Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 706 токтому менен бекитилди) |
Жергиликтүү бюджеттерге республикалык
бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү
тартиби жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартибин жана жол-жобосун аныктайт.
2. Бюджеттик ссудаларды берүү тартиби
2. Бюджеттик ссудалар жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик жылдын ичинде эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча, тамак-аш азыктарын, медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, социалдык төлөмдөргө жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча биринчи кезектеги чыгымдарды каржылоо, ошондой эле социалдык жана инфраструктуралык маселелерди чечүү менен байланышкан жергиликтүү бюджеттердин финансылык кыйынчылыктары болгон учурда берилет.
3. Бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө маселени кароо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча бюджеттик ссуданын суралган суммасын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине жөнөтүлгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча бюджеттик ссуданын суралган суммасын көрсөтүү менен бюджеттик ссуданы бөлүү жөнүндө маселени демилгелейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө маселелерди кароо үчүн зарыл болгон документтер:
1) тиешелүү мезгилде жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин аткарылышы жөнүндө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматтар;
2) тиешелүү мезгилде чыгашалардын бардык беренелери боюнча кредитордук карыз жөнүндө ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча маалыматтар;
3) тиешелүү мезгилде мурда алынган келишимдик милдеттенмелер, ошондой эле аларды төлөө мөөнөттөрү жөнүндө ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматтар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын бюджеттик ссуда берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 14 жумуш күндүн ичинде каралат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бюджеттик ссуданы бөлүү жөнүндө чечиминин долбоорун демилгелейт жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык документтердин тизмеги берилбеген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө бул кайрылууну карабай коюуга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда берүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алат.
9. Жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссуданы берүү ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык Бюджеттик ссуда жөнүндө келишимдин негизинде жүргүзүлөт, ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан кол коюлат жана нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлөт.
10. Бюджеттик ссуда жөнүндө келишим 3 нускада, ар бир тарап үчүн бирден түзүлөт жана кол коюлат.
3. Бюджеттик ссудаларды берүү мөөнөтү
жана бюджеттик ссудаларды максаттуу
пайдалануу үчүн жоопкерчилик
11. Бюджеттик ссуда жергиликтүү бюджеттерге кайтарымдуу, мөөнөттүү жана пайызсыз негизде берилет. Бюджеттик ссудалар 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
12. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттик ссуданы максаттуу пайдалануу жана келишимде белгиленген мөөнөттө аны өз учурунда кайтаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
13. Алынган бюджеттик ссуданы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары максаттуу багыты боюнча пайдаланбаган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
4. Бюджеттик ссудаларды кайтарып берүү
14. Бюджеттик ссуданы берүүнүн милдеттүү шарты, аны жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен келишимде чагылдырылган мөөнөттө тындыруу кепилдиги болуп саналат.
15. Бюджеттик ссудалар эсептен чыгарылууга тийиш эмес.
16. Эгерде республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар келишимде каралган мөөнөттө кайтарылбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн эсебинен кайтарылбаган бюджеттик ссуданын калдыгын өндүрүп алууга укуктуу.
17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик кирешелерден түшүүлөрдүн үлүшүн бюджеттик ссуданын карызынын суммасын толук тындырганга чейин республикалык бюджетке алат.
|
| Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Тийиштүү мезгилге жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин аткаруу жөнүндө МААЛЫМАТ
№ | Кирешелердин аталышы | Бекитилген киреше | Тийиштүү мезгилге такталган план | Тийиштүү мезгилге кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү | Четтөө (5-4) | Жылдын аягына чейин күтүлгөн аткарылышы | Четтөө (7-3) | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
Финансы бөлүмүнүн начальниги: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
Мамлекеттик салык кызматынын начальниги: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын начальниги: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
| Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Тийиштүү мезгилге кредитордук карыз жөнүндө МААЛЫМАТ
№ | Аталышы | Жылдын башына карата карыз | Отчеттук мезгил үчүн лимит | Иш жүзүндө эсептелгени | Иш жүзүндө төлөнгөнү | Четтөө | Отчеттук мезгилдеги карыз | |||||||
Дебет | Кредит | Миң сом | Куб.м, кВт, Гкал | Миң сом | Куб.м, кВт, Гкал | Бардыгы | Анын ичинде | Миң сом (4-6) | Куб.м, кВт, Гкал (5-7) | Дебет | Кредит | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
Финансы бөлүмүнүн начальниги: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын начальниги: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
| Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Тиешелүү мезгилге эмгек акы боюнча кредитордук карыз жөнүндө МААЛЫМАТТАР
№ | Аталышы | Жылдын башына карата карыз | Бир жылга лимит (миң сом) | Отчеттук мезгилге лимит (миң сом) | Иш жүзүндө эсептелгени | Иш жүзүндө төлөнгөнү | Четтөө | Отчеттук мезгилдеги карыз | ||||||||||
Бардыгы | Эмгек акы | Эмгек акыны жогорулатуу | Педагогикалык стаж | Эмгекке жарамсыздык баракчалары | Бардыгы | Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджет | (5-4) | (10-4) | |||||||||
Эмгек акы | Эмгек акыны жогорулатуу | Педагогикалык стаж | Эмгекке жарамсыздык баракчалары | |||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
Финансы бөлүмүнүн начальниги: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын начальниги: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
| Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Мурда алынган келишимдик милдеттенмелер жөнүндө МААЛЫМАТТАР
№ | Кредиттердин аталышы | Алынган кредиттер | Өтүнмө берилген датага карата тындырылган | Тындырылбаган сумма |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
Финансы бөлүмүнүн начальниги: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
|
|
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын начальниги: |
| ______________________________________________ (аты-жөнү, колу) |
|
| Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
№ _________ бюджеттик ссуда жөнүндө КЕЛИШИМ
Бишкек шаары |
| 20___-жылдын "___" ___________ |
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын финансы министри _____________________________________, мындан ары Ссуда берүүчү деп аталуучу бир тараптан жана
_______________________________________________________________________________________ (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы)
атынан ________________________________________________________________________________ (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын аты-жөнү)
мындан ары Ссуда алуучу деп аталуучу экинчи тараптан төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1. Ссуда берүүчү Ссуда алуучуга ________________________________________________
(суммасы жазуу жүзүндө)
______________________________________ сом суммасында бюджеттик ссуданы берет.
2. Ссуда каражаттары төмөнкүдөй максаттарга гана пайдаланылууга тийиш:
Максаты | Сумма (сом) |
______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________ (Мисалы: эмгек акы боюнча карызды тындырууга жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүгө ж.б.) |
|
2. Келишимдин шарттары
3. Ссуда максаттуу пайдалануу жана кайтарып берүү шартында берилет.
4. Ссуда берүүчү Ссуда алуучудан кепилдик берүүчүнү, ссуданы камсыздоо кепилдигин жана ушул Келишимдин талаптарын талаптагыдай аткарууну талап кылууга укуктуу.
5. Ссуда келишими боюнча акча каражаттары бөлүп-бөлүп жана/же бир жолу берилиши мүмкүн.
6. Ссуда аны алгандан кийин үч жыл өткөндөн кийин тындыруу графигине ылайык талашсыз тартипте жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толугу менен тындырылат.
7. Ссуда алуучу тарабынан карыздын калган бөлүгү бир жолу жана/же мөөнөтүнөн мурда төлөнүшү мүмкүн.
8. Ссуда келишими карыз толук тындырылганга чейин колдонулат.
3. Ссуда алуучунун милдеттери
9. Ссуда алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) алынган ссуданы ушул Келишимдин 2-пунктуна ылайык максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууга;
2) Ссуда берүүчүнүн талабы боюнча өзүнүн төлөө жөндөмдүүлүгү жана алынган ссуда каражаттарын максаттуу пайдалануу жөнүндө ишенимдүү маалымат берүүгө;
3) ссуданы ушул Келишимдин 6-пунктунда каралган мөөнөттө өз убагында кайтарып берүүнү камсыз кылууга;
4) Ссуда берүүчүнүн талабы боюнча кандай гана болбосун финансылык маалыматты берүүгө.
4. Ссуда берүүчүнүн милдеттери
10. Ссуда берүүчү ушул Келишимдин шартында Ссуда алуучуга
_______________________________________________________________________ сом
(суммасы жазуу жүзүндө)
суммасында ссуда берүүгө милдеттенет.
11. Ссуда берүүчү карыздын төлөнгөн бөлүгүнүн суммасына карызды өз убагында азайтууга милдеттенет.
5. Ссуда берүүчүнүн укуктары
12. Ссуда берүүчү төмөнкү учурларда ссуда берүүнү токтотууга укуктуу:
1) Ссуда алуучунун камсызданбаган карызы пайда болгондо;
2) белгиленген тартипте Ссуда алуучу төлөөгө жөндөмсүз деп жарыяланганда;
3) ссуда максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаганда;
4) Ссуда алуучу кредитти тариздөөдө анын максаттуу багыты жөнүндө анык эмес маалыматтарды бергенде;
5) бөлүп берилүүчү ссуда боюнча карызды тындыруу графигинин шарттары бузулганда. Ссуданын калган бөлүгү ссуданын мурунку бөлүгү боюнча карыз жоюлганга чейин берилбейт.
13. Ссуда берүүчү Келишимдин шарттарын Ссуда алуучу талаптагыдай эмес аткарган учурда, төмөнкүдөй чараларды көрүүгө укуктуу:
1) ссуда боюнча карызды токтоосуз тындыруу максатында бюджеттик ссуданын мөөнөтүн азайтууга;
2) төлөнбөгөн бөлүгүн талашсыз тартипте Ссуда алуучунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебинде турган каражаттарынан чегерүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык жарандык-укуктук чараларды көрүүгө.
14. Кредит берүү мезгилинин ичинде Ссуда берүүчү Ссуда алуучунун финансылык абалын, ссуданын максаттуу пайдаланылышын, анын камсыздалышын текшерүүгө укуктуу.
6. Тараптардын кайчы пикирлери жана талаш-тартыштары
15. Ушул Келишим боюнча бардык талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер алдын ала сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралат.
16. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө таризделүүгө жана тараптар тарабынан кол коюлууга тийиш.
7. Башка шарттар
17. Ушул Келишимге тиешелүү бардык кабарламалар, арыздар, маалыматтар жазуу жүзүндө же электрондук формада аткарылат жана жеке тапшырылса, жеткирилиши ырасталып телефакс же заказдык почта менен жиберилсе, алынды деп эсептелет.
18. Ушул Келишим үч нускада, тараптардын ар бирине бирден түзүлдү.
8. Тараптардын реквизиттери:
Ссуда берүүчү: | Ссуда алуучу: |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 20___-жылдын "___" ____________ | ______________________________________ ______________________________________ ______________________________________ ______________________________________ 20___-жылдын "___" ____________ |
М.О. | М.О. |
______________________________________ (колу) | ______________________________________ (колу) |