Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-ноябры № 700
Виртуалдык активдер чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Санариптик майнинг үчүн аппараттык-программалык комплекстин реестрин эсепке алуу жана жүргүзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк пилоттук долбоорун ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 18-беренелерине, "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Программалык-аппараттык комплекс. "Ранекс" крипто контролу системасы" мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мамлекеттик өнөктөштү аныктасын жана "Ранекс Кейджи" жабык акционердик коомунун атынан кызыкдар тарап менен "долбоордук кум коргон" режиминде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол койсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |