ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 457 «Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 28-сентябры № 457

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

                     Кыргыз Республикасынын Өзгөчө

               кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын

                   эмгегине акы төлөө боюнча кошумча

                            чаралар жөнүндө

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)

 

     Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу

жана кесепеттерин жоюу боюнча өмүрдү тобокелдикке салуу менен байланыш-

кан  күтүүсүз  кырдаалдарда иштердин нормаланбаган режимине байланыштуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз  Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист-

рлигинин аппаратынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери  үчүн

төмөндөгүлөр белгиленсин:

     - (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

     - тамак-ашка  эњ аз эмгек акынын тогуз эсе өлчөмүндө ар айлык ком-

пенсация;

     - издөөчү,  кыйроодон-куткаруучу  жана калыбына келтирүүчү иштерге

өзгөчө кырдаалдар аймагында же өмүрдү тобокелдикке салуу  менен  байла-

нышкан кооптуу участокторду,  кооптуу табигый жана техногендик процесс-

терди изилдөөгө түздөн түз катышкан кызматкерлер үчүн -  эки  кызматтык

маяна өлчөмүндө кошумча төлөө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)

     2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар  минист-

рлиги  ушул  токтомдо  каралган төлөп берүүлөрдү Кыргыз Республикасында

өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн  каражаттардын  эсебинен

2005-жылдын 1-сентябрынан баштап жүргүзсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов