МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 179 «1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал учурунда маданий баалуулуктарды коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Мыйзамы

Редакция18.11.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 18-ноябры № 179

1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал учурунда маданий баалуулуктарды коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

1-берене.

1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал учурунда маданий баалуулуктарды коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна кошулсун.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын аталган Протоколго кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы директоруна депонирлесин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 23-октябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган