Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 11-апрелиндеги № 18-8
Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 24.11.2020-жылдын сессиясынын “Кызыл-Туу айыл аймагындагы Жол-Сай айылына эмгек ардагери Асилбек Арстанбаев ысымын ыйгаруу жөнүндө” №27-2 токтомунун 1-пунктундагы өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамынын 6-пунктунун негизинде Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин Социалдык,билим берүү жана спорт тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп,талкуулап сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын №27-2 токтомунун 1-пунктундагы “Жол-Сай айылына Арстанбаев Асилбектин ысымы ыйгарылсын“ дегендин ордуна, ”Жол-Сай айылына Арстанбаевдин ысымы ыйгарылсын жана “Арстанбаев айылы” деп аталсын.
2. Жол-Сай айылын Арстанбаев айылы деп которуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын тактап, даярдап, иш аракеттерин көрүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин Социалдык,билим берүү жана спорт тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Аталган токтомду kуzуl-tuu.gos.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.Төрөбеков |