Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 26-ноябры № 82-чуа
Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 86-чуа , 2025-жылдын 6-мартындагы №90-чуа, 2025-жылдын 20-майындагы № 92-чуа, 2025-жылдын 24-июлундагы № 94-чуа буйруктарына ылайык)
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жобонун 93-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 20-пунктунун 4-пунктчасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» (мындан ары – Мамкурулуш) жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1..Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2..Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.К. Станбековго:
–.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн;
2024-жылдын 27-ноябрында https://gosstroy.gov.kg/ru/document/136/show расмий сайтында жарыяланды
–.расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат катары жиберилсин.
3..Мамкурулуш, лицензиаттар ишти жүзөгө ашырууда лицензиялык талаптарды бузган учурда Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттер тарабынан берилген бир тараптуу тартипте таанылуучу шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү лицензиялардын тизмесинен лицензиаттарды белгиленген тартипте алып салууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4..Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун биринчи орун басары С.Э. Джантелиевге жүктөлсүн.
5..Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Директор | Н.К. Орунтаев |