| Мырза-Аке айылдык кеңешинин “ 07” август 2023-жылдагы № 162 токтому менен бекитилген |
Мырза-Аке айыл аймагында жергиликтүү маанидеги
маселелерди башкаруунун типтүү тартиби
§1. Жалпы жоболор жана терминдер
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул типтүү тартиби (мындан ары - Типтүү тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
2. Типтүү тартип Мырза-Аке айылдык кеңешине өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.
3. Бул Типтүү тартипте төмөнкү терминдер колдонулат:
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;
Компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы;
Көзөмөл - ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген көрсөткүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси;
Мониторинг жана баалоо - башкаруу субъектине башкарылуучу объектке эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси;
Милдеттенме - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүлөр/товарлар, жумуштар, жөлөкпулдар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин, ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;
Уюштуруу - жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;
Ыйгарым укук - мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башкаруу функциясы – бул уюмдардын, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу, контролдоо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери;
Башкаруу - уюмдун максатына же конкреттүү маселени чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан божомолдоо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси;
Кызмат - юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын канааттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракети.
§ 2. Типтүү тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары
4. Типтүү тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу,
2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу,
3) жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, баалоо жана контролдоо жүргүзүү.
5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу алкагында ишке ашырылат.
6. Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аракеттерди камтыйт.
7. Функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн Мырза-Аке айылдык кеңеши төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөгө ашырат:
№1 кадам.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча Мырза-Аке айыл өкмөтүнө жергиликтүү жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талдоо жүргүзүлөт.
№2 кадам.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн талдоолордун жыйынтыгынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңешинин болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат.
№3 кадам
Мырза-Аке айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет.
№4 кадам.
Мырза-Аке айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат.
№ 5 кадам.
Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук талкуудан өтөт.
№6 кадам.
Мырза-Аке айылдык кеңеши жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат (жергиликтүү кеңештин типтүү токтомунун формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеңештин токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде келтирилген).
8. Мырза-Аке айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал төмөнкү чараларды камтыйт:
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү;
- кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрядчыны тандоо/дайындоо жол-жобосун/процедурасын жүргүзүү;
- көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда);
- жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенсациялык чараларды белгилөө (зарыл болгон учурда);
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо булактарын аныктоо;
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар.
9. Ушул Типтүү эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар Мырза-Аке айылдык кеңеши тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт түрүндө, ошондой эле Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде көрүлүшү мүмкүн.
§3. Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана башкаруу процесстерине катышуусу
10. Бул Типтүү тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды талкуулоого кеңири тартылат.
11. Мырза-Аке айылдык кеңеши жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу, шаар/айыл аймагынын веб-сайтына, социалдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.
12. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелөө, милдеттерди жана иш-чараларды талкуулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топторун түзүү сунушталат.
13. Мырза-Аке айыл өкмөтү жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.
14. Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары Мырза-Аке айылдык кеңеши тарабынан өз жыйналыштарында каралат.