Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-ноябры ПЖ № 312 «Реджеп Тайип Эрдоганды I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ орус тилинде да барОрусча
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 1-ноябры ПЖ № 312
Реджеп Тайип Эрдоганды I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы үчүн Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Н. Жапаров |