Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 11-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясы (мындан ары - канцелярия) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Канцелярия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Канцелярия өз ишин канцеляриянын компетенциясына таандык маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат.
2. Канцеляриянын милдеттери жана функциялары
4. Канцеляриянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси), анын орун басарларынын жана Президенттин Аппаратынын ишин документтик жактан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, чечимдерин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, анын орун басарлары, Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өткөргөн жыйналыштардын, кеңешмелердин протоколдорун тариздөө жана чыгаруу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын, чечимдерин жана тапшырмаларын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын жана анын орун басарларынын тапшырмаларын аткарышын контролдоону камсыз кылуу;
4) иш кагаздарын жүргүзүүсү аяктаган Президенттин Аппаратынын документтерин эсепке алууну жана сакталышын камсыз кылуу.
5. Негизги милдеттерге ылайык канцелярия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш кагаздарын талаптагыдай жүгүртүүнү уюштуруу жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана иштин номенклатурасынын бирдиктүү системасынын иштешин камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, чечимдеринин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын, жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдорунун, кат-кабарлардын жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына (мындан ары - Президенттин Аппаратынын жетекчилиги) кол коюуга киргизиле турган башка кызматтык документтердин долбоорлоруна лингвистикалык экспертизаны жүзөгө ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, чечимдерин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын жетекчилиги, Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өткөргөн жыйналыштардын, кеңешмелердин протоколдорун тариздөө жана чыгаруу боюнча ишти уюштуруу, аларды таркатууну, тапшырууну жана сакталышын эсепке алууну камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, чечимдеринин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Президентине жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигине кол коюуга киргизилүүчү башка кызматтык документтердин долбоорлорун мамлекеттик тилге которууну жүзөгө ашыруу;
5) кириш жана чыгыш кат-кабарларды кабыл алуу, каттоо, эсепке алуу, аткарууга өз учурунда тапшыруу, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кароосуна жөнөтүү;
6) чыгыш кат-кабарларды кабыл алуу, каттоо, эсепке алуу, көбөйтүү жана таркатуу;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин дарегине келип түшкөн кат-кабарлардын өтүшү жана кароо абалы жөнүндө маалымдама маалыматты берүү;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, чечимдерин, тапшырмаларын, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин чечимдерин жана тапшырмаларын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аткарышына контролдук кылуу;
9) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө документтерди аткаруунун мөөнөттөрү жакындап калгандыгы жөнүндө маалымдоо;
10) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө аткаруучулук тартиптин абалына талдоо жүргүзүү;
11) жарым жылдын жана жылдын жыйынтыктары боюнча Президенттин Аппаратында документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзүү;
12) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн Президенттин Аппаратында документтер менен иштөө регламентинин ченемдеринин сакташына контролдукту жүргүзүү;
13) Президенттин Аппаратынын иштөө процессинде түзүлгөн документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүүнү ишке ашыруу, сакталышын жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивине (мындан ары - Президенттин Архиви) өткөрүүгө даярдоону уюштуруу;
14) Президенттин Архивинин ишине координациялоону жүзөгө ашыруу;
15) Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча практикалык жана усулдук жактан жардам көрсөтүү;
16) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүн бланк продукциясы менен камсыз кылуу.
17) Президенттин Аппаратынын мезгилдүү басылмаларга жазылуусун жүргүзүү.
3. Канцеляриянын ыйгарым укуктары
6. Канцелярия милдеттерди чечүү жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) канцелярияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка органдардан жана уюмдардан маалыматтык, талдоо жана маалымдама материалдарды суратууга жана алууга;
2) канцеляриянын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелерди чечүүдө мамлекеттик жана башка органдардын жана уюмдардын кызматкерлерин тартууга;
3) жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топтордун, комиссиялардын ишине катышууга;
4) канцеляриянын компетенциясына кирген маселелер боюнча кат алышууга;
5) Президенттин Аппаратында документтер менен иштөө регламентинин талаптарын бузуу менен даярдалган, киргизилген документтерди Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка органдарга жана уюмдарга кайтарууга;
6) канцелярияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарга.
4. Канцеляриянын жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Канцелярияга канцеляриянын башчысы жетекчилик кылат, аны Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
8. Канцеляриянын башчысынын орун басары болот, ал канцеляриянын башчысынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Канцеляриянын сектор башчысы жана эксперттери канцеляриянын башчысынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Канцеляриянын кызматкерлери канцеляриянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүүгө, Мамлекеттик кызматчылардын этикасы кодексин сактоого, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзамда корголгон сырды жана жашырындуулук режимин сактоого милдеттүү.
11. Канцеляриянын башчысы:
1) канцеляриянын ишин пландайт, функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт, зарыл болгон учурда аларга шашылыш түрдө өзгөртүүлөрдү киргизет, талаптагыдай тартипти камсыз кылат;
2) канцелярияда кадрларды тандоону жана жайгаштырууну ишке ашырат, Президенттин Аппаратынын жетекчилигине канцеляриянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
3) күн сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине келип түшкөн кат-кабарларды карап чыгат, Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз чечүүсү талап кылынбаган учурларда же Кыргыз Республикасынын Президентине билдирүү үчүн алдын-ала иштеп чыгуу талап кылынган учурларда алардын компетенциясына таандык маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө аларды бөлүштүрөт;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын почтасын түзөт. Кыргыз Республикасынын Президентинин почтасын Президенттин Аппаратынын жетекчилиги менен макулдашат;
5) Президенттин Аппаратында кызматтык документтердин өз убагында өтүшүнө контролдук кылат;
6) Президенттин Аппаратында иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча нускамаларды жана усулдук окуу куралдарын иштеп чыгууга катышат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинде болгон жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
8) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлоруна, башка документтерге виза коёт;
9) канцеляриянын компетенциясына таандык маселелер боюнча кызматкерлер менен кеңешме өткөрөт;
10) белгиленген тартипте канцеляриянын кызматкерлерин сыйлыкка көрсөтөт, аларга карата тартип жазасын колдонуу жөнүндө, ошондой эле аларды иш сапарларга жиберүү жөнүндө сунуш киргизет;
11) канцелярияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
12) Президенттин Архивинин башчысы сунуштаган талапкерлерге, кийин аларды кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси дайындашы үчүн макулдук берет;
13) канцеляриянын карамагына таандык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. канцеляриянын башчысынын орун басары - иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунун башчысы:
1) сектордун ишине жетекчилик кылат, секторго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат, сектордун ишин пландаштырат, сектордо талаптагыдай тартипти камсыз кылат, кызматкерлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, сектордун иши жөнүндө отчет берет;
2) күн сайын келип түшкөн кат-кабарларды карайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кол коюусуна жана таанышуусуна келген документтерди толуктайт жана текшерет;
3) Президенттин Аппаратында документтер менен иштөө регламентине ылайык документтер менен иштөөнү жана Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү системасынын иштөөсүн уюштурат;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, чечимдеринин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлоруна, Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын жетекчилиги өткөрүүчү жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кол коюусуна киргизилүүчү кат-кабарларга жана башка кызматтык документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзөт;
5) иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча нускамаларды жана усулдук колдонмолорду даярдайт, учурдагы календарлык жылга Президенттин Аппаратынын иш номенклатурасын иштеп чыгат (тактайт);
6) төмөнкүлөр боюнча ишти уюштурат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын, чечимдеринин жана тапшырмаларынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын жана тапшырмаларынын, анын орун басарларынын тапшырмаларынын өз убагында аткарылышын контролдоо;
- номенклатурага ылайык иштерди түзүү, учурдагы архивге сактоого берилүүчү документтердин илимий жана практикалык баалуулугуна экспертиза өткөрүү;
7) жарым жылдын жана жылдын жыйынтыктары боюнча Президенттин Аппаратында документтерди жүгүртүү жөнүндө маалымат берет жана аны талдайт;
8) сектордун компетенциясына таандык башка функцияларды аткарат;
9) канцеляриянын башчысы убактылуу жок болгон мезгилде канцелярияга жетекчилик кылат.
13. Актыларды чыгаруу секторунун башчысы:
1) сектордун ишин жетектейт, секторго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат, сектордун ишин пландаштырат, сектордо талаптагыдай тартипти камсыз кылат, кызматкерлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, сектордун иши жөнүндө отчет берет;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын жана чечимдеринин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын жетекчилиги өткөргөн жыйналыштардын, кеңешмелердин протоколдорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кол коюусуна киргизилүүчү башка кызматтык документтерди мамлекеттик тилге которууну жана лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү уюштурат жана ишке ашырат;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдарга лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү ишке ашырат;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын жана чечимдеринин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Президенттин Аппаратынын жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери өткөргөн жыйналыштарынын жана кеңешмелеринин протоколдорун өз убагында каттоого, көбөйтүүгө, таркатууга, эсепке алууга, сактоого, документтерди комплектөөгө, аларды Президенттин Архивине даярдоого жана өткөрүп берүүгө контролдук кылат;
5) сектордун компетенциясына таандык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
14. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунун эксперттери:
1) кирүүчү, ички жана чыгуучу кат-кабарларды күн сайын каттайт;
2) Президенттин Аппаратында кызматтык документтердин ыкчам өтүүсүн камсыз кылат;
3) "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифи менен кат-кабарларды өз убагында кабыл алууну, каттоону жана дайындалышы боюнча берүүнү камсыз кылат;
4) күн сайын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарларынын почтасын түзөт;
5) жума сайын документтердин жакындап калган аткаруу мөөнөттөрү жөнүндө Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүн маалымдайт;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын, чечимдерин жана тапшырмаларын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын, анын орун басарларынын тапшырмаларын Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз учурунда аткарышын контролдоону жүзөгө ашырат;
7) канцеляриянын компетенциясына кирген маселелерди Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана орун басарлары караганда талдоо, маалымдама жана башка зарыл материалдарды даярдайт;
8) Президенттин Аппаратында аткаруу тартибинин абалы жөнүндө маалымат берет, кириш жана чыгыш кат-кабарларды сандык жана сапаттык талдоону жүргүзөт;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин дарегине келип түшкөн кат-кабарлардын өтүшү жана кароонун абалы жөнүндө маалымдама маалымат берет;
10) иш кагаздарын жүргүзүүсү бүткөн Президенттин Аппаратынын документтерин кабыл алуу, иштетүү жана аларды учурдагы архивде эсепке алууну жана сакталышын, аларды Президенттин Архивине сактоого өткөрүп берүү боюнча ишти жүргүзөт;
11) аларга жүктөлгөн функционалдык милдеттердин өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
12) сектордун компетенциясына таандык башка функцияларды ишке ашырат.
15. Актыларды чыгаруу секторунун эксперттери:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын жана чечимдеринин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Президенттин Аппаратынын жетекчилиги өткөргөн жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кол коюусуна киргизилүүчү каттарды жана башка кызматтык документтерди мамлекеттик тилге которот жана лингвистикалык экспертизаны жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдарга лингвистикалык экспертиза жүргүзөт;
3) мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, буйруктарына жана чечимдерине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарына документтерди (маалымкаттар, корутундулар, макулдашуу баракчалары жана башка зарыл документтер) комплекттөөнү жүргүзөт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана чечимдерин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери өткөргөн жыйналыштардын, кеңешмелердин протоколдорун каттоону, көбөйтүүнү жана таркатууну ишке ашырат, аларды эсепке алууну, сакталышын, Президенттин Архивине сактоого өткөрүүгө даярдоону жана өткөрүп берүүнү камсыз кылат;
5) күн сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин почтасын түзөт;
6) функционалдык милдеттердин өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
7) сектордун компетенциясына таандык башка функцияларды аткарат.