Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү (мындан ары - бөлүм) бөлүмдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин укуктук жактан камсыз кылуучу Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм укуктук маселелер боюнча өз ишин Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча анын ишин укуктук жактан камсыз кылуу, ошондой эле Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин, анын орун басарларынын жана Президенттин Аппаратынын ишмердигин укуктук жактан камсыз кылуу;
2) укуктук талдоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси кабыл алып жаткан чечимдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык келишин камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюусуна келген мыйзамдарды экспертизалоону камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү жок болгондо "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы (мындан ары - Конституциялык палата) өкүлчүлүгүн белгиленген тартипте камсыз кылуу.
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Бөлүм милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) кол коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине келген мыйзамдарды укуктук экспертизалоону камсыз кылуу;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте мыйзамдарды кайтаруу үчүн аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин даярдоо;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын жана бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын жана башка укуктук документтердин долбоорлорун укуктук экспертазалоону жүргүзүү;
5) Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмасы, ошондой эле Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн сурамдары боюнча мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары маселе караганда зарыл болгон талдоо, маалыматтык жана башка материалдарды даярдоо;
8) Конституциялык палатанын жыйналыштарына белгиленген тартипте катышуу;
9) доо арыздары боюнча соттордо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын кызыкчылыктарын билдирүү үчүн ыйгарым укуктуу адамдарга ишеним каттарын тариздөө;
10) мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарынын контролдук нускаларын системага салуу жана жүргүзүү;
11) мыйзамдардын тармактык жалпы укуктук классификаторун жүргүзүү;
12) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө укуктук консультацияларды берүү;
13) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратына, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине даректелген каттарды жана башка кайрылууларды кароо.
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Коюлган милдеттердин жана функциялардын алкагында бөлүм төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан бөлүмдүн иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, консультациялык кеңештердин, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышууга;
3) Президенттин Аппаратында документтер менен иштөө регламентин бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте кайра кайтарууга;
4) бөлүмгө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүмдүн түзүмү жана штаты Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген Президенттин Аппаратынын штаттык саны менен аныкталат. Бөлүмдү Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу бөлүм башчы жетектейт.
8. Бөлүм башчы бөлүмгө жалпы жетекчилик кылат жана Президенттин Аппаратынын кызмат адамдары, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары менен мамилелерде бөлүмдүн атынан иш алып барат.
9. Бөлүм башчынын орун басары болот, ал бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Эксперттер бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Бөлүмдүн кызматкерлери Мамлекеттик кызматчынын этикалык кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголуучу сырды сактоого милдеттүү.
12. Бөлүм башчы:
1) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда функционалдык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт жана талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
2) бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан тапшырмалардын аткарылышы, документтердин сапаты жана өз убагында даярдалышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюусуна келип түшкөн мыйзамдарга Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан сурап алат;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары тапшырган маселелерди тез арада чечүү үчүн зарылчылыгына жараша министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакыртат;
5) Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда алардын кызматкерлерин тартат;
6) бөлүмдүн кызматкерлеринде турган документтердин аткарылышына контролдукту жана бөлүмдөгү иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
7) (КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна жана бөлүмдүн кароосуна түшкөн башка документтерге виза коёт;
10) өз компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
11) бөлүмдө жашыруундуулук режимин камсыз кылат жана мыйзамга ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалыматтын ачыкка чыгып кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
12) Президенттин Аппаратынын Жетекчисине бөлүмдүн түзүмү жана штаттык саны жөнүндө, бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуш киргизет;
13) бөлүмдүн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого көрсөтөт, аларга карата жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;
14) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
13. Бөлүм башчынын орун басары:
1) бөлүм башчы жок болгон мезгилде аны алмаштырат;
2) кол коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине келген мыйзамдарга укуктук экспертиза жүргүзөт, мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбеген учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлеринин долбоорун даярдайт;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жана Президенттин Аппаратына келген башка документтердин долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзөт;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Президенттин чечимдеринин, докладдардын жана башка материалдардын долбоорлорун өз убагында беришине контролдук кылат;
5) Президенттин Аппаратынын кызматкерлери менен мыйзамдарды түшүндүрүү жана колдонуу боюнча консультациялык ишти уюштурат;
6) юридикалык корутунду берүү үчүн бөлүмгө келген документтерди бөлүм башчы менен макулдашуу боюнча кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрөт;
7) Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын чечимисиз эле Конституциялык палатанын жыйналыштарына белгиленген тартипте катышат;
8) бөлүм башчы жок болгон мезгилде бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
9) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана укуктук маселелер боюнча талдоого алуу маалымкаттарын түзөт;
10) бөлүмдүн жетекчилиги жүктөгөн башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. Бөлүмдүн эксперти:
1) кол коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине келген мыйзамдарга укуктук экспертиза жүргүзөт жана мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбеген учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлеринин долбоорун даярдайт;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин жана укуктук мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдоого катышат, алар боюнча корутунду даярдайт;
3) функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын, башка документтердин долбоорлорун өз убагында беришине контролдук кылат;
4) функциялык милдеттеринде каралган маселелер боюнча бөлүм башчынын тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында өткөрүлгөн кеңешмелерге катышат;
5) Президенттин Аппаратынын кызматкерлери менен мыйзамдарды колдонуу боюнча консультациялык иш жүргүзөт;
6) кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды иликтейт жана алар боюнча жалпылоо жана талдоо жүргүзөт;
7) мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын системага салат жана контролдук нускаларын жүргүзөт;
8) мыйзамдардын тармактык жалпы укуктук классификаторун жүргүзөт;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин ченем жаратуучу ишин талдайт жана бөлүм башчысына маалымат берет;
10) функционалдык милдеттердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка функцияларды жүргүзөт.