ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 28-ноябры № 48
Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 04, 13.10.2023-жылдагы № 44 токтомдоруна, бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 20.11.2023-жылдагы № 01-17/1216, 27.11.2023-жылдагы № 01-17/1237 сунуштары “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынын жактырылгандыгы белгиленсин, ага ылайык, бюджетке төмөндөгү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын эсебинен максаттуу трансферт катары берилген 1782,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын;
- 13.02.2023-жылдагы № 04 токтомунун 2-пунктунан Жалал-Абад өнүктүрүү фонду аркылуу грейдер техникасын алуу боюнча долбоорго өздүк салым катары бөлүнгөн 2400,0 миң сом кыскартылсын;
- максаттуу трансферт катары берилген жана кыскартуудан алынган, жалпы 4182,0 миң сом акча каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин;
- 13.10.2023-жылдагы № 44 токтомунун тиркемесинин 2-таблицасынын 14,15-пункттарындагы суммалар бириктирилип жалпы суммасы 271,0 миң сом, багыты “Токтогул шаарындагы ички көчөлөрдүн (К.Мадьяров, Шарипов, Суеркулов, Токтогул ж.б) чуңкурчаларын ондоо, шагылдоо, тегиздөө, тейлөө иштерине муниципарлдык тапшырык үчүн” деген сүйлөм менен, статьялары “2215 статьясына” алмаштырылсын;
2. Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.
5 Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | М.Т.Борбугулов |
| БЕКТИЛДИ Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 28.11.2023- жылдагы кезексиз XXI сессиясынын № 48 токтомуна |
| Тиркеме |
Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 04, 13.10.2023-
жылдагы № 44 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн жыйынтыгы
менен каражаттарды чыгымдоо багыттарынын ачыктамасы
№ | Мазмуну | Сумма (миң сом) |
1 | Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын эсебинен максаттуу трансферт катары берилген каражат | 1782,0 |
2 | Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 04 токтомунун 2-пунктунан Жалал-Абад өнүктүрүү фонду аркылуу грейдер техникасын алуу боюнча долбоорго өздүк салым катары бөлүнгөн каражатты кыскартуудан алынган каражат | 2400,0 |
| Жалпы: | 4182,0 |
|
|
|
№ | Чыгымдоо багыттары | Статья | Бөлүнгөн сумма (миң) |
| Мэриянын аппаратына |
|
|
1 | Эл счетчик АСКУЕ 3 даана (1даана б/бакчасына,1 даана мектепке,1даана көчө жарыктандыруусуна | 2222 | 60,0 |
2 | Сметчик алууга | 2215 | 200,0 |
3 | Токтогул райвоенкоматка атайын резервдик ротанын кийимдерин сактоого 40 тонналык контейнер алуу, орнотууга | 3112 | 150,0 |
4 | Ардагерлер бөлмөсүнө, кабинетине жабдууларды алууга | 2222 | 50,0 |
5 | Мэриянын аппаратына компьютер, принтерлери менен алууга (салык Жаманкулова Ш, Ташболотова 2 даана компьютер 60,0 миң сомдон, 2 даана принтер 25,0 миң сомдон | 3112 | 170,0 |
6 | ПСД ларды даярдоого | 2215 | 1500,0 |
7 | Био туалет 3 даана | 2222 | 45,0 |
8 | Жаңы жылдык иш чара өткөрүүгө 1% рез фондго 180,0 миң сом кошумча: анын ичинен 150,0 жаңы жылдык иш чара, 30,0 контейнерлерди көчүрүп чыгууга | 2824 | 180,0 |
9 | Самбо боюнча тренер Б.Кылычовдун кайрылуусу | 2721 | 10,0 |
10 | Акжон конушуна көчөгө суу чыгарууга (Суу канал аркылуу) | 2511 | 73,5 |
11 | Коопсуз шаар алкагында видео көзөмөл алууга жана орнотууга (кошумча) | 3112 | 100,0 |
12 | Реабилитациялык борбордун ремонтуна кошумча каражат | 2221 | 60,0 |
13 | Суу канал ишканасынын балансындагы портер автомашинасына запастык бөлүктөрүнө | 2214 | 254,5 |
14 | “Ыңгайлуу шарт” МИ Нива кызматтык автоунаасын ондоп-түзөөгө | 2214 | 45,5 |
| Токтогул шаардык кеңешине |
|
|
15 | Токтогул шаардык кеңешинин кызматтык автоунаасын оңдоого | 2214 | 15,7 |
| Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебине |
|
|
16 | Жылытуу системасына шаймандарды алууга (кышка даярдоо) | 2222 | 4,6 |
17 | Трансформаторго техникалык шарттарын алууга | 2215 | 10,0 |
| Токтогул атындагы орто мектебине |
|
|
18 | Жаңы жылдык жасалма балаты алууга, жасалгасы менен | 2222 | 45,0 |
19 | Волейбол сеткасын алууга жана волейбол тобун алууга мурда бөлүнгөн каражатка кошумча | 2222 | 14,0 |
| “Күн Нуру” балдар бакчасына |
|
|
20 | Каалгаларын алмаштыруунун кызмат акысына | 2221 | 70,0 |
21 | Электрический тэн сатып алууга | 2222 | 3,8 |
| “Наристе” балдар бакчасына |
|
|
22 | От жагуучу бөлмөсүнө кошумча каражат | 3111 | 120,0 |
| “Байчечекей” балдар бакчасына |
|
|
23 | Морозильник алууга | 3112 | 40,0 |
| Жалпы: |
| 3221,6 |
Төрага: | М.Т.Борбугулов |