Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-октябры № 655
Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин эмгегине дем берүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө
Өмүргө коркунуч туудурган табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин эмгегине дем берүү максатында, "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдар зоналарында издөө, кыйроодон куткаруу жана калыбына келтирүү иштерине түздөн-түз катышкан кызматкерлерине компенсация төлөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына, эркин жалданган жана жарандык персоналына тамактанууга эсептик көрсөткүчтүн тогуз эсе өлчөмүндө ай сайын компенсация белгиленсин.
3. Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү жылга каралган каражаттарды кайра бөлүштүрүү жолу менен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 86 (3640) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |