КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-ноябры № 179
1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал учурунда маданий баалуулуктарды коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал учурунда маданий баалуулуктарды коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын аталган Протоколго кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы директоруна депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 23-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |