Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 631
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын шаар куруу документтери менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын ишке ашыруунун алкагында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти Бишкек шаарын кошпогондо, мамлекеттик бюджеттен жана башка булактардан каржылануучу Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн топографиялык сүрөткө тартууну аткаруу жана шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалгыз берүүчүсү болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык же алардын ведомстволук мамлекеттик, муниципалдык мекемелери же акцияларынын же уставдык капиталындагы үлүштөрүнүн 100 пайызы мамлекетке таандык болгон ишканалар, юридикалык жактар ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырат деп белгиленсин.
3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мамлекеттик, муниципалдык мекемелери жана ишканалар ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |