Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 21-июну № 43

Ичүүчү сууну пайдалануу үчүн тариф бекитүү жөнүндө

 

(Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ №370 Жарлыгына ылайык, административдик-аймактык реформанын алкагында мурунку Александровка, Садовое, Сретенка айылдык аймактарындагы “Александровка”, “Таза көчө” муниципалдык ишканалары жоюлуп жана жаңы “Таза Булак” муниципалдык ишканасы түзүлгөндүгүнө байланыштуу,

Айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Ичүүчү сууну пайдалануу үчүн төмөндөгү тарифтер бекитилсин:

–       Александровка айылынын калкы үчүн айына бир кишиге – 45 (кырк беш) сом;

–       Крупское, Беш-Көрүк айылынын калкы үчүн айына бир кишиге – 20 (жыйырма) сом;

–       Садовое айылынын калкы үчүн айына бир кишиге – 80 (сексен) сом;

–       Сретенка, Большевик, Заря айылдарынын калкы үчүн айына бир кишиге – 22 (жыйырма эки) сом – индивидуалдык тариф, 17 (он жети) сом – жалпы пайдалануучу бышкычтар.

1.1 Ичүүчү таза сууну пайдалануу төлөмүнөн 100% бошотулсун:

-  Александровка айылынын көчө башчылары;

-  жалгыз бой жашаган кары адамдар;

-  үй-бүлөлүк соцпаспорту бар биринчи группадагы майыптар;

-  үй-бүлөлүк соцпаспорту бар көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр.

(Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 92 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Александровка, Садовое, Сретенка айылдык кеңештеринин ичүүчүү сууну пайдалануу үчүн тариф бекитүү жөнүндө мурун кабыл алынган токтомдору жокко чыгарылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.К.Саркулов