Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-ноябры № 676
2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык жана пробациялык) системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык жана пробациялык) системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) 1-тиркемеге ылайык;
– Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – План) 2-тиркемеге ылайык;
– Мамлекеттик программанын бюджети 3-тиркемеге ылайык;
– Мамлекеттик программанын индикаторлор матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттарынын чегинде, донордук каражаттар жана мыйзамдарга каршы келбеген каржылоонун башка булактары аркылуу жүзөгө ашырылсын.
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
– Мамлекеттик программаны жана Планды аткарууга алсын;
– квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15 инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
– ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
– жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик программаны аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
– мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырга кирген маалыматтардан тышкары, аткаруу даражасы боюнча тыянактарды камтыган Мамлекеттик программаны ишке ашыруу жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жыл сайын жайгаштырып турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |