Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы ПЖ № 124 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 23-августу ПЖ № 294
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:
Эргешов Алтынбек Калдарович, Карыбеков Залкарбек Арзыбекович курамдан чыгарылсын;
Байсалов Эдил Жолдубаевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы болуп; Мамбеткадыров Айдарбек Абдыраевич - Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары курамга киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |