Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 9-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өзүнүн ишин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратты жана комитеттери, башка органдар менен өз ара тыгыз аракеттенип жүзөгө ашырат.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин, анын орун басарларынын дарегине жана Президенттин Аппаратына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын кароону камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын жарандарды жеке кабыл алуусун уюштуруу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамасында (мындан ары - Коомдук кабылдама) жарандарды кабыл алууну, зарыл болсо Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен уюштуруу;
4) Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары боюнча Коомдук кабылдаманын ишин координациялоо.
5. Бөлүм негизги милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратына даректелген жарандардын, анын ичинде белгиленген тартипте газеталардын, журналдардын, телекөрсөтүүлөрдүн, радионун жана башка жалпыга маалымдоо каражаттардын редакцияларынан, тикелей телефон байланыш тилкеси боюнча келип түшкөн жарандардын кайрылууларын кабыл алат, каттайт, эсепке алат жана карайт;
2) Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алууну уюштурат жана Коомдук кабылдамага кайрылган жарандарга көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө мүмкүн болушунча көмөк көрсөтөт, ошондой эле алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашырууда көмөк көрсөтөт, түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды берет;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине, Президенттин Аппаратына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштыруу, талдоо жана Президенттин Аппаратынын Жетекчилигинин кароосуна киргизүү үчүн отчетторду даярдайт;
4) Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча окутууну өткөрөт;
5) калк арасында түшүндүрүү иштерин, зарыл болсо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин тартуу менен жүзөгө ашырат;
6) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна чечүүсү алардын компетенциясына кирген жарандардын кайрылууларын жөнөтөт;
7) жарандардын кайрылуулары боюнча тапшырмалардын өз учурунда аткарылышына контролдук жүргүзөт.
8) документтердин аткаруу мөөнөттөрү жакындап калгандыгы жөнүндө эскертмени Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана зарылчылык болсо мамлекеттик органдарга жөнөтөт;
9) Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча Коомдук кабылдаманын ишин координациялайт.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Бөлүм ушул Жободо каралган негизги милдеттерди жүзөгө ашыруу жана өз функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жарандардын келип түшкөн кайрылууларын Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүүгө жана аларды аткаруунун жүрүшүнө (зарылчылык болсо) жана аларга жоопторго көз салууга;
2) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына жарандардын кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин, анын орун басарларынын тапшырмаларын жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берүүгө;
3) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн керек болгон маалыматты Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суратууга жана алууга, ошондой эле аларга жөнөтүлгөн кайрылууларды карап чыгуунун натыйжалары жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө берүүнү талап кылууга;
4) жарандардын кайрылуулары боюнча колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткарылган жоопторду аларды жеткире иштеп чыгуу үчүн Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, министрликтерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте кайтарып берүүгө;
5) жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топтордун, комиссиялардын ишине катышууга;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин, анын орун басарларынын тапшырмалары боюнча мамлекеттик органдарында, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча иштердин абалын текшерүүгө;
7) жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарын тартип жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
8) кайрылууларда коюлган маселелерди чечүү максатында жер-жерлерге баруу менен жарандардын кайрылууларын кароо боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
9) бөлүмгө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүм башчы бөлүмдүн ишин жетектейт, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8. Бөлүм башчысынын орун басары болот, ал бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Эксперттер бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Бөлүмдүн кызматкерлери Мамлекеттик кызматчынын этика кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү.
11. Бөлүм башчы:
1) бөлүмдө талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат.
2) бөлүмгө коюлган милдеттердин жана функциялардын тиешелүү түрдө аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
3) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында өткөрүлгөн кеңешмелерге катышат;
5) Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары менен жарандарды жеке кабыл алууну уюштурууну координациялайт;
6) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын кайрылууларын карап чыгуу боюнча Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин, анын орун басарларынын тапшырмаларына ылайык компетенциясына жарандардын кайрылууларында коюлган маселелерди чечүү кирген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына жарандардын кайрылууларын жөнөтөт;
8) компетенциясына кайрылууларда коюлган маселелерди чечүү кирген Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилүүчү коштомо каттарга кол коёт;
9) жарандардын кайрылуулары менен иштин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигине маалымат берет;
10) бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу, сыйлоо, ошондой эле аларга карата тартип жоопкерчилигинин чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды берет;
11) бөлүмдө жашыруундук режимин сактоону жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты ачыкка чыгарылышына жол берилбешин камсыз кылат;
12) Кыргыз Республикасынын Президентине жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисине кайрылууларда коюлган маселелерди контролдоо, чечүү максатында жер-жерлерге чыгуу менен айрым арыздарды текшерүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
13) жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды берет.
12. Бөлүмдүн башчысынын орун басары:
1) бөлүм башчысы жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды аткарат, жарандардын кайрылууларын сапаттуу жана өз убагында кароо жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) компетенциясына жарандардын кайрылууларында коюлган маселелерди чечүү кирген Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлгөн коштоочу каттарга кол коёт;
4) бөлүм башчысы жок болгон учурда бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинде өткөрүлгөн кеңешмелерге катышат.
13. Эксперт:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, жарандардын кайрылууларын сапаттуу жана өз убагында кароо жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) бөлүм башчысынын же анын орун басарынын тапшырмаларына ылайык жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары менен иш алып барат, жарандардын кайрылууларын кароо үчүн зарыл кошумча материалдарды менен документтерди чогулгат, жарандардын кайрылууларына суроо-талаптардын жана жооптордун долбоорлорун даярдайт;
3) Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин жарандардын кайрылуулары боюнча тапшырмаларын Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз убагында аткарылышына контролдук кылат;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын жарандарды жеке кабыл алуусун уюштурат;
6) Коомдук кабылдамада жарандардын кабыл алуусун, зарыл болгон учурларда Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусу менен жүргүзөт;
7) кайрылган жарандардын маселелерин чечүүдө мүмкүн болушунча көмөк көрсөтөт, көтөрүлүп жаткан маселелердин маңызы боюнча керектүү түшүндүрмөлөрү менен сунуштарды берет;
8) Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине, анын орун басарларына жана Президенттин Аппаратына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштырат жана талдайт;
9) мамлекеттик органдардын ишин талдайт, тиешелүү тыянактар жана сунуштар менен корутундуларды жана отчетторду даярдайт жана аларды Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кароосуна киргизет;
10) бөлүмдүн ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка функцияларды ишке ашырат.