ||
канааттандырарлык | 4,35 | 5,10 | 5,10 | 6,00 | ||
4 | 100 метрге спорттук формада сүзүү - эркин стилде (мүнөт, секунд) | Эң жакшы | 2,30 | 2,35 | 2,50 | 3,20 |
жакшы | 2,50 | 2,55 | 3,10 | 3,45 | ||
канааттандырарлык | 3,20 | 3,25 | 3,40 | 4,20 | ||
Эскертүү. Дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдерди тапшырууда кошумча финансы каражаттарды бөлүү талап кылынбайт, анткени башка уюмдардын (анын ичинде мектептердин ж.б.) окуу-материалдык базасын пайдаланууга болот.