Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 4-декабры ПЖ № 243
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77, 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64 жана 65-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
"- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү жөнүндө жобо 11-тиркемеге ылайык;
- (КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмү жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмү жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмү жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмү жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясы жөнүндө жобо 11-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө жобо 12-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө жобо 13-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө жобо 14-тиркемеге ылайык.
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. (КР Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Ш. Жээнбеков |