Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-ноябры № 662
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүүсүн жөнгө салуу, сүт өндүрүү жана малдын тобун көбөйтүү менен иштеген чарбакер субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жободо:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- жеңил конструкциядан турган (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын, сүттү жыйноо жана алгачкы иштетүү пункттарын, малды жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын орнотуу.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 "Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 10-пункттун 2-пунктчасынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жеңил конструкциядан турган (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын, сүттү жыйноо жана алгачкы иштетүү пункттарын, малды жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын орнотуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө тиркелген типтүү жобонун VI главасына ылайык көп жылдык мөмөлүү бак-дарактардын плантацияларын түзүү.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 86 (3640) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |