Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 3-марты ПЖ № 47
«2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 19-декабрындагы ПЖ № 380 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– «2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасы (мындан ары – Мамлекеттик максаттуу программа) ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык;
– Мамлекеттик максаттуу программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө республикалык бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Мамлекеттик максаттуу программаны ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте:
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
– Мамлекеттик максаттуу программанын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын сапаттуу, толук жана өз убагында ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын;
– жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Мамлекеттик максаттуу программаны аткаруунун натыйжалары жөнүндө, аны ишке ашыруунун даражасы тууралуу тыянактар камтылган маалымат киргизсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2023-жылдын 10-мартында № 18(3467) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| 2-тиркеме |
«2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
(КР Президентинин 2024-жылдын 19-декабрындагы ПЖ № 380 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | |
1-чакан максат. Судьялардын жана сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу | ||||||
1.1 | Судьялардын көз карандысыздыгынын процесстик кепилдиктерин камсыз кылуу
| Соттун өндүрүшүндөгү иштер боюнча процесстен тышкары кайрылуулары (оозеки/жазуу жүзүндө) үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана башка жактар үчүн жоопкерчиликти, Интернет тармагы аркылуу процесстен тышкары кайрылуулар жөнүндө маалыматты ачыктоо боюнча судьялардын милдеттерин, процесстен тышкары кайрылуулар тууралуу маалыматты ачыктоого судьяларды өбөлгөлөө жана кепилдиктерди берүүнү караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу | 2023-ж.
| ЖКга киргизилди | СК, ЖС | |
1.2 | Судьялардын коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуу
| Судьяларды мамлекеттик коргоо боюнча коопсуздук чараларын колдонуу шарттарын жана тартибин иштеп чыгуу | 2023-ж. | КМдин тиешелүү ченемдик укуктук актысы кабыл алынды | СК, ЖС, ЮМ | |
1.3 | Бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн 2,0 % үлүш өлчөмүндө этабы менен төмөнкүдөй жогорулатуу менен сот системасын жетиштүү каржылоону камсыз кылуу: 2023-жылы – 1,5 %; 2024-жылы – 1,8 %; 2025-жылы – 2,0 %; 2026-жылы – 2,0 %; кийинки жылдары бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн белгиленген 2,0 % өлчөмүндөгү үлүшүн сактоо менен | Жыл сайын республикалык бюджет жөнүндө КР мыйзамында бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн 2,0 % үлүш өлчөмүндө этабы менен төмөнкү жылдар боюнча бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жогорулатуу менен сот системасын каржылоону кароо: 2023-жылы – 1,5%; 2024-жылы – 1,8%; 2025-жылы – 2,0%; 2026-жылы – 2,0%
| 2023–2026-жж. | Бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн 2,0 % үлүш өлчөмүндө этабы менен төмөнкү жылдар боюнча бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жогорулатуу менен сот системасын жыл сайын каржылоо камсыз кылынды: 2023-жылы – 1,5%; 2024-жылы – 1,8%; 2025-жылы – 2,0%; 2026-жылы – 2,0%
| СК, КС, ЖС, ФМ | |
1.4 | СКнын ишин өркүндөтүү | СК мүчөлөрүнүн санын көбөйтүүнү, СКны КСтин субъекттерине киргизүүнү караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу.
СКнын ишин камсыз кылуу боюнча СДнын бөлүмүн оптималдаштыруу | 2023–2024-жж. | ЖКга киргизилди
Тиешелүү ведомстволук актылар кабыл алынды | СК, ЖС, КС | |
1.5 | Судьяларды жоопкерчиликке тартуу тартибин өркүндөтүү | Судьялардын тартип комиссиясынын чечимине СКга даттануу мүмкүнчүлүгү каралган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2023-ж. | ЖКга киргизилди
| СК, ЖС | |
1.6 | Судьялардын, сот органдарынын кызматкерлеринин кадрдык потенциалын чыңдоо | СЖМде окутуу процессинин сапатын контролдоону жүзөгө ашыруунун жаңыланган механизмин иштеп чыгуу
СКнын, САИКтин мүчөлөрүнүн, судьялардын, соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу программаларын 2026-жылга чейин иштеп чыгуу | 2023-ж. III кв. | Контролдоонун тиешелүү механизми иштелип чыкты
Квалификацияны жогорулатуу программалары бекитилген
| СК, ЖС, САИК, СЖМ | |
2-чакан максат. Сот системасынын натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындыгын жогорулатуу | ||||||
2.1 | Адистештирилген сотторду киргизүү, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордо судьяларды иштердин категориялары боюнча адистештирүү | Адистештирилген сотторду киргизүү (инвестициялык, ювеналдык ж.б.) жана судьяларды адистештирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу | 2024-ж. III кв.
| ЖКга киргизилди
| СК, ЖС | |
2.2 | Судьялардын жана сот системасынын кызматкерлеринин жүктөм ченемдерин өркүндөтүү
| Ар бир ишке корогон убакытты, иштин татаалдыгын, ишке катышуучу жактардын санын жана башка факторлорду эске алуу менен судьялардын жана сот системасынын кызматкерлеринин жаңы жүктөм ченемдерин иштеп чыгуу
Жаңы жүктөм ченемдерин эске алуу менен иштерди «Сот» АМС бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү механизмин киргизүү
Эксаймактык соттук таандыктуулукту этабы менен киргизүү үчүн пилоттук аймактарды жана сот өндүрүшүнүн түрлөрүн аныктоо | 2024-ж. II кв. | Судьялардын жана сот системасынын кызматкерлеринин жүктөм ченемдери бекитилди
Механизм киргизилди
Эксаймактык соттук таандыктуулукту этабы менен киргизүү башталды | СК, ЖС, ЭСММ | |
2.3 | КРде конституционализм институтун өнүктүрүү | Жыл сайын жалпы орто билим берүүчү мектептердин окуучулары, жогорку окуу жайларынын студенттери, адвокаттар, ЖКнын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес (укук коргоочу) уюмдардын өкүлдөрүнүн, Акыйкатчынын Аппаратынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында конституционализмдин жайкы мектептерин өткөрүү
Жогорку окуу жайларында конституционализм борборлорун түзүү | 2023–2026-жж. | Конституционализмдин жайкы мектептери өткөрүлдү
Борборлор түзүлдү | КС, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | |
2.4 | Соттордо иштерди натыйжалуу башкарууну (active case management) киргизүү | Тиешелүү нускаманын долбоорун иштеп чыгуу | 2023-ж. III кв. | Соттордо иштерди натыйжалуу башкаруу боюнча типтүү нускама иштелип чыкты | ЖС, СК | |
2.5 | Соттордун ишинин ачыктыгын жана айкындыгын жогорулатуу
| Жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча соттук отурумдарда милдеттүү аудио-, видеожаздыруу, соттук отурумдарды аудио-, видеожаздырууну колдонбогону үчүн судьялардын жоопкерчилиги каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу | 2023-ж. IV кв.
| ЖК киргизилген | СК, ЖС | |
2.6 | Конституциялык сот өндүрүшүндө атаандаштык институтун өнүктүрүү | Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинен төмөн эмес алардын статустарын аныктоо менен ЖКнын, ЖСтин, БПнын, ЮМдин КСте туруктуу (ыйгарым укуктуу) өкүлдөрүнүн институтун киргизүү | 2023-ж. III кв. | Тиешелүү актылар кабыл алынды | ЖК, ЖС, БП, МК | |
2.7 | КР сотторунда сот арачылар институтунун иштөөсү | Сот арачылар институтунун ишин жөнгө салуучу укуктук базаны өркүндөтүү жана иштеп чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жана талдоону жүргүзүү, 2025-жылдан тартып сот арачылар институтунун толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл болгон башка уюштуруу маселелерин чечүү үчүн эксперттик жумушчу топту түзүү | 2023-ж. II кв. | Курамында ЖС, БП, ЮМ, ФМ жана башка маморгандардын өкүлдөрү кирген эксперттик жумушчу топ түзүлдү | СК, ЖС, ЮМ | |
2.8 | Соттордун имараттарын куруу жана модернизациялоо | Иштеп жаткан соттордун 25 имаратын модернизациялоонун жана соттордун 15 жаңы имаратын куруунун кезектүүлүк планын түзүү жана бекитүү
Соттордун имараттарын модернизациялоо жана куруу боюнча долбоордук-сметалык документтер боюнча техникалык-экономикалык негиздеме жана чыгымдардын кеңири сметасын даярдоо | 2023–2026-жж. | Кезектүүлүк планы бектилди
Долбоордук-сметалык документтер даярдалды | СК, ЖС | |
2.9 | Талаш-тартыштарды чечүүнүн сотко чейинки жана соттон тышкары (альтернативалык) формаларын өнүктүрүү | Аксакалдар сотторун, медиация институттарын, бизнес-акыйкатчынын, бейтарап соттордун, административдик юстициянын иштерин өркүндөтүү боюнча талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу
Жарандык иштердин айрым категориялар боюнча соттук медиация киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу
Судьялардын жарандык иштери боюнча медиация өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2023-ж. III кв.
2024-ж. IV кв.
2025-ж. I кв. | Тыянактар жана сунуштары менен аналитикалык маалымат даярдалды
Пилоттук долбоор ишке ашырылды
ЖКга киргизилди | СК, ЖС
| |
2.10 | Биринчи жолу дайындалган судьялардын кесиптик жана адептик-этикалык сапаттарын жогорулатуу | Биринчи жолу дайындалган соттордун үстүнөн милдеттүү насаатчылык киргизүү
Насаатчылык боюнча окутуучу иш-чараларды туруктуу өткөрүү | 2023-ж. III кв. | Милдеттүү насаатчылык жөнүндө чечим кабыл алынды
Окутуу программалары кабыл алынды | СК, ЖС | |
2.11 | Сот системасынын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу | ЖСтин жана жергиликтүү соттордун коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышы боюнча коммуникациялык стратегия иштеп чыгуу
Судьялардын соттук актыларын чечмелөө практикасын киргизүү
Соттук чечимдерди жакшы түшүнүүнү камсыз кылуу максатында жаңы форматтагы сот актыларынын үлгүлөрүн иштеп чыгуу
Сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу максатында сотторду пайдалануучулардан кайра байланыш инструменттерин иштеп чыгуу
Сот бийлиги органдарынын ишин тышкы баалоо жөнүндө жобо иштеп чыгуу | 2023-ж. IV кв.
| Коммуникациялык стратегия кабыл алынды
ЖС Пленумунун токтому кабыл алынды
ЖС Пленумунун токтому кабыл алынды
ЖСтин чечими кабыл алынды
ЖСтин чечими кабыл алынды | ЖС, СК | |
3-чакан максат. Сот адилеттиги системасында санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||||
3.1 | Сот системасында маалыматтык технологияларды жана системаларды жылдырууну пландоону, мониторингди жана көмөктөшүүнү камсыз кылуу | Сот системасынын бекитилген штаттык санынын чегинде пландоо жана мониторинг боюнча түзүмдүк бөлүмдү түзүү | 2023-ж. II кв. | Тиешелүү акт кабыл алынды | ЖС, СК | |
3.2 | Сот бийлигинин бирдиктүү маалыматтык системасы үчүн инфратүзүмдөрдү модернизациялоо | Сот бийлигинин бирдиктүү маалыматтык системасы үчүн соттордо инфратүзүмдөрдү жаңылоо
Ички корпоративдик маалыматтык тарамды кеңейтүү
Сот системасынын маалыматтык системаларын бирдиктүү маалыматтык мейкиндикке бириктирүү
Типтүү соттун ченемдерин иштеп чыгуу Типтүү сотту техникалык жабдууну регламенттөө
Системалык программалык камсыздоону регламенттөө жана модернизациялоо
Тышкы системалар менен (КЖБР, ББР аппараттык бөлүгү, «Пробация», «ЖАК», «СЭК» АМС, «Коопсуз шаар» системалары менен) өз ара аракеттенүүнү уюштуруу
| 2024-ж. IV кв.
2026-ж. II кв. | Соттордун инфратүзүмдөрү даярдалган
Бирдиктүү маалыматтык система иштөөдө
Типтүү сот концепциясы жана жабдуу ченемдери иштелип чыкты жана бекитилди
ПК модернизациялоо спецификациялары даярдалды
Пайдалануудагы ПК оптималдаштырылды, ЧУБ жана пайдалануучулардын талаптарына ылайык иштелип чыкты
Маалыматтык системалар пайдалануучулардын пайда болгон суроо-талаптарына ылайык оптималдаштырылды | ЖС, ЦӨМ
| |
3.3 | Маалыматтарды иштетүү борборун кеңейтүү жана модернизациялоо | Мамлекеттик максаттуу программанын максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен МИБ өнүктүрүү планын актуалдаштыруу.
Серверлер паркын жана маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү кеңейтүү.
Лицензияларды башкаруу системаларын түзүү. Ишенимдүүлүктү арттыруу үчүн резервдик МИБ түзүү.
Электрондук колтамга үчүн күбөлөндүрүүчү борборду түзүү.
АВЖ жана алып көрсөтүү үчүн борбордук сервер түзүү (электрондук протоколдорду башкаруу жана сактоо процесстерин, ошондой эле статистиканы жыйноону жана комплекстин ишине мониторинг жүргүзүүнү борборлоштурууну ишке ашыруу)
Онлайн өз ара аракеттенүү үчүн коомдук серверди түзүү же ижаралоо | 2023-ж. IV кв.
2025-ж. III кв.
2023-ж. III кв.
2024-ж. III кв.
2024-ж. IV кв. | Өнүктүрүү планы актуалдаштырылды жана бекитилди.
Зарыл болгон жабдуулар сатып алынды жана орнотулду.
Лицензияларды башкаруу иштелип чыккан система боюнча алып барылат.
Электрондук протоколдорду башкаруу жана сактоо процесстери борборлоштурулду.
Интернет-ресурстар аркылуу жергиликтүү соттордун жыйналыштарын алып көрсөтүү жүргүзүлөт | ЖС, СӨМ
| |
3.4 | Техникалык колдоо жана эскирген жабдууларды жаңыртуу | Запастык бөлүктөрдүн оперативдүү кампасын түзүү.
Туруктуу техникалык колдоо көрсөтүү.
Пайдалануучуларга колдоо көрсөтүү борборун (call борбор) өнүктүрүү.
Сот жыйналыштарынын залдарын АВЖ программалык-аппараттык комплекс менен толуктап жабдуу | 2023–2026-жж. | Сот жыйналыштарынын залдары АВЖ программалык-аппараттык комплекси менен жабдылды жана алардын талаптагыдай иштеши камсыз кылынды | ЖС | |
3.5 | Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу | Бийлик органдарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин жана регламенттөөчү документтерди иштеп чыгуу
Чаралардын комплексин колдонууга дайыма мониторинг жүргүзүүнү жана корректировканы камсыз кылуу | 2023-ж. IV кв.
2023–2026-жж. | Сот системасынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси киргизилди | СК, ЖС, СӨМ, УКМК | |
3.6 | Маалыматтык технологияларды колдонуу менен соттордун ишинин коопсуздугун уюштуруу | Контролдоо жана жетүүнү эсепке алуу системаларын иштеп чыгуу жана киргизүү.
Ички жана тышкы байкоо системаларын уюштуруу.
Үзгүлтүксүз электр жабдууну камсыз кылуу (коопсуздук системасынын аппараттык бөлүгү)
Соттордун имараттарында сигналдаштыруу жана өрт коопсуздугу системаларын орнотуу | 2023–2026-жж. | Соттордо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлдү | ЖС | |
3.7 | «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын модернизациялоо | Электрондук сот өндүрүшүнүн бизнес-процесстерин оптималдаштыруу.
Электрондук сот өндүрүшүндө жаңы технологияларды жана ыкмаларды киргизүү.
«Сот» АМС системасынын өзөгүнүн реинжиниринги, электрондук документ жүгүртүү платформасын жана электрондук документтерди сактоо системасын модернизациялоо.
Сот өндүрүшүнө ЭСК киргизүү.
Укук коргоо органдарынын маалыматтык системалары менен интеграциялоо («Сот» АМС «КЖБР» АМС, «ББР» АМС менен).
Башка мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен интеграциялоо.
Соттун кызматкерлерин АМС менен иштөө боюнча туруктуу окутуу | 2024-ж. IV кв.
2025-ж. II кв.
2026-ж. III кв. | Жаңыланган «Сот» АМС бардык инстанциядагы сотторго киргизилген жана өнөр жайлык пайдаланууга берилген | ЖС, СК, КС, БП, ИИМ, ЮМ, СӨМ | |
3.8 | Сот актыларынын электрондук мамлекеттик реестрин модернизациялоо | Сот актыларынын электрондук мамлекеттик реестрин САМР өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү:
– «Сот» АМС сот актыларынын электрондук мамлекеттик реестри менен туура иштөөсүн камсыз кылуу;
– сот актыларынын электрондук мамлекеттик реестри менен иштөөдө техникалык колдоону уюштуруу;
– судьяларды жана соттордун аппараттарынын кызматчыларын электрондук мамлекеттик реестри менен иштөөгө окутуу | 2023–2024-жж. | «Сот» АМС сот актыларынын 100 %ы реестрдин базасына өткөрүлүп берилет. Реестрден тиешелүү категориялардын актылары автоматтык түрдө порталдын ачык бөлүгүндө жарыяланат | ЖС, СК | |
3.9 | Аралыктагы режимде сот актыларын алуу үчүн электрондук системаны өнүктүрүү | Аралыктагы режимде сот актыларын алуу үчүн сот адилеттиги порталынын функционалын (электрондук системаны) өнүктүрүү.
Сот актыларын жарыялоо механизмин өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү.
Соттордун иши, каралган иштердин саны, иштин категориялары ж.б. жөнүндө статистикалык маалыматтарды жарыялоо.
Сот өндүрүшүндө санариптик технологияларды колдонуунун тартибин караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу (тараптарга аудио-, видео жазуулардын натыйжаларын берүү, электрондук доолорду тариздөө эрежелерин ж.б.) | 2023–2025-жж. | Кызыкдар тараптар электрондук система аркылуу аралыктагы режимде сот актыларын алышат.
Сот актыларын жарыялоо механизми өркүндөтүлгөн.
Статистикалык маалыматтар сот адилеттиги порталында жарыяланат.
Иштелип чыккан мыйзамдын долбоорлору ЖКга киргизилген | СК, ЖС, СӨМ | |
3.10 | Жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча электрондук түрдө доо арыздарын, электрондук формада даттанууларды берүүнүн, документтердин көчүрмөлөрүн алуунун жана иштин материалдары менен таанышуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосун киргизүү | Соттук иштердин бардык түрлөрү боюнча доо арыздарын электрондук түрдө берүү үчүн Сот адилеттиги порталынын функционалын иштеп чыгуу.
Сервистерди иштеп чыгуу жана жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча жол-жоболорду киргизүү (сотко арыздарды, доо арыздарын, даттанууларды берүү, кабарламаларды, документтердин көчүрмөлөрүн алуу, процесстин катышуучуларынын иштин материалдары менен таанышуулары, сотко келип түшкөн бардык документтердин кирүүсүн көчүрмөлөөнү жана иштерди электрондук форматта түзүүнү уюштуруу).
Ченемдик укуктук актылардын зарыл болгон долбоорлорун иштеп чыгуу | 2023–2024-жж. | Доо арыздарын берүүнүн, электрондук форматтагы даттанууларды, документтердин көчүрмөлөрүн алуунун жана иштин материалдары менен таанышуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболору бекитилген жана киргизилген, жол-жоболор электрондук түрдө иштелип чыккан жана киргизилген | ЖС, СК, СӨМ | |
3.11 | «Виртуалдык сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү | «Виртуалдык сот» маалыматтык системасын иштеп чыгуу.
Сот бийлигинин маалыматтык системалары менен интеграциялоо.
Соттордун кызматкерлерин туруктуу окутуу.
Соттордун кызматкерлери үчүн «Жардамчы» – интерактивдүү жардам модулун иштеп чыгуу.
Соттор үчүн кошумча сервердик, компьютердик, тармактык жана коммутациялык жабдууларды сатып алуу.
Байланыштын корголгон каналдарын уюштуруу жана ишке жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу.
Ченемдик укуктук актылардын зарыл болгон долбоорлорун иштеп чыгуу | 2023–2026-жж. | «Виртуалдык сот» АМС киргизилген. Киргизүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтык системасын оптималдаштыруу жүргүзүлгөн
Тиешелүү ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты | СК, ЖС, СӨМ | |
3.12 | Электрондук санариптик колтамганы (ЭСК) колдонуу менен «Жеке кабинет» уюлдук тиркемесин түзүү | «Жеке кабинет» уюлдук тиркемесин иштеп чыгуу.
Сот системасы маселелери боюнча жарандар үчүн «Жардамчы» – интерактивдүү жардам модулун иштеп чыгуу.
Ченемдик укуктук актылардын зарыл болгон долбоорлорун иштеп чыгуу | 2023–2026-жж. | «Жеке кабинет» уюлдук тиркемеси иштелип чыккан жана жарыяланган. «Жардамчы» модулу иштелип чыкты.
Тиешелүү ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты | ЖС, СӨМ | |
3.13 | «Соттук практиканы санариптик талдоо» системасын өнүктүрүү | «Бирдиктүү отчеттуулук» АМС иштеп чыгуу.
Сот бийлигинин маалыматтык системалары менен интеграциялоо.
Пайдалануучулардын кайра байланышын сурамжылоо жана баалоо системаларын уюштуруу.
Ченемдик укуктук актылардын зарыл болгон долбоорлорун иштеп чыгуу | 2023–2026-жж. | «Бирдиктүү отчеттуулук» АМС киргизилген | ЖС | |
3.14 | Аткаруу өндүрүшү бөлүгүндө маалыматтарды киргизүүнү жана жарыялоону камсыз кылуу | Аткаруу өндүрүшү бөлүгүндө маалыматтарды киргизүүнү жана жарыялоону камсыз кылуу.
«Карызкорлордун маалыматтар базасынын» функционалын өнүктүрүү.
Өндүрүлгөн мүлк боюнча онлайн тооруктар системасын түзүү жана киргизүү.
Өндүрүлгөн мүлктөр боюнча онлайн тооруктарды өткөрүү.
Зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2024-ж. IV кв. | Аткаруу өндүрүштөрү боюнча маалыматтар жүргүзүлөт жана жарыяланат.
Онлайн тооруктар боюнча маалыматтык системасын иши камсыз кылынган | ЖС, СӨМ | |
3.15 | Мамлекеттик алымдарды жана айыптарды төлөөнүн альтернативдүү ыкмаларын түзүү | Мамлекеттик алымдарды жана айыптарды онлайн, банкоматтар жана терминалдар аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү каралган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу
Юридикалык жана жеке жактар үчүн мамлекеттик алымдарды жана айыптарды онлайн, банкоматтар жана терминалдар аркылуу төлөө үчүн шарттарды түзүү | 2024-ж. I кв.
2024-ж. IV кв. | ЖК киргизилди
Финансылык-кредиттик мекемелер жана башка юридикалык жактар менен макулдашууга жетишилди | СК, ЖС, ЮМ, ЭКМ | |
3.16 | Эки пилоттук сотто сот арачыларын уюштуруу үчүн санариптик системаларды иштеп чыгуу жана киргизүү | Сот арачыларынын маалыматтар базасын тандоо жана жүргүзүү үчүн программалык камсыздоону түзүү
Сот арачыларынын иштеши үчүн соттордун залдарын толуктап жабдуу | 2024-ж. I кв. | Программалык камсыздоо түзүлдү жана киргизилди
Жабдуу сатып алынды, орнотулду жана жөндөлдү | ЖС, СК, СӨМ | |
3.17 | СК ишине IT-технологияларды киргизүү
| Электрондук иш кагаздарды жүргүзүүнү киргизүү
HR-аспаптарын колдонуу (судьялар базасын түзүү, судьялардын өздүк көктөмөлөрүнүн архиви)
Жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу менен судьялардын кесипкөй ишин баалоо системасын киргизүү
Ишке видеоконференция байланышын киргизүү
Жарандык коомдун арасында сот системасынын иши жөнүндө онлайн сурамжылоо системасын түзүү | 2024-ж. III кв.
| Электрондук документ жүгүртүү системасы киргизилди, HR-аспаптар иштелип чыкты, судьялардын ишин кесипкөй баалоо системасы киргизилди
| СК, ЖС | |
3.18 | САИК ишине IT-технологияларды киргизүү | Электрондук иш кагаздарды жүргүзүүнү киргизүү
HR-аспаптарын колдонуу (жаш курагы, жынысы ж.б. боюнча талапкерлердин базасын түзүү)
Судьяларды тандоо боюнча, анын ичинде гендердик өкүлчүлүк жөнүндө талаптарды сактоону караган маалыматтык системаны иштеп чыгуу
Зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу
Жарандык коомдун арасында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин иши жөнүндө онлайн сурамжылоо системасын түзүү | 2024-ж. III кв | Электрондук иш кагаздарды жүргүзүү системасы киргизилди. Эркектердин жана аялдардын тең укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө мыйзамдарга ылайык судьяларды тандоо боюнча маалыматтык база иштелип чыкты
| СК, ЖС, САИК | |
3.19 | «Конституциялык сот адилеттиги» автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү жана пайдалануу | «Конституциялык сот адилеттиги» АМСти программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана киргизүү жана аны «INFODOCS» АМС менен интеграциялоо
| 2024-ж. III кв. | Маалыматтык системалар менен интеграцияланды | КС, СӨМ «Адилет сот» МТМ | |
3.20 | СД ишин автоматташтыруу | Бирдиктүү почта серверин түзүү
Электрондук инвентаризациялоо жана мүлктү башкаруу системаларын киргизүү
СД ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен «INFODOCS» АМС жеткире иштеп чыгуу
Сот системасынын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен «Е-Kyzmat» АМС жеткире иштеп чыгуу | 2024-ж. III кв.
| Бирдиктүү почта сервери түзүлдү. Мүлктү инвентаризациялоонун электрондук системасы киргизилди
| СК, ЖС, СӨМ
| |
3.21 | СЖМ ишин автоматташтырууну өнүктүрүү | Угуучуларды мониторингдөө жана баалоо, курстун мазмунун жана окутуу методдорун жакшыртуу үчүн пикир алуу бөлүгүндө онлайн окутуу порталын жеткире иштеп чыгуу | 2024-ж. II кв. | Онлайн окутуу порталы жеткире иштелип чыкты | ЖС, СК, СЖМ | |
3.22 | «Адилет сот» МТМди өнүктүрүү | «Адилет сот» МТМдин ички жана тышкы иш процесстерин өнүктүрүү, оптималдаштыруу
Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу
Техникалык жана пайдалануучулук колдоо системасын кеңейтүү (үч контурлуу – ИТ консультанттар, мобилдүү топтор, башкы офис)
Кызматкерлердин штатын көбөйтүү
«Адилет сот» МТМ кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу | 2023–2026-жж. | «Адилет сот» МТМдин ишинин ички жана тышкы өз ара аракеттенүү процесстери оптималдаштырылды
| СК, ЖС, «Адилет сот» МТМ | |
4-чакан максат. Натыйжалуу сот өндүрүшүнө жетишүү үчүн секторлор аралык өз ара аракеттенүү | ||||||
4.1 | Судьяларды, прокурорлорду, адвокаттарды, сот приставдарын, сот аткаруучуларын жана сот процессинин башка катышуучуларын биргелешип окутуу практикасын киргизүү | Судьяларды, прокуратура органдарынын кызматкерлерин, адвокаттарды, сот приставдарын, сот аткаруучуларын жана сот процессинин башка катышуучуларын окутуу үчүн окуу модулдарын иштеп чыгуу | 2023-ж. III кв. | 2026-жылга чейин биргелешип окутуу программалары бекитилди | ЖС, БП, ЮМ, СЖМ, КРА (макулдашуу боюнча) | |
4.2 | Бирдиктүү тергөө органынын түзүү жөнүндө маселени изилдөө | Мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жеке менчик юридикалык компаниялардын өкүлдөрүнүн, адвокаттардын катышуусу менен бирдиктүү тергөө органын түзүү жөнүндө маселени изилдөө боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ түзүү | 2023-ж. II кв. | Эксперттик жумушчу топ түзүлдү | ПА | |
4.3 | Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына санариптештирүүнү киргизүү | Республика боюнча «МКЮЖ» АМСтин ишин камсыз кылуу жана анын сот жана укук коргоо органдарынын маалыматтык системалары (КЖБР АМС, Сот АМС) менен өз ара аракеттенүүсү | 2023-ж. IV кв. | Республика боюнча «МКЮЖ» АМСтин иштөөсү | ЮМ, ЖС, укук коргоо органдары | |
4.4 | Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүнүн сапатынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу | Акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү процессине мамлекеттик органдарды, ЖӨБОну жана МКЮЖ системасынын башка акторлорун координациялоо жана ишке тартуу боюнча кызматтын өтмө мандатын ишке ашыруу, укуктук агартуу боюнча иш-чараларды өткөрүү ж.б. | 2023-ж. IV кв. | Калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапаты жогорулады | МЮ, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРА (макулдашуу боюнча) | |
4.5 | Соттук изилдөөлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүү чөйрөсүндө өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо | Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик кызматты өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу | 2023-ж. III кв. | Стратегияны бекитүү тууралуу чечим кабыл алынды | ЮМ, ЖС, СCМ, ИИМ, УКМК | |
4.6 | Экспертизалардын түрлөрү боюнча изилдөөлөрдүн методикаларын өркүндөтүү | Соттук-эксперттик чөйрөдө изилдөөлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүү боюнча методикаларды жаңылоо | 2024-ж. IV кв. | Изилдөөлөрдүн жана экспертизалардын жаңы алдынкы методикалары кабыл алынды | ЮМ, СCМ, ИИМ, УКМК | |
4.7 | Соттук экспертизаларды жүргүзүү мөөнөттөрүн кыскартуу, жүргүзүлүүчү экспертизалардын сапатын жогорулатуу | Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын филиалдарын ачуу жана жайгаштыруу үчүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында жер участокторун бөлүү\имараттарды куруу\имараттарды сатып алуу маселелерин чечүү
Соттук эксперттик кызматтар үчүн зарыл болгон (заманбап) жабдууларды сатып алуу
Соттук эксперттер үчүн квалификацияны жогорулатуунун туруктуу курстарын уюштуруу
Кыргыз Республикасынын сот эксперттерин чет өлкөлөрдө квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарга үзгүлтүксүз жөнөтүү жөнүндө чет өлкөлүк өнөктөштөр менен макулдашууларга жетишүү | 2023–2026-жж. | Тиешелүү чечимдер кабыл алынган жана макулдашууларга кол коюлган | МЮ, СCМ, ФМ, ИИМ, УКМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
4.8 | БП КЖБР интеграциялоо менен «Постпенитенциар-дык пробация» АМС «Пробация» блогун киргизүү | Модулду иштеп чыгуу, кемчиликтерди табуу жана толуктоолорду киргизүү үчүн жумушчу топтун тестирлөөсүн жүзөгө ашыруу | 2023-ж. IV кв. | «Постпенитенциардык пробация» блогун ишке киргизүү, аны КЖБРге интеграциялоо | ЮМ, ЖС, БП, ИИМ, СӨМ | |
4.9 | БП ББР интеграциялоо менен «Пробация» АМС укук бузуулар боюнча модулду киргизүү | Модулду иштеп чыгуу, кемчиликтерин аныктоо жана толуктоолорду киргизүү максатында жумушчу топ тарабынан тестирлөөнү жүргүзүү
| 2024-ж. II кв. | Укук бузуулар үчүн тартылган пробация кардарларын толугу менен контролдоону жүзөгө ашыруу | ЮМ, ЖС, БП ИИМ, СӨМ, ПД | |
4.10 | Сот органдарынын пробация органдары менен санариптик өз ара аракеттенүүсү | «Сот» АМС жана «Пробация» АМС интеграциялоо | 2023-ж. IV кв. | Соттук актылардын санариптик форматта өз убагында келип түшүүсү жана аткарылышы. Санариптик документ жүгүртүүгө өтүү | СД, ПД, СӨМ, «Адилет сот» МТМ | |
4.11 | Пробация органдарында электрондук-техникалык каражаттарды киргизүү | Электрондук-техникалык жабдууларды сатып алуу, орнотуу жана пробация кардарларына карата пайдалануу
Зарыл болгон ЧУА иштеп чыгуу | 2024-ж. IV кв. | Мыйзамдарга ылайык сот органдары тарабынан жүктөлгөн милдеттердин жана көзөмөл талаптарынын пробация кардарлары тарабынан так сакталышы | ЮМ, СӨМ, ПД | |
4.12 | Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардын альтернативдүү чараларын аткарууну өркүндөтүү | Пробация институтун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу | 2023-ж. IV кв. | Пробация институтун өнүктүрүү стратегиясы бекитилди | ЮМ | |
4.13 | Пробациялык көзөмөлдө турган адамдар тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана айып пулдарды төлөө боюнча жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү кылмыш-жаза мыйзамдарын өркүндөтүү | Келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана айып пулдарды төлөө боюнча конкреттүү мөөнөттөрдү караган кылмыш-жаза мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2023-ж. IV кв. | ЖК киргизилди | ЖС, ЮМ, БП | |
4.14 | Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү максатында, электрондук сот адилеттигин киргизүү | Арыздарды, өтүнмөлөрдү, даттанууларды, сунуштарды жана башка документтерди электрондук формада берүү, жеке кабинет түшүнүгүн, электрондук ишти, электрондук процесстик документти киргизүү тартибин ж. б. караган АПК, ЖПК, КПК, УК өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу (Эскертүү! УК (УБК) мамлекеттик тилдеги кагаз версиясына туура келет) | 2024-ж. II кв. | ЖК киргизилди
| ЖС, ЮМ | |
4.15 | Сот органдарынын ЖАК менен санариптик өз ара аракеттенүүсү | «Сот» АМС жана «Соттолгон жана камакка алынган адамдар» АМС интеграциялоо | 2023-ж. IV кв. | Соттук актылардын санариптик форматта өз убагында келип түшүүсү жана аткарылышы Санариптик документ жүгүртүүгө өтүү | ЖС, ЮМ, СӨМ, СД, ЖАК | |
4.16 | Кырдаалдык (мониторингдик) борборду жана «Пробация» АМС аналитикалык модулду түзүү | Зарыл жабдууларды сатып алуу жөнүндө маселелерди иштеп чыгуу, программалык камсыздоону жана аны пайдаланууга киргизүүнү иштеп чыгуу | 2025-ж. IV кв. | Республика боюнча кырдаалды толугу менен контролдоо, көзөмөлдөө, мониторинг жүргүзүү. Башкаруу чечимдерин оперативдүү кабыл алуу. Статистикалык так маалыматтарды алуу жана толук талдоо жүргүзүү | ЮМ, ЖС, БП, CӨМ | |
4.17 | Талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүүнүн ыкмасы катары медиацияны өнүктүрүү | Медиацияны талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү ыкмасы катары илгерилетүү
Медиациянын мүмкүндүктөрү жөнүндө социалдык роликтерди иштеп чыгуу жана телеканалдарда жайгаштыруу
Квартал сайын медиациянын оң мисалдарын келтирүү аркылуу Медиация институту, анын коомдогу ролу жөнүндө түшүндүрүү менен журналисттер үчүн басма сөз-сессияларын өткөрүү | 2023-2026-жж. | Калктын медиациянын мүмкүндүктөрү жөнүндө маалымдуулугу жогорулады
Медиацияга жиберилген иштердин саны көбөйдү
Судьялардын жүктөмү азайды | ЖС, ЮМ, ИИМ | |
4.18 | Региондордо медиация кызматтарын түзүү | ЖӨБ деңгээлинде медиация кызматтарын түзүү боюнча пилоттук программаны демилгелөө | 2023–2026-жж. | Региондордо медиация кызматтарына кеңири жеткиликтүүлүк камсыз кылынды | ЮМ, ЖӨБИБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), РМК (макулдашуу боюнча) | |
4.19 | Жеке сот аткаруучулар институтун киргизүү | Жеке сот аткаруучулар институтун киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2025-ж. II кв. | ЖК киргизилди | ЖС, ЮМ | |
4.20 | Жарандардын укуктарын коргоо кепилдиктерин жогорулатуу, конституциялык укуктарды камсыз кылуу
| Төмөнкүлөр каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу: 1) билип туруп күнөөсүздү кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу, билип туруп мыйзамсыз кармоо, камакка алуу же камакта кармоо, көрсөтмөлөрдү берүүгө мажбурлоо, далилдерди жана ыкчам-иликтөө материалдарын бурмалоо, коммерциялык сатып алууга же пара берүүгө, ошондой эле жалпысынан укук коргоо же атайын мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кылмышка чагым кылуусу, билип туруп жалган билдирүү, адвокаттардын жана адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин коргоо боюнча башка жактардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жооркерчиликти күчөтүүнү; 2) мындай фактылар боюнча жоопкерчиликтин жана жазанын сөзсүз болуу принцибин сактоону камсыз кылуу менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө жана тергөө практикасында иштин мыйзамсыз методдорун жана чагымчыл аракеттерди колдонуу фактыларына жол бербөөнү көзөмөлдөөнү жана контролду күчөтүүнү | 2024-ж. II кв.
| ЖК киргизилди
| ЖС, ЮМ, БП, ИИМ, УКМК | |
4.21 | Судьялардын жүктөмүн азайтуу
| Укук жөнүндө талаш-тартыш жок иштерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүп берүүнү караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу | 2025-ж. I кв. | ЖК киргизилген | ЖС, ЮМ | |
|
|
|
|
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ПА | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы |
АПК | – | Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси |
КРА | – | Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы |
ИАБ | – | иштерди автоматташтырылган бөлүштүрүү |
АМС | – | автоматташтырылган маалыматтык система |
ЖС | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
ВК | – | видеоконференциялар |
СЖМ | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби |
БП | – | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
САМР | – | Сот актыларынын мамлекеттик реестри |
ЖПК | – | Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси |
УКМК | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
МКЮЖ | – | Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам |
ЖӨБИБМА | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
ТК | – | Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы |
ПД | – | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти |
КЖБР | – | Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри |
ББР | – | Бузуулардын бирдиктүү реестри |
ЖК | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши |
КР | – | Кыргыз Республикасы |
КС | – | Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту |
МК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
УБК | – | Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси |
ЖС | – | жергиликтүү соттор |
ЭСММ | – | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ЮМ | – | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ФМ | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨМ | – | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ИИМ | – | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | – | Кыргыз Республикасынын Саламатты сактоо министрлиги |
ЧУА | – | ченемдик укуктук акт |
ЧУБ | – | ченемдик укуктук база |
ЖӨБО | – | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ПК | – | программалык камсыздоо |
РМК | – | республикалык медиаторлор коомдоштугу |
ЖТ | – | жумушчу топ |
КК | – | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңеши |
СК | – | Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңеши |
САИК | – | Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши |
СЭК | – | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат |
СД | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти |
ЖАК | – | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
ЖМК | – | жалпыга маалымдоо каражаттары |
КЖК | – | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси |
«Адилет сот» МТМ | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар боюнча мекемеси |
КПК | – | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси |
МИБ | – | маалыматтарды иштетүү борбору |