Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУНУН БУЙРУГУ
2024-жылдын 19-ноябры № 1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун 1-тиркемесинин 2-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тиркелген стандарттары мамлекеттик жана расмий тилдерде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун басма-сөз кызматы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун расмий сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
3. Юридикалык башкармалык: - үч жумушчу күндүн ичинде расмий жарыяланган күндөн тартып ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн; - күчүнө кирген күндөн тартып ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Иш кагаздарын жүргүзүү жана документтик камсыздоо бөлүмү бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдарына жана түзүмдүк бөлүктөргө жеткирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Н.Р. Урустамовага жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | Б. Дж. Алиев |