ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 2530-VII «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ» токтому

Редакция14.11.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 14-ноябры № 2530-VII

“Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А. Талиева, Э.К. Абакиров, М.А. Маматалиев, Ш. Мажитова, В.К. Раимбачаева, Ч.А. Султанбекова, Д.А. Ашимова, Д.Э. Толонов, Т.А. Масабиров, Г.С. Молдобекова, А.Т. Маткеримов, Г.О. Култаева, Э.Ж. Сурабалдиева, Н.Я. Алимжанова, Ч.Т. Толонов тарабынан демилгеленген “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төраганын орун басары

Н.А. Азыгалиев