Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2020-жылдын 24-декабрындагы № 157/XXII-27
Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Кант шаарынын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон жана ошондой эле жергиликтүү коомчулук алдындагы сиңирген эмгеги үчүн жарандарды сыйлоо максатында
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо маселелерин киргизүүдө ушул токтомго таянсын.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө Кант шаарынын вице-мэрине (Мусаева У.М.) жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасы |
| А.К. Шайлдабеков |