Редакцияот 07.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIIчакырылышынын) депуттарынын кезексиз XXV сессиясы

2023-жылдын 7-августу № 162

“Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу ” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн иштердин,функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын угуп , мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө сунушу боюнча Мырза - Аке айылдык кеңешинин сессиясы

 

1.Мырза – Аке айыл өкмөтүнүн мал чарбасын өнүктүрүү бөлүгүндө “тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана милдеттерди аткарууга тиешелүү бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин “Регламент мыйзамдуулук укук тартиби жана этика “ маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрайым

Г.Жороева