Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 687 токтомуна) |
Айыл башчысы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында айыл өкмөттөрүндө эмгек келишиминин негизинде иштеген айыл башчысынын кызмат орду айыл аймагынын административдик борборунан обочо жайгашкан айылдарда/айыл аймактарында киргизилиши мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 54, 55-беренелерине ылайык түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде айыл башчысы белгиленген мөөнөткө (5 жылдан ашпаган) жалданат.
3. Айыл башчысынын кызмат ордуна жалданган адам Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана эмгек келишиминин шарттарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бошотулат.
4. Айыл башчысына эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2-глава. Айыл башчысына квалификациялык талаптар жана критерийлер
5. Айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) 18 жаштан жаш эмес жана 70 жаштан улуу эмес Кыргыз Республикасынын жараны болсо;
2) жалпы орто билимден же баштапкы кесиптик билимден төмөн эмес билими бар;
3) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билет;
4) компьютердик техникалык каражаттарды эркин пайдалана алат;
5) кызматташууга жөндөмдүүлүк (өз ара колдоо, түшүнүү, өз ара жардам берүү), уюштуруучулук жөндөмдүүлүк (артыкчылыктарды так аныктоо, командада иштей билүү, адамдар менен натыйжалуу баарлаша билүү), сабырдуулук (толеранттуулук) сыяктуу инсандык сапаттары бар.
Эскертүү. Талапкердин ушул абзацта көрсөтүлгөн инсандык сапаттары бар экендиги айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аңгемелешүү жолу менен аныкталат.
6. Төмөнкү адамдар айыл башчысы кызмат ордун ээлей албайт:
1) жергиликтүү кеңештин депутаттары болуп саналган;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматта тургандар;
3) соттуулугу бар;
4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган.
3-глава. Айыл башчысынын милдеттери жана ыйгарым укуктары
7. Айыл башчыларына жүктөлгөн негизги милдеттер жана функциялар:
1) тиешелүү айылдын/айылдардын чегинде тазалыкты камсыз кылуу (турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу), коомдук тартипти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү коомчулук тарабынан мыйзам чегинде расмий белгиленген эрежелерди сактоону уюштуруу;
2) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
3) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөө иш-чараларын өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылууга көмөктөшүү;
4) айылда/айылдарда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилигинде ишке ашыруу үчүн өз демилгеси менен түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ишин (турак жай комплекстери, үй, көчө, кварталдык комитеттер, жамааттардын кеңештери жана комитеттери формасында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка формаларда) уюштуруу, активдештирүү жана координациялоо;
5) коомдук уюмдар менен кызматташуу.
Айыл башчысына жүктөлгөн милдеттер түзүлгөн эмгек келишиминде көрсөтүлөт.
8. Айыл башчысы айылдын/айылдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн жана жардамын талап кылган көйгөйлүү маселелери жөнүндө айыл өкмөтүнө ыкчам жана өз убагында маалымдайт, аларды чечүү жолдорун сунуштайт.
9. Айыл башчысы кызматтык этиканын жана иш учурунда жана андан тышкары жүрүм-турум этикасынын ченемдерин сактоого милдеттүү.
10. Айыл башчысы төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) тейленүүчү айылга/айылдарга тиешелүү маселелерди кароодо айылдык кеңештин сессияларына, айыл өкмөтүнүн жыйналыштарына, айылдык кеңештин комиссияларынын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга;
2) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, ишканаларда, менчигинин түрүнө, уюштуруу формасына карабастан башка юридикалык жактарда айыл өкмөтүнүн башчысынын макулдугу менен тиешелүү айылдын/айылдардын кызыкчылыктарын билдирүүгө.
4-глава. Айыл башчысынын отчеттуулугу жана жоопкерчилиги
11. Айыл башчысы өз ишинде айыл өкмөтүнө отчет берет.
Айыл башчысы жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү айылдын/айылдардын жыйындарында өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет, ал эми айылдык кеңештин тиешелүү чечими кабыл алынган учурда айылдык кеңештин сессиясында өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет.
12. Айыл башчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
13. Айыл өкмөтүнүн башчысы эмгек келишиминде жана функционалдык милдеттеринде аныкталган милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, этикалык ченемдерди сактабагандыгы, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана эмгек келишиминин шарттарынын негизинде эмгек келишиминде каралган мөөнөт аяктаганга чейин кызмат ордунан бошотууга чейинки тартиптик жаза колдонууга укуктуу.
5-глава. Айыл башчысын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
14. Айыл башчысынын ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.
Айыл башчысы жумушчу жай, коммуникациялык байланыш каражаттары (телефон, компьютер, интернет), эмерек, уюштуруу техникасы, жабдуулар, кеңсе буюмдары жана башка тиешелүү иш шарттарын түзүү үчүн каражаттар менен камсыздалат.
15. Айыл башчысынын кызматтык иш сапарга байланыштуу чыгымдарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
Айыл башчысы кызматтык иш сапарга айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде чыгат.
16. Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин жогорулатууга байланышкан кошумча чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылдын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде айылдык кеңештин чечими менен жүргүзүлөт.