Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 11-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү (мындан ары - туруктуу өкүл) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) кызыкчылыгын билдирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында (мындан ары - Конституциялык палата) анын конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшөт.
2. Туруктуу өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Конституциялык палатанын Регламентинин жоболорун эске алуу менен ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Туруктуу өкүл Президенттин атайын чечимисиз Конституциялык палатанын жыйналыштарына белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
4. Туруктуу өкүлдүн негизги милдети болуп Президент менен Конституциялык палатанын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу саналат.
5. Туруктуу өкүл Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) бөлүм башчысынын рангына ээ.
6. Туруктуу өкүл жок болгон учурда Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча аны Президенттин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары алмаштырат.
2. Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлүнүн функциялары
7. Туруктуу өкүл төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) белгиленген тартипте Конституциялык палатанын жыйналыштарына катышат;
2) "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана Конституциялык палатанын Регламентинде каралган бардык учурларда Президенттин атынан конституциялык сот өндүрүшүндө иш алып барат;
3) Конституциялык палата тарабынан каралып жаткан маселелер боюнча Конституциялык палатанын судьяларынын суроо-талабы боюнча Президенттин позициясын билдирет;
4) Президент тарабынан Конституциялык палатага кароо үчүн киргизилүүчү материалдарды даярдоого катышат;
5) Президенттин атынан Конституциялык палатага киргизүү болжолдонулуп жаткан кайрылуулардын долбоорлорун Президентке жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисине берет;
6) Президент Конституциялык палатага кайрылуу жөнөткөн негиздерди тактайт жана Президент менен макулдашуу боюнча аны өзгөртөт;
7) Президенттин тапшырмасы боюнча анын кайрылуусун Конституциялык палатанын жыйналышында ишти кароо башталганга чейин чакыртып алат;
8) Конституциялык палатанын жыйналышына Президенттин кайрылуусунда баяндалган анын позициясына зарыл тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизет;
9) Президенттин Конституциялык палатанын жетекчилери менен өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, жолугушууларын уюштурууга көмөктөшөт;
10) колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле Президенттин Конституциялык палата менен болгон өз ара мамилелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна талдоо жүргүзөт;
11) зарыл болгон учурда Конституциялык палатанын чечимдерин аткарууну камсыз кылууга тиешелүү чаралар боюнча Конституциялык палата менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө сунуштарды Президентке киргизет;
12) Президентке жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисине Конституциялык палатанын иши жөнүндө маалымдайт;
13) Конституциялык палатада кароодо аныкталган мыйзамдардагы жана башка ченемдик укуктук актылардагы мүчүлүштүктөргө, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келишине талдоо жүргүзөт;
14) Президенттин Конституциялык палатада кызыкчылыктарын билдирүү менен байланышкан башка функцияларды аткарат.
3. Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлүнүн укуктары
8. Туруктуу өкүл өзүнүн функцияларын аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президенттин Аппаратынын бөлүмдөрүнөн, башка мамлекеттик органдардан зарыл корутундуларды, материалдарды жана маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл материалдарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерине, убактылуу комиссияларына, парламенттик фракцияларына жана Аппаратына кайрылууга;
3) өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматтарды мамлекеттик органдардан белгиленген тартипте алууга;
4) маалыматтык маалыматтар банктарын, анын ичинде өкмөттүк, байланыш жана коммуникация системаларын, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик органдардын башка техникалык каражаттарын белгиленген тартипте колдонууга.
4. Корутунду жоболор
9. Туруктуу өкүлдүн ишин материалдык, техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат.