Сравнение редакций…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 43
Ичүүчү сууну пайдалануу үчүн тариф бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ №370 Жарлыгына ылайык, административдик-аймактык реформанын алкагында мурунку Александровка, Садовое, Сретенка айылдык аймактарындагы “Александровка”, “Таза көчө” муниципалдык ишканалары жоюлуп жана жаңы “Таза Булак” муниципалдык ишканасы түзүлгөндүгүнө байланыштуу,
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Ичүүчү сууну пайдалануу үчүн төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
– Александровка айылынын калкы үчүн айына бир кишиге – 45 (кырк беш) сом;
– Крупское, Беш-Көрүк айылынын калкы үчүн айына бир кишиге – 20 (жыйырма) сом;
– Садовое айылынын калкы үчүн айына бир кишиге – 80 (сексен) сом;
– Сретенка, Большевик, Заря айылдарынын калкы үчүн айына бир кишиге – 22 (жыйырма эки) сом – индивидуалдык тариф, 17 (он жети) сом – жалпы пайдалануучу бышкычтар.
2. Александровка, Садовое, Сретенка айылдык кеңештеринин ичүүчүү сууну пайдалануу үчүн тариф бекитүү жөнүндө мурун кабыл алынган токтомдору жокко чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |

(Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)

1.1 Ичүүчү таза сууну пайдалануу төлөмүнөн 100% бошотулсун:
- Александровка айылынын көчө башчылары;
- жалгыз бой жашаган кары адамдар;
- үй-бүлөлүк соцпаспорту бар биринчи группадагы майыптар;
- үй-бүлөлүк соцпаспорту бар көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр.