Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 667 токтомуна) |
Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесин ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын жарандарына шашылыш медициналык жардам көрсөтүүдө клиникалык пайдалануу үчүн донордук кан, анын компоненттери жана препараттары менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
2. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын башка мамлекеттерге сатууга тыюу салынат.
3. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуу жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасына ташып кирүү кан кызматы жаатындагы саламаттык сактоо уюмдарына ташып чыгууга же ташып кирүүгө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан берилген уруксат бар болгондо жүзөгө ашырылат.
4. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгууга уруксат берүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
- Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн кандын компоненттерине жана препараттарына алмаштыруу;
- чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына шашылыш медициналык жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүү.
5. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө уруксат берүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
- Кыргыз Республикасында жүргөн башка мамлекеттердин жарандарына шашылыш медициналык жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам берүү.
6. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгууга жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө уруксат берүү маселелери боюнча комиссиянын (мындан ары - комиссия) курамын бекитет.
7. Комиссия кайрылууну беш жумуш күндүн ичинде төмөнкүдөй документтердин негизинде карайт:
1) кан кызматы жаатындагы уюмдун жана/же кан препараттарын өндүрүү менен иштеген уюмдун (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчисинин же болбосо анын милдеттерин аткарган адамдын ушул Тартиптин тиркемесине ылайык арызы;
2) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн кандын компоненттерине жана препараттарына алмаштыруу учурунда арыз ээси тарабынан донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын алмаштыруу контрактынын (келишимдин) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет;
3) канды жана анын компоненттерин даярдоо, консервациялоо, кайра иштетүү, өндүрүү, сактоо жана сатуу менен байланышкан ишке лицензиянын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгерде бул иш кандын препараттарын өндүрүүчү өлкөдө лицензияланууга тийиш болсо);
4) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгаруу жана (же) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүү учурунда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечимине ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксаттын (лицензиянын) болушу.
8. Арыз ээсинин кайрылуусу электрондук, ошондой эле кагаз түрүндө берилиши мүмкүн.
9. Арыз ээсинин электрондук түрдөгү кайрылуусу "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы же ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү маалымат системасы аркылуу жөнөтүлөт.
7-пункттун 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынышы, ошондой эле электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
10. Арыз ээси берилген маалыматтардын аныктыгына жоопкерчилик тартат.
11. Арыз ээси ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук көлөмдө бербесе, документтер 5 жумуш күндүн ичинде кароосуз арыз ээсине кайтарып берилет.
12. Комиссия оң чечим кабыл алгандан кийин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы мыйзамдарда белгиленген тартипте донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгууга жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө буйрук чыгарат.
13. Комиссия терс чечим кабыл алган учурда ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине жүйөлүү баш тартууну жөнөтөт.
14. Баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
- документтерде анык эмес маалыматтарды көрсөтүү;
- документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын ушул Тартиптин 7-пунктунун талаптарына шайкеш келбегендиги.
2. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын ташууну, ташып келүүнү жана ташып кирүүнү уюштуруу
15. Төмөндө көрсөтүлгөн иш-чаралар канды, анын компоненттерин жана препараттарын ташып келүүгө жана ташып чыгууга уруксат алган субъект тарабынан жүргүзүлөт.
16. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын ташуунун, ташып келүүнүн жана ташып кирүүнүн алдында визуалдык текшерүү жана документтештирүү керек.
17. Ташуу үчүн жооптуу персонал жүктөөдө, ташууда жана түшүрүүдө кан, анын компоненттери жана препараттары менен иштөө эрежелерине үйрөтүлүүгө тийиш.
18. Донордук кандын, анын компоненттеринин жана препараттарынын ар бир бирдигин ташуу, ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө чечим төмөнкүлөрдөн кийин гана кабыл алынат:
- продуктту идентификациялоодон;
- донордук кандын үлгүлөрүн гемотрансмиссивдүү инфекцияларга изилдөөдөн;
- сырткы көрүнүшүн, таңгагынын бүтүндүгүн жана продукцияны сактоо шарттары жөнүндө каттоо маалыматтарын текшерүүдөн.
3. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын ташуунун, ташып келүүнүн жана ташып чыгуунун жалпы шарттары
19. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын ташуу, ташып келүү жана ташып чыгуу кан кызматы жаатындагы саламаттык сактоо уюмунун ташуу эрежелеринин сакталышы үчүн жооптуу персоналы тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
20. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын ташуу, ташып келүү жана ташып чыгуу төмөнкүдөй шарттарды сактоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш:
- муздаткыч жабдуулардын жана жылуулукту изоляциялоочу транспорттук контейнерлердин болушу;
- ташууда донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын алардын аталышына жараша өзүнчө сактоону камсыз кылуу;
- белгилүү бир температуралык режимди дайыма кармап туруу.
21. Донордук кан, анын компоненттери жана препараттары бар жылуулукту изоляциялоочу контейнерлер ташууда, ташып келүүдө жана ташып чыгууда - соккулардан, оодарылуудан, титирөөдөн, ал эми клеткалык компоненттер тоңуп калуудан корголушу керек.
22. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын жылуулукту изоляциялоочу контейнерлерде ташуу, ташып келүү жана ташып чыгуу кандай болбосун транспорт каражаттары менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
23. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын ташуу убактысы жарым сааттан аз болгондо, ташуу жетиштүү изотермиканы камсыз кылган кандай болбосун контейнерлерди пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
24. Жылуулукту изоляциялоочу контейнерлерде донордук кан бар баштыктар, анын компоненттери жана препараттары алардын бири-бирине тийүүсүн болтурбоо үчүн вертикалдуу абалда таңгакталат.
25. Донордук кан, анын компоненттери жана препараттары жылуулукту изоляциялоочу контейнерлерде жана муздаткычта сактоонун температурасы суткасына эки жолудан кем эмес катталып турат.
26. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын алганда жылуулукту изоляциялоочу контейнерлерди ачкандан кийин дароо контейнердин ичиндеги температураны текшерүү, алынган датаны жана убактысын каттоо керек.
4. Корутунду жоболор
27. Ушул Тартиптин бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| Тиркеме |
|
| Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн тартибине |
__________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы)
__________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
АРЫЗ
Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан
тышкары ташып чыгууга жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын
Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө уруксат берүүнү суранам (керектүүсүн сызуу керек)
______________________________________________________________________________
Уюм жөнүндө маалыматтар:
1. Канды жана анын компоненттерин ташып чыгууга жооптуу адамдын Ф.А.А.
______________________________________________________________________________
2. Инсандыктын күбөлүгүнүн же паспортунун сериясы жана номери
______________________________________________________________________________
(ким тарабынан жана качан берилген)
3. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк
______________________________________________________________________________
(номери, сериясы, ким тарабынан жана качан берилген)
4. Канды жана анын компоненттерин ташып чыгуунун/ташып кирүүнүн максаты
______________________________________________________________________________
5. Кандын жана анын компоненттеринин аталышы жана салмагы
______________________________________________________________________________
6. Кан жана анын компоненттери ташылып чыккан жана ташылып кирген мамлекет
______________________________________________________________________________
7. Юридикалык жактын - арыз берүүчүнүн дареги
______________________________________________________________________________
(индекс, облус, шаар, көчө, үй номери, тел./факс)
8. Тиркелген документтер:
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
Жетекчи ___________________ ____________________________________________
(колу) (фамилиясы, аты, атасынын аты)
"___" _____________________ 202____-ж.
Арыз кароого кабыл алынды "___" _____________________ 202____-ж.
______________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын жооптуу адамынын колу, фамилиясы, аты, атасынын аты)