Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ – КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 13-ноябрындагы № 80-чуа
Бишкек шаары, Скрябин көчөсү 92 үй дареги боюнча
Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларды изилдөө илимий борборуна эксперименталдык объект статусун берүү жөнүндө
“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Бишкек шаары, Скрябин көчөсү 92 үй дареги боюнча “Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларды изилдөө илимий борбору” объектисин долбоорлоо жана куруу чет өлкөлүк курулуш ченемдерин, эрежелерин жана стандарттарын колдонууну эске алуу менен эксперименталдык долбоор деп эсептелсин.
2. Бишкек шаары Скрябин көчөсү 92 үй дареги боюнча “Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларды изилдөө илимий борборун” долбоорлоого жана курууга гана тиешелүү болгон Россия Федерациясынын ченемдик документтерин жана стандарттарын жетекчиликке алсын.
3. Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, аталган буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин официалдуу www.gosstroy.gov.kg сайтына 2024-жылдын 13-ноябрында жарыяланды.
Директор | Н.К. Орунтаев |